100 МИҢ СОМ, АЙФОН 15 ЖАНА ДУБАЙГА САЯКАТ. ТАЛАСТА “АЛТЫН ТАМГА” АТТЕСТАТЫН АЛГАН ОКУУЧУ

  Рет қаралды 84,195

4-КАНАЛ ТАЛАС

4-КАНАЛ ТАЛАС

24 күн бұрын

Бүгүн 25-майда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты жогорку деңгээлде өттү.
-“Алтын тамга” кызыл аттестатына ээ болгон 11-класстын бүтүрүүчүсү Адинай Хаписовага айыл өкмөтү тарабынан “Айфон 15” белекке берилди.
-Мыкты окуучуну тарбиялап өстүргөнү үчүн ата-энесине 100 миң сом акчалай берилди.
-Окуучунун класс жетекчисине жана мектеп директоруна Дубайга саякаттоо үчүн сертификат тапшырылды.
-Жалпы мектеп жамаатына “Мерседес спринтер” маркасындагы кичи бус бериле турган болду.
Мунун баары айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси аркылуу ишке ашып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жумшалды.
Ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясынан да “Алтын тамга” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүгө жаңы үлгүдөгү ноутбук жана төш белги , ал эми мектеп директоруна кайышка түшүрүлгөн Ч.Айматовдун портрети тапшырылды.
Акыркы коңгуроо салтанатына Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери, Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев катышып, мугалимдер менен окуучуларды куттуктап, мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалашты.

Пікірлер: 324
@user-yq6ff3ih3o
@user-yq6ff3ih3o 22 күн бұрын
Тарыхта биринчи жолу мугалимди сыйлаганды көрүп жатабыз алга Талас эли дайым алдыдада
@user-im6iv1tz3n
@user-im6iv1tz3n 19 күн бұрын
Эн туура айтасыз!!!
@user-wq2fx6lt9i
@user-wq2fx6lt9i 18 күн бұрын
Мугалимди сыйлаган мыкты адамдар бар экен
@user-dh9wz8fy9n
@user-dh9wz8fy9n 22 күн бұрын
Мына, иштейт деген ушул да. Айыл өкмөтунун каражатынан мектеп директоруна, класс жетекчиге, ата энесине кутулбөгон белектерди бергени окуя болду. Айыл өкмөтунун башчысына жана бирге иштеген кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиремин. Бар болгула, Шумкар Уя нын шумкарлары. Азаматсынар!
@user-pm6yn6sx7b
@user-pm6yn6sx7b 22 күн бұрын
Жуксун,жуксун бизге да, биздин чонойуп келе жаткан оспурум уул кыздарыбыз да ушундай илим билимдуу болуп,дунуйону дунгуротсун,бул кызыбыз омурлуу бактылуу болсун...❤
@user-kx6yf4ej7v
@user-kx6yf4ej7v 22 күн бұрын
Ата Эненин Элге кылган эң чоң кызматы, татыктуу бала тарбиялап өстүрүү..
@user-zu2uu7fj2k
@user-zu2uu7fj2k 22 күн бұрын
Адинай акылмандыгын куттуу болсун Келечгин Кен Кыргызстанда сендай Эн мыкты окуучулар коп болсун,Ата Энесине Чон Рахмат ❤❤ АК жол сага
@user-bk6jf8fd9q
@user-bk6jf8fd9q 22 күн бұрын
Кандай намыстуу айыл окмот,директор,мугалимдер,окуучулар,👍👍👍ынтымак ыйман болгон жерде ырыскы болот,❤❤👍👍👍👏👏👏бизге да жуксун,мотивация болот🤲🤲🤲
@user-qj6jb6jn1y
@user-qj6jb6jn1y 22 күн бұрын
Алтын кыз келечегиң кең болуп,алдыга койгон максаттарына жет.Ата энени кубандырган бала жашоодо бактылуу болот буйруса!!
@user-zt7bz5ru3v
@user-zt7bz5ru3v 22 күн бұрын
Айыл окмоту кучтуу экен ,азаматтар !! Мугалимдерге дем куч бергени кандай кубанычтар .❤❤
@user-gf9ix9pt4f
@user-gf9ix9pt4f 22 күн бұрын
Талас эли Ишине созу жарашкан эл сыймыктанат ❤❤❤❤❤
@user-ge1jl6ce4h
@user-ge1jl6ce4h 22 күн бұрын
Опкосу жоктор
@user-nf3sh3th6b
@user-nf3sh3th6b 19 күн бұрын
Көрө албагандар жазганго , андан коро кыздын келечеги кең болсун, Кыргыз эли биздин кыз деп сыймыктанган кыздардан болсун деп тилек жазгыла .
@user-nf3sh3th6b
@user-nf3sh3th6b 19 күн бұрын
Өзүңдүн өпкөң жок экен !
@aigulbarpieva5958
@aigulbarpieva5958 19 күн бұрын
​@@user-ge1jl6ce4hИчи таар экенсиң жакшы соз жаза албасаң жазбай эле кой да
@user-bz4ld2wv6q
@user-bz4ld2wv6q 14 күн бұрын
​@@user-ge1jl6ce4h Туз жалай салчы
@ttti-fk1bk
@ttti-fk1bk 22 күн бұрын
Ошол кызды мындан ары окуусун улантып тилегине жетсин❤
@user-he7gh5zm6j
@user-he7gh5zm6j 22 күн бұрын
АЗАМАТСЫҢАР ТАЛАСТЫК ТУУГАНДАР ! СИЛЕР БИШКЕК МЭРИЯСЫНА , БИШКЕК РАЙ АКИМДЕРГЕ ҮЛГҮ БОЛДУҢАР . АЛАРДЫН " АЛТЫН ТАМГА " БОЮНЧА ТҮШҮНҮГҮ ДА ЖОК .
@user-mx7mq8cy4t
@user-mx7mq8cy4t 22 күн бұрын
Менин кызым да ушул кыздай акылстуу болсуун амииин азаматсын Адинай окууна ийгилик 💋💋💋💋👍👍
@user-ge1jl6ce4h
@user-ge1jl6ce4h 22 күн бұрын
Амиинь эмес карагыла оомийин дегилечи кыргызсынбы
@user-gf9ix9pt4f
@user-gf9ix9pt4f 22 күн бұрын
Кандай соонун корунуш козунон жаш келет экен Кыргыз Мамлекеттине чон малым Президент берсин деп куттпой айыл окмоттунун кучтуу экени билинип турат азаматтар сиздерден башка мектептер улгуу алыш керек
@user-ku5ut1sb5p
@user-ku5ut1sb5p 22 күн бұрын
Президентин ушактарга жооп бергенден бошобойт.
@user-js1os8mf1p
@user-js1os8mf1p 22 күн бұрын
Бул эң бай айыл өкмөт,себеби жанында алтын кени бар.Баардык мугалимдерди Дубайга жибергенге каражаттары жетет.Кызыбызга ден соолук,өз каалаган окуусуна өтүп ,жакшы кесиптин ээси болсун!!! Жалпы эле бүтүрүп жаткан окуучуларга ийгилик 🎉
@KimChin-re7rg
@KimChin-re7rg 19 күн бұрын
Рахмат сизге жакшы соз жазганынызга бул менин кызым
@user-cz6pu2cz7n
@user-cz6pu2cz7n 22 күн бұрын
Мына кандай сонун мугалимдер ,кызым келечегин кен болсун.
@user-wg5ot6pd1z
@user-wg5ot6pd1z 22 күн бұрын
Жуксун жуксун бизге да
@KimChin-re7rg
@KimChin-re7rg 22 күн бұрын
Алтын кызым Адинай Ак 1:03 жол сага ушул кыргыз элимдин сага жазган каалоо тилектери кабыл болсун, батасы тийсин канча деген каалоо тилектер кудайым кабыл кылсын баарыныздарга таазим этем айтканыныздар келсин!!!
@user-yb5vo9uy1t
@user-yb5vo9uy1t 22 күн бұрын
Мындай айыл окумотту мамилекеттик денгелге которую керек Азамат ушундай тарых жараткан инсандарыбыз коп болсун канчалаган скуучуларгс адамдар кубаныч куч кубат улгу адамдын Жан дуйносуно ийигилик келечекке дангыр жол ачат ошол айыл окумотту жамаатяна бекем Ден соолук
@user-zs5db9gv6o
@user-zs5db9gv6o 22 күн бұрын
Менин кыздарым,уулдарыма да жуксун.🤲🤲
@user-hp5rf6je7m
@user-hp5rf6je7m 22 күн бұрын
Сыйлык ээлерин куттуктаймын 👍👍👍👏👏👏🌹💐🌷🌹💐🌷🌹💐🌷Кунду караныздар кандай соонун болуп жаркырап турат
@user-vp7wl7yw8v
@user-vp7wl7yw8v 22 күн бұрын
Молодцы ушундай жакшы окугандарга жакшы белек ❤
@user-gf9ix9pt4f
@user-gf9ix9pt4f 22 күн бұрын
Молодец айыл окмотуу кучтуу Директор Азамат Мугалимдер ынтымактуу окуучулардын форматы эдиний Мугалимдер да соонун Ата энелер не таазим соонун
@user-tr4vg8ye3m
@user-tr4vg8ye3m 22 күн бұрын
Ак жол бутууручу ийгилик болсун жашоондо
@user-kg8ci3gd6n
@user-kg8ci3gd6n 22 күн бұрын
Кыргызстан боюнча бир эле ушул мектеп окуучусу алтын тамга менен бүткөн окшойт аа 🤔, эң жогорку деңгээлде өтуптур. Баарынардын окуунарга, ишиңерге ийгилик каалайм. 😊
@user-st4dx7xc3h
@user-st4dx7xc3h 22 күн бұрын
Предметтик мугалимдерине да чон рахмат!
@user-fu3jg7zw7z
@user-fu3jg7zw7z 20 күн бұрын
Жалалабад областы боюнча Каракуль шаарында бир окуучу алтын тамганын ээси болду, бирок Мэрдин башына жетпептир да ушунда сыйлык беруу
@user-kg8ci3gd6n
@user-kg8ci3gd6n 20 күн бұрын
@@user-fu3jg7zw7z ошода, жакшынакай кылып сыйлап койсо болмок. 😊
@dianakarimova1075
@dianakarimova1075 12 күн бұрын
Баткен областында 5 окуучу алыптыр алтын тамга Адинай алтын тамган кут болсун Аллахым береклуу омур д соолук эки дуйно бактылуулугун насип этсин азаматсынар
@user-up4ps7gv4u
@user-up4ps7gv4u 22 күн бұрын
"Алтын тамга" артыкчылык аттестатына класс жетекчи, директор даярдабайт да, математика, кыргыз тили, тарых, химия предметтеринен экзамен берет, ошол предметтик мугалимдерди сыйлаш керек болчу, эң алды. Ошол 100 миңди бөлсө болмок.
@user-nf3sh3th6b
@user-nf3sh3th6b 19 күн бұрын
Туура айтасыз андай сыйлыктар ГОРОНО дон сыйланат болуш керек
@user-sz9wb8jz9m
@user-sz9wb8jz9m 14 күн бұрын
Сыйланып бутту,жон койгула.
@user-zs5db9gv6o
@user-zs5db9gv6o 22 күн бұрын
Жуксун,жуксун.Менин кызым келерки жылы ушундай ийгиликке жетишсин🤲🤲🤲
@user-yu5ci6ll8i
@user-yu5ci6ll8i 22 күн бұрын
Эңсонун үлгүлүү айыл өкүмөт болуптур 👍👍👍⚜️🇰🇬
@user-zl1mt3cm2g
@user-zl1mt3cm2g 21 күн бұрын
Ааиий мынча күтүлбөгөн жаңылык Айыл Өкмөтүнө чооң рахмат!Үлгүлүү болдуңар бардык Кыргызстандыктарга 🙏
@user-tn2vv1bb8r
@user-tn2vv1bb8r 22 күн бұрын
Рахмат Талас элине кандай кана ынтымактуу айыл окмотторунон баштап бардык жагынан карап иштешип чыгыптыр сонун коз тийбесин🎉🎉🎉
@user-js4ff6fr8z
@user-js4ff6fr8z 22 күн бұрын
Менин уул кыздарым да ушул кыздай жакшы окусун жакшы ийгиликтерге жетишсин Аллахым жеткирсин ошол кундорго!
@user-zg2gr9hi3z
@user-zg2gr9hi3z 22 күн бұрын
Кыргызстанды ушундай жакшы кабарлар коштосун
@user-kr3lc8tt9e
@user-kr3lc8tt9e 22 күн бұрын
Кок-Арык орто мектеби эн эски мектептерден ак жолтой мектеп нечендеген мыктылар чыккан Куттуу болсун
@user-gl4fm9jm5i
@user-gl4fm9jm5i 21 күн бұрын
Биртнчи а тамгасын таныткан мугалимин да эске алыш керек эле. Негизи бала башталгыч класстан жакшы билим алса жогорку класста да жакшы окусуна себеп болот.
@user-ge4ee4rj9e
@user-ge4ee4rj9e 22 күн бұрын
Сыйлыгынар кут болсун!!! Кандай сыймык.Келечегин кен болсун жана АК ЖОЛ.Окуучулардын билимин баалагвн,мугалимдердин эмгегин баалаган айыл окмотуно таазим.Башка айыл окмотторуно улгу болдунар.Эч бир айыл окмотундо мындай иш чаралар болгон эмес.Силердин да ишинерге ийгилик каалайбыз.Колдуктордун атынан ыраазычылык.
@user-he7gh5zm6j
@user-he7gh5zm6j 22 күн бұрын
МОЛОДЦЫ ТАЛАСТЫК ТУУГАНДАР ! БИШКЕКТИН ОКТЯБРЬ РАЙ АКИМДЕРИ ДАЖЕ ТҮШҮНБӨЙТ ЧТО ТАКОЙ " АЛТЫН ТАМГА " ?
@user-ci7vi8nu9e
@user-ci7vi8nu9e 21 күн бұрын
Суйунучтуу жанылыктар болуптур Таластык туугандарга таазим бар болушсун Азаматсыздар 🎉🎉🎉🎉🎉🎉Алгааа
@user-cz1zj7ih5q
@user-cz1zj7ih5q 17 күн бұрын
Кандай соонун коз ирмемдер биздин балдарыбызга да окуучуларыбызга да насип этсин
@user-sv2ng5vz2s
@user-sv2ng5vz2s 22 күн бұрын
Мына сонун иш кылыптыр . Айыл окмот ишине ийгилик .
@user-od4tt9kz3b
@user-od4tt9kz3b 21 күн бұрын
Таластыктар азаматсынар 👍, Каракулжадан салам ✋. Козумдон жаш чыгып кетти кызым азаматсын, келечегин кен болсун.
@user-cw4nh8jf4u
@user-cw4nh8jf4u 22 күн бұрын
Азаматсын ийгилик 👍
@user-gp3vw9tj9x
@user-gp3vw9tj9x 22 күн бұрын
Аябай зор мотивация болуптур,жана кийинки муун учун чоон улгу!Азаматсынар!Кыргызстандын баардык айыл окмоттору ушундай иштешсе Кыргызстан онугуп кетебиз Аллахым буюрса 🙏
@user-tt6ec6sk3u
@user-tt6ec6sk3u 17 күн бұрын
Кандай соонун жанылыктар .Тамга таанытып, турмуштун дангыр жолуна даярдаган 11жыл окутуп ааламга козун ачкан мугалимдерге таазим. Ийгиликтин артынан ийгиликтер жарала берсин.
@Kenje-pt8nq
@Kenje-pt8nq 14 күн бұрын
Алтын кыз. Алтын тамган кут болсун. Алган билимин озуно жугуштуу болуп, узурун кор. Каалаган окууна отуп эн мыкты кесиптин ээси бол.❤ Буйурса менин кызым да Алтын тамгага ээ болсун.
@chngyzaskarov2768
@chngyzaskarov2768 22 күн бұрын
Адинайга ийгилик Ата энесине рахмат ушундай инсандар кооп болсун коомдо куттуктайм
@user-ih1zo9wx3n
@user-ih1zo9wx3n 4 күн бұрын
Молодец ар бир мектепте ушундай подаркалар берилип турса жакшы окуган окуучулар кобоймок🎉
@user-he1pf2wb7r
@user-he1pf2wb7r 22 күн бұрын
Жуксун УлГУ алсын башка мектептер менин неберелериме да жуксун ИН ШАА. АЛЛАХ
@Marlen41Marlen41
@Marlen41Marlen41 20 күн бұрын
Баарыныздардын калоо тилектериниздер кабыл болсун!!! Менин апчем бактылуу болсун, мынданда чон жетишкендиктерге жетишсин,жакшы ой тилектериниздердин батаныздардын баары кабыл болсун. Рахмат баарыныздарга жакшы создорду жаздыныздар.
@belekbeiwenbekov7424
@belekbeiwenbekov7424 22 күн бұрын
Нарындан салам молодец адинай ак жол каалайм
@HebdFj
@HebdFj 21 күн бұрын
Талас элинен жакшы, билимдуу адамдар коп чыгыт. Алга Талас эли. Адинай,сага ден соолук,жолун шыдыр болсун. Фундамент башталгыч классында окуткан эжекесине ырахмат Эн жакшы сыйлык башталгыч классында окуткан мугалимине берилиш керек.
@user-xz3yp8cn4m
@user-xz3yp8cn4m 20 күн бұрын
Жарайсындар Таластык туугандар Айыл окмоту Кызынардын Алтын тамгасы кут болсун Жолу байсалдуу болсун Ата энеси мн бактылуу болсун ❤🎉🎉🎉🌹🌹🌹💐💐💐🥀🥀🥀🌷🌷🌷🤲🤲🤲
@user-er9so9qn3u
@user-er9so9qn3u 21 күн бұрын
Мына жооп жонокой мектептен ушундай билимдуу илимдуу келечеги корунгон жаштар чыгат... мындай чоон белек мектепти биринчи жолу коруп турам молодец.... ар дайым ушундай сыйлыктарды бере бериниздер осуп онуп келе жаткан жаштарды билимге кызыктырып🎉🎉🎉🎉
@user-cs3ku8vl5e
@user-cs3ku8vl5e 14 күн бұрын
Молодцы 🎉Айыл окмоту Бакыт мырзага да кызга да Ата энесине да мугалимге да Рахмат.
@user-st4dx7xc3h
@user-st4dx7xc3h 22 күн бұрын
Айыл окмоттун жетекчилери жакшы иштегендиги корунуп турат.
@user-ju4rs2zf1l
@user-ju4rs2zf1l 19 күн бұрын
Биринчи А тамгасын окуткан эжейлерибизге чоон Рахмат
@user-ex8vp5vl8f
@user-ex8vp5vl8f 19 күн бұрын
Кандай сонун укмуш саамалык.улгу болдунар азамат таластыктар!!!!
@user-vb5pi7fq6c
@user-vb5pi7fq6c 22 күн бұрын
Азаматтар окуучулар окууларынарга албан албан ийгиликтерди каалайм, сыйлыктарынар кут болсун. Менин дагы балдарыма жуксун ушундай билимдеринер.
@user-xd1nc7pz9n
@user-xd1nc7pz9n 20 күн бұрын
Мынча сонун жанылык. Мындай жанылыктарды баарына таркатыш керек. Окуучуларга чооон мотивация болот.
@JenishMamytov
@JenishMamytov 21 күн бұрын
Ассаламу Алейкум Ноокаттан Таластын элине
@user-uo2wh3re2j
@user-uo2wh3re2j 21 күн бұрын
Талас жергебизге,таазим,тарыхта кала турган иш болуптур,азаматсынаар,алга ,башкаларга да улгу баштап
@user-uo2wh3re2j
@user-uo2wh3re2j 21 күн бұрын
Москвадан коруп кубанычта болдум
@kaparkdhfhdhrheurhd9397
@kaparkdhfhdhrheurhd9397 22 күн бұрын
Бактылуу бол кызым омурун билимин узун болсун кучагында келечектеги баатыр аялзаты бол кызым Ноокат р/н депутат апа❤
@user-xr7zj7sm6y
@user-xr7zj7sm6y 22 күн бұрын
айыл башчынар мыкты экен ушунун баарын ойлонуштуруп ото жакшы сабак болчу иш чара кылыптыр👆🏻👏🏻👏🏻Адинай карындашым азаматсын👏🏻менинда кызым сендей акылдуу болсун оомиин🤲🏻
@user-yu4yh1ys7f
@user-yu4yh1ys7f 22 күн бұрын
Ушундай жакшы кабарлар коп Болсун 🤲
@TheKg2014
@TheKg2014 19 күн бұрын
Окуучуларга Мотивация болот жаштарга улгу болдунуздар!!! Азаматсыздар Мырзалар
@user-jn6dn3bo8p
@user-jn6dn3bo8p 22 күн бұрын
Ото жакшы саамалык ушундай белектерди уюштурса окуучулар га стимул болот
@user-nk2ik9lz6o
@user-nk2ik9lz6o 20 күн бұрын
Бут жаштарга,жаштарга тарбия берген ата-энелерге,мугалимдерге отто чоон АЛТЫН улгу болду,азаматсынар.❤❤❤❤
@Kana03095
@Kana03095 22 күн бұрын
Азаматсын Адинай. Келечегин кен болсун. Окууга ийгилик каалаймын. Бактылуу бол❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤ Белектерин кут болсун🎉🎉🎉🎉
@user-qb2be2lh2l
@user-qb2be2lh2l 2 күн бұрын
Адинайдын окуусуна ийгилик, мугалимине, ата- энесине ушундай кызды тарбиялап, окутканына чон рахмат, уюштуруу тобуна терен ыраазычылык .
@kykksm
@kykksm 21 күн бұрын
Эн сонун жанылык.Адинай азамат сөз жок.Бирок МУНУН баары бир учурла Жер үй кенинин иштешине каршы болуп жүргөн жүздөгөн миндеген ,адашкан адамдар эстеп коюшсун.Алтын кен иштешине сергек акылдуу адамдар,патриотттор,адилет журналисттер көп колдоо көрсөткөн.Азыр Шумкам уя айыл аймагынын өнүктүрүү фондусунда жарым миллиарддан ашык каражат бар.
@nuriza6085
@nuriza6085 5 күн бұрын
Кандай сонун АКЫЛДУУ КЫЗ ЭКЕН. АТА ЭНЕСИНЕ ТААЗИМ.ДУЙНОНУ КЫДЫРГАН КЫЗ БОЛСУН. ОМУРУ УЗУН БОЛСУН❤
@user-zt7bz5ru3v
@user-zt7bz5ru3v 22 күн бұрын
Эржандын ишине ийгилик ,мыкты директорусун
@gulmirabaatyrbekova6978
@gulmirabaatyrbekova6978 22 күн бұрын
Бактылуу болсун Адинай ак жол Нарындан салам
@elnurabakytbek9779
@elnurabakytbek9779 15 күн бұрын
Менин да кыздарым балам дал уйндай алтын тамга алышсын Амин
@user-ye7fb4qe7c
@user-ye7fb4qe7c 22 күн бұрын
Эржан агай азаматсыз, баардыгы сиздин эмгегиниз!
@guli.06.03g
@guli.06.03g 15 күн бұрын
Азамат кыз биздин балдарыбызга да насип кылсын Алтын таажы Ата энесин суйунтуптур азамат кыз
@user-ce7vw5sl7f
@user-ce7vw5sl7f 18 күн бұрын
Азаматсынар ,жеп жутуп жатв бербей ущинтип иштоо керек жергиликтуу бийлик.Биздин келечегибиз -балдарыбыз .Ушинтип стимул,мотивация берип турса ,коргон окуучулар да аракет кылышат билимдуу болгону .
@mehrinisamadumarova3048
@mehrinisamadumarova3048 22 күн бұрын
Баары сонун. Негизи окуучуну даярдаган предмет мугалимдери да. Аларга отличник бергиле
@user-yo7gb5ml3o
@user-yo7gb5ml3o 20 күн бұрын
Майрамынар менен жаштар Окуунду дагын улантып Кыргызымдын сыймыктуу кызы бол😘😘❤
@user-qu2pc6xm9e
@user-qu2pc6xm9e 22 күн бұрын
Аллах Таала раазы болсун баарыныздардан мугалимдер өтө соонун формасы окшош окуучулар баарыңарга ийгилик каалайм
@toroevakamila3791
@toroevakamila3791 19 күн бұрын
Окуучу деген ушундай болсун Азамат кыз экен Омурлуу бол. Дагы дагы ийгиликтер коштосун . Алтын тамгага ээ болгон
@user-gh5rh1tp5l
@user-gh5rh1tp5l 16 күн бұрын
Таластыктар, азаматсыңар, дайыма жакшы иштин башында турасың ар, мактанчаак дегенге кошулбайм, мына сөзүңөр менен ишиңер дал келген потриоттор, Адинай сага ден соолук, ыйман, Бакыт жана чексиз-чексиз ийгилик!
@user-tc3mr2wx2r
@user-tc3mr2wx2r 22 күн бұрын
Татыктуу мугалим.билимдуу окуучу.
@A-sx9ff
@A-sx9ff 22 күн бұрын
Акылдуу кыз екенсин бактылуу бол ❤
@hellostudent5242
@hellostudent5242 19 күн бұрын
Айыл окмотко чоон рахмат Алла таала колдоп иштерине ыйманына береке берсин Кыргызстан дын тарыхында биринчи жолу аябай жанылык
@user-bw5fc2vp7m
@user-bw5fc2vp7m 19 күн бұрын
Маша Аллах балдарга жакшы тарбия берген ата энелерге мыкты билим берген агай эжейлерге чоон рахмат. Кыргызымдын билимдуу илимдуу жаштары кобойсун
@salomonsalomonovich1990
@salomonsalomonovich1990 22 күн бұрын
Молодцы ушинтип илимге кызытыш керек, билимибиз кучтуу болсо мамлекет кучтуу болот,Баткенден салам.
@user-vp7wl7yw8v
@user-vp7wl7yw8v 22 күн бұрын
Баардык бутуруучулого ак жол!ийгилик болсун!
@gulmirabaatyrbekova6978
@gulmirabaatyrbekova6978 22 күн бұрын
🤲🤲🤲
@UmutShobolotova
@UmutShobolotova 19 күн бұрын
Менин неберелерим да Кудай буюруса Экоо Тен Алтын тамга менен бутот Иншаллах.Ак дол бутуруучуулор.Жолунар байсалдуу Болсун.
@user-nl9eo4rm4u
@user-nl9eo4rm4u 18 күн бұрын
Молодец. Кыргызстан ушундай жакшы жанылыктар менен дайыма коштолсун❤
@user-fd6oo3kt4o
@user-fd6oo3kt4o 16 күн бұрын
Эн сонун жанылык, ушул кыздын артынан коп окуучу аракет кылат жакшы окуганга
@user-cr3we1ww2s
@user-cr3we1ww2s 22 күн бұрын
Кандай сыймык биздин айыл окмоторуно жугуштуу болсун ❤
@user-qq2ww1xq2v
@user-qq2ww1xq2v 17 күн бұрын
Адинай,бар бол,алтын кыз, акылдуу кыз.Келечегиң кең,жолуң шыдыр,ден соолугун чың болсун 🤲💐
@user-vd9le1os3e
@user-vd9le1os3e 22 күн бұрын
Аллахым мен коруп ыйладым.Аллахым магада ушундай билимдуу даражасы бийик салих,салиха перзент берсин Аллахым.Азаматсыздар.Мугалимдердин мээнетинда баалаганыныздар учун
@user-rf1fz3nf4v
@user-rf1fz3nf4v 22 күн бұрын
Мынча соонун ыйладымгоо❤❤❤биздин балдарыбыз ушунтип суйунтсун.оштон салам ❤❤❤
@user-jn6yc6se9t
@user-jn6yc6se9t 22 күн бұрын
Адинай белектерин кут болсун акжол омурун узун болсун эн мыкты озун каалаган окуу жайга отушуно тилектешмин.
@play-vq9hn
@play-vq9hn 22 күн бұрын
Ото соонун уюштурупсунар ошентип сыйлап турушса калган окуучуларда аракет кылып мыкты окушот билимге унтулушат
@user-yq6cb9mx9q
@user-yq6cb9mx9q 22 күн бұрын
Айыл окмоту молодец мыкты иштеп атыптыр Аллах ыраазы болсун
@user-ij4sz7ms2x
@user-ij4sz7ms2x 22 күн бұрын
Маа шаа Алла молодец!!! Келечеги кен болсун❤
@Akimbekj6
@Akimbekj6 22 күн бұрын
Отто сонун рахмат🤝👍
@user-zf6dv9vy4d
@user-zf6dv9vy4d 22 күн бұрын
Раяна, Альбина, Асия, Биздин кыздарыбызда ушундай сыйлыктардын Эллери болуп чонойсун Ааллахым
@user-xw5fb5sv9g
@user-xw5fb5sv9g 17 күн бұрын
Азаматсынар! Биздин мектептен 8 окуучу Алтын тамга воды 1000 сом менен грамата берип кутулушту
@user-mb3sp2bs9w
@user-mb3sp2bs9w 22 күн бұрын
Ата эненин эмген сыйлаган айыл окмотко. Чон рахмат
La revancha 😱
00:55
Juan De Dios Pantoja 2
Рет қаралды 52 МЛН
How to bring sweets anywhere 😋🍰🍫
00:32
TooTool
Рет қаралды 45 МЛН
Чай будешь? #чайбудешь
00:14
ПАРОДИИ НА ИЗВЕСТНЫЕ ТРЕКИ
Рет қаралды 2,9 МЛН
Айдаркен Бутуручулору
4:38
МУРАТ МИК САДЫКОВ
Рет қаралды 867
Талас: иши илгерилеген ирригация
9:33
Ала-Тоо 24
Рет қаралды 6 М.
ЗАРУБИЛИСЬ НА СПОР 😮 #shorts @EXPERTIZAMMA
0:59
ExpertИза MMA
Рет қаралды 340 М.
When Player Surprised his Future Club🫢
0:33
GoalFait
Рет қаралды 3,9 МЛН
За ЧТО БРАТА ХАБИБА ВЫВЕЛИ ИЗ АРЕНЫ UFC #shorts
0:32