Рет қаралды 272,541
Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №95-мектептин башталгыч классынын мугалими менен окуучунун апасынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кийинчерээк окуяны чагылдырган видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайы айтылган болчу. Видео тарап кеткенине байланыштуу окуучунун апасы Шахзада Авсаматова бир тараптуу каралоого кабылганын айтты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы тараптардын пикирин укту.