"Ат-Башымдын кыздары" с. К. Урмамбетов о. К.Тагаев
Пікірлер: 11
@AskatMusabekov Жыл бұрын
"Ат-Башымдан кыздары" Ай чыгып сенин эрдиңен, Ак тоонун музу ээриген. Ажары болбос дүйнөнүн, Айтпасам эгер сени мен. Тоолордун согуп ызгаары, Толкундап жүрөк сыздады. Түшүмдө дагы тим койбой, Түн уйкумду бузганың. Арбап бир алган аркар көз, Ат-Башымдын кыздары. Көгөрүп сенин демиңден, Көк зоонун музу ээриген. Көрк эмне билбей өтмөкмүн, Көрбөй бир калсам сени мен. Тоолордун согуп ызгаары, Толкундап жүрөк сыздады. Түшүмдө дагы тим койбой, Түн уйкумду бузганың. Арбап бир алган аркар көз, Ат-Башымдын кыздары. Алыстап менден калган кез, Айтылбай калды айтар сөз. Акылым барда кайтайын, Аман бол сулуу аркар көз. Тоолордун согуп ызгаары, Толкундап жүрөк сыздады. Түшүмдө дагы тим койбой, Түн уйкумду бузганың. Арбап бир алган аркар көз, Ат-Башымдын кыздары.
@user-dr2hf5iz6k Жыл бұрын
Чыгармачылык ийгилик каалайм!
@user-gd5mh7wp6u Жыл бұрын
Эң сонун ыр экен сөзу да обону да.Аткаруучулар да үндөрү уккулуктуу.Аман болгула.