Рет қаралды 12,185
Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келди.
Эл аралык "Манас" аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду.
Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту.
Катардын Эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты.
Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Катардын Эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.
Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
7-каналдын Официалдуу👈 баракчасы // Катталгыла / Пикир калтырып, Лайк 👍 баскыла!
7-канал Официальный 👈 канал / Кыргызстан //подписывайтесь на канал и ставьте лайки 👍 Биздин сайт жана соц тармактар:
ВЕБ САЙТ- 7tv.kg/
ТЕЛЕГРАМ - t.me/+qcprbpUw9R1jNWMy
ЮТУБ- / @7kanal_kyrgyzstan
ФЕЙСБУК- / 7tv.kg
ИНСТАГРАМ- / 7kanal_official
___
#7KANAL #KABAR #7KANAL_JANYLYKTAR #7KANAL_ZHANYLYKTAR
#7КАНАЛ #7КАНАЛ_КАБАР #7КАНАЛ_ЖАҢЫЛЫКТАР
#7KANAL_LIVE #7КАНАЛ_ТҮЗОБО