Рет қаралды 84,749
Эки айдан бери тергөө абагында жаткан акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын билдирди. Азырынча Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети акындын айтканына жооп бере элек. Ал эми Аскер прокуратурасы бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Тажикстанда төлгөчү жана көзү ачык деп айыпталган 50дөн көп киши кармалды. Кыргызстанда да парламент депутаттары көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштаган.
Орус армиясы Харьков облусунун аймактарына тынымсыз сокку урууда. Алты жайкын тургун набыт болуп, он чактысы жараат алганы кабарланды. Киев майданда кырдаал оор экенин билдирди.
#тажикстан #харьков #жанылыктар #бүгүназаттыкта
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzfaq.info/love/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus