"Ай энем" Он сегиз миң ааламды, Жараткан Алла кең экен. Адамзатты тараткан, Адам ата Обо энем, Эненин сүтүн акта деп, Жомогун айтчу чоң энем. Ай энем ай энем, Айдай жалгыз жан энем. Ааламдай кең жүрөгүң, Ак сүтүң актаар бекем мен. Табигаттын ыйыгы, Улагын сүйөт кайберен. Балдарын баккан жемиштер, Тынчтыкты сүйөт жер энем. Эненин сүтүн акта деп, Жомогун айтчу тай энем. Ай энем ай энем, Айдай жалгыз жан энем. Ааламдай кең жүрөгүң, Ак сүтүң актаар бекем мен. Тобурчак буудан тулпар да, Туулуп өскөн желеден. Чырылдайт куштар бала деп, Чыкканча жаны денеден. Тоодогу булак бар үчүн, Толкушат деңиз тереңден. Ай энем ай энем, Айдай жалгыз жан энем. Ааламдай кең жүрөгүң, Ак сүтүң актаар бекем мен?... с.о.:Максат Кулуев
@Kairat_Primberdiev Жыл бұрын
Браво Аске!! Сонун чыгарма!!! Ийгиликтер болсун!!!
@user-uz3ci8sx5k Жыл бұрын
Керемет чыгарма керемет аткарууда...чыгармачылык ийгилик каалайм!
@gulnurasharshenova1597 Жыл бұрын
Мыкты чыгарма болуптур 😢молодцы
@user-uz3ci8sx5k Жыл бұрын
Мына ушуну ансамбль дейт, автор Макеме аткаруучу Аскеме чын ниетимден баардык жакшылыктарды каалайм!үй бүлөңөр бактылуу болгула! Буюрса өлбөс чыгарма жаратып алган экенсиңер өзүңөр деле байкабай калган болушуңар керек.
@TalantTokombaev Жыл бұрын
Мыкты 👏🏼👏🏼👏🏼
@user-mk3uc3dz8q Жыл бұрын
Бравооооо, бул башка кеп! Керемет чыгарма. Былтыркы концертте, Энекениздин Миргүл аркестир менен ырдаганда. Тим эле тынчсызданып отурганы али көз алдымда💛👍👍👍көп жакшылыгынарды көрсүн🤲🤲🤲