Рет қаралды 7,403
Сокулук районун Кызыл-Туу айылынын тургуну Муса Иманалиев он төрт жылдан бери үйсүз, кароосуз калган адамдарга көмөк көрсөтүп келет. Жардам алгандардын басымдуу бөлүгү адамдардан четтеп селсаяктык жолго түшүп кеткендер. 2005-жылдан бери анын короосунда 300гө жакын киши жан сактап, дал ушул инсандын таасири менен туруктуу жашоого кайткан. Анын мындай кайрымдуу ишти баштоосуна өзүнүн башынан өткөргөн эки жылдык селсаяктык өмүрү себеп болгон.