Адамдарга кайрылуу - Айданек

  Рет қаралды 150,586

MONO MEDIA

MONO MEDIA

3 жыл бұрын

"Адамдарга кайрылуу"
Сөзү : Ж. Мамытовдуку
Обону : К. Рыскуловдуку
Аткаруучу: Айданек
Сүй журтуңду, сүй жериңби, жарыңды,
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды.
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү,
Кыяматта калк унутпайт аныңды.
Адам пенде акын болбо ашынган
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
Найзалашмай, кылычташмай жок заман
Пейли кенен, кийими бүтүн ток заман
Ой энеден найза жасап, бирок дейм
Кырчылдашын токтотпогон шок заман
Ойлой берсең ооруу менен ажалды
Алып тынат ал күчүңдү, мазаңды
Андан көрө келээр кечтин камын көр
Тамак астыр, боркулдатып казанды
Соогунбасын семиз менен арык да
Күндун-түндүн айырмасы жарыкта
Кимге тансык түн уйкуңдун ширини
Күндүз кылган ишин калат тарыхта
Ойдогуңду элдер менен бөлүшкүн
Чын төгүнүн сынга салып көрүшсүн
Баарың жаман мен жакшымын дебегин
Жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн,
Арак деген айлап, жылдап акырын
Алып тынат акылмандын акылын
Дал ошондон ичпейт аны акылман
Не жүйөөңө сен ичесиң жакыным
Бирөө жүрөт таппай суусун ичээрге
Бирөө кечүү таппай жүрөт кечээрге
Мунун баары тизгин каккан жолоочу
Оо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө
Эсен-аман эс тарттырып урпакты
Өтсөк экен ыйык сезип турпакты
Океандар тың шарпылдап турса экен
Чайпалбайт, чайпабайлы кургакты
Көзөлдөрдүн көрүп шалпар көйнөгүң
Муну эстедим баарын коюп өнгөнүн
Кырк баригин кырк күнү жеп жибек курт
Сулууларга жибек чубап өлгөнүн
А бул дүйнөң ажайып бир керемет
Убакыттын калбырынан эленет
Биз тирүүлөр чек арасы болобуз
Сансыз элдин өткөн жана келе элек
Адам пенде дасторконуң жайгын да
Пейилиң төк бирок мунуң айрым да
Үлпөтүңдө отургандын баарысы
Келип бербейт катаал күндө, кайгың да
Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиң
Билим ойсуң көк катылган сезимсиң
Аары менен кумурскадан кийинки
Табигаттын мээнеткечи өзүңсүң.

Пікірлер: 105
@Kyrgyzfighter
@Kyrgyzfighter 3 жыл бұрын
*Жөнөкүйлүк менен таланттын айкалышы кандай сулуу көрүнөт!* *Уккулуктуу үнүң сонун, келбетиңден нуруң чачып, төгүлөт!*
@user-nb8lo3gd4l
@user-nb8lo3gd4l 2 жыл бұрын
Кандай жагымдуу унуда озуда коз тийбесин
@user-yt5mq9vh8f
@user-yt5mq9vh8f 3 жыл бұрын
Саламатсынбы Айданек сага чын Ден-соолук узуун омур чексиз бактылуу жашоо каалайм эл караган жузун жер карабасын жузундон кулку кубаныч кетпесин алдына койгон ой максатын орундалсын бактылуу бол
@user-lv3be8ju3g
@user-lv3be8ju3g 3 жыл бұрын
Молодцы Алга 👍🔥🇰🇬 элдин алкышына татыктуу Кыз экенсин!!!!!!!!!
@ulaik6862
@ulaik6862 Жыл бұрын
азаматсын кызым омурун узун бактылуу кыздардан бол талантын осо берсин Чоон чоон ийгиликтер коштосун
@user-nw1pw8cq7w
@user-nw1pw8cq7w 3 жыл бұрын
Азаматсын...унуно береке...калмурат рыскулов байкебиздин ырларынан дагы ырдайбер ийгилик
@user-dd9jd2ms6o
@user-dd9jd2ms6o 3 жыл бұрын
Эрке кызыбыз оркундой бер. Аллах колдосун дайыма!
@user-wr3bw9ip6x
@user-wr3bw9ip6x Жыл бұрын
МОЛОДЕЦ .
@music.com._-
@music.com._- 3 жыл бұрын
Сонун ыр экен азамат сын
@user-hf3tz9uf4z
@user-hf3tz9uf4z 3 жыл бұрын
Менин айтышка кызым коз тийбесин бактылуу кыз бол🥰👏👏
@user-fo3zb7it5r
@user-fo3zb7it5r 3 жыл бұрын
Кызынызды суйомго
@user-vd1nz3ct8h
@user-vd1nz3ct8h 3 жыл бұрын
Омурун берсин БАКТЫЛУУ,БАЛА ЧАКАЛУУ БОЛ КАРЫНДАШЫМ.
@IK-wp7ko
@IK-wp7ko 2 жыл бұрын
Кызыңыз соонун кыз😘♥️ жөнөкөй💫
@user-vc8io4wb3j
@user-vc8io4wb3j 3 жыл бұрын
Просто супер
@dikirysbaeva4735
@dikirysbaeva4735 Жыл бұрын
Маладес кызым өркүнүң өсө берсин Калмурат Рыскуловтун талантын берсин аллахым
@user-pc1jz8ip2e
@user-pc1jz8ip2e 3 жыл бұрын
Кыргыздын нукура кызы ушундай болот. Бар бол! Аман-эсен бол! Жаратканым жаман көздөн, жаман сөздөн өзү сактасын! Булбулдай үнүң Ала-Тооңдо кыргыз элиңде жаңырып жүрө берсин!👍👍👍
@kyrgysbala8859
@kyrgysbala8859 3 жыл бұрын
Аны жашоодо кандай Кыз экенин билбейсинер
@nurseiitsatarov4230
@nurseiitsatarov4230 2 жыл бұрын
Кандай кыз сен билесинби
@user-xw8tr2do2l
@user-xw8tr2do2l 3 жыл бұрын
баары топ келген периштедей кыз экенсин бул дуйнодо каалаган максатыны берсин Аллахым
@maylomolniya8987
@maylomolniya8987 3 жыл бұрын
МашАллах насаат ырлардан коп коп ырдайбер
@askhatkalmataev9989
@askhatkalmataev9989 3 жыл бұрын
Керемет! Айтар созим жок карындасым👍💯🌹🌹🌹🇰🇿
@user-oc2pf8sd5v
@user-oc2pf8sd5v 3 жыл бұрын
Мындай ырларды коп ырда. Онорун осо берсин.
@SS-cl1mf
@SS-cl1mf 3 жыл бұрын
Эрке сулуу кыз ырың мага абдан жакты.Бактылуу бол кызым, алга!
@akmatbeksultan6891
@akmatbeksultan6891 3 жыл бұрын
Азамат 👍
@user-xs1dp1wp1m
@user-xs1dp1wp1m Жыл бұрын
Уну укмушкенго....бар бол кызыке...азамат
@kyrgyzkyrgyzstan9009
@kyrgyzkyrgyzstan9009 3 жыл бұрын
Бар бол.. кошунам Калмурат Рыскулов жашасын ырларын...
@user-vv5ds4oi6l
@user-vv5ds4oi6l 3 жыл бұрын
Унуно береке карындаш таланттын оркундой берсин. 👍👍
@user-iq5xv7qc9p
@user-iq5xv7qc9p 3 жыл бұрын
👍👍👍👍эн сонун ыр экен унуо бали
@user-bt9qb5mg5s
@user-bt9qb5mg5s 3 жыл бұрын
Аай балли 🙏🙏
@user-pz2ko4uu4z
@user-pz2ko4uu4z 2 жыл бұрын
Бар бол бактылуу бол айланайын алтын кыз унун асманга айга жетсин омурун узуун болсун дайыма комузун колундан тушпой кыргыздын ырларын каада салтын даназалап ырдап калк кадырына сыймыгына ээ бол
@user-ey6ev7gd2q
@user-ey6ev7gd2q 3 жыл бұрын
Азаматсын Оркундой бер
@legenda.Kurgyz
@legenda.Kurgyz 2 жыл бұрын
Сүйөмгө өлөмго серёзный
@tvkino
@tvkino 3 жыл бұрын
Как красиво поет эта девушка!
@user-mr4hf6go9b
@user-mr4hf6go9b 3 жыл бұрын
Сонун
@user-el1kb3jw4j
@user-el1kb3jw4j 3 жыл бұрын
Чырагым сонун ырдапсын
@ARIFF-cn6hk
@ARIFF-cn6hk 2 жыл бұрын
Кандай сонун ыр жакшы ырдайт экенсин бали алга карындашым
@freefire-_-pubgkgkg_kg_kg6633
@freefire-_-pubgkgkg_kg_kg6633 2 жыл бұрын
Аллах колдосун дайыма сага ден соолук иийгилик унуно береке
@Xusanboy07_07
@Xusanboy07_07 2 жыл бұрын
👍👍👍👍супер
@user-fc4fz6hw4b
@user-fc4fz6hw4b 3 жыл бұрын
Унундон карындаш жакшы ырдапсын
@user-lu3zi9oh6w
@user-lu3zi9oh6w 2 жыл бұрын
Жакшы маладе
@user-er2pz1qb1f
@user-er2pz1qb1f 3 жыл бұрын
Үнүңдөн сенин чырагым 👍👍👍
@user-nn1ln5mn4s
@user-nn1ln5mn4s 2 жыл бұрын
Карындашым унун ото сонун экен сага коз тийбесин омурлуу бол ийгилик коштоп журсун
@user-th3nl3vx6t
@user-th3nl3vx6t 3 жыл бұрын
Классташым талантын ташкындай берсин 🙃😘
@elmuratmedia
@elmuratmedia 3 жыл бұрын
Инстограмга эмне деп кирет нигин беринизчи болсо
@askaraiazbekov840
@askaraiazbekov840 2 жыл бұрын
Аябай соонун экен үнү ырчы деген ушундай болсо 👍👍
@myrzakarimergeshov570
@myrzakarimergeshov570 3 жыл бұрын
Сонун 👍🇰🇬
@user-dw4qj2gj9m
@user-dw4qj2gj9m 3 жыл бұрын
Ыйманыңды бузбагаан аракетчен кыз бол дайыма жүрөгүңдө уйат жана боорукерлик сезим жашасын.ошондо бийик бийик ойлонон ой максаттарыңа жеттесиң буйурса.Ырга келсек эң соонун азаматсың.
@user-hj2gn6xb6b
@user-hj2gn6xb6b 2 жыл бұрын
Я,
@user-ju3pe1xe5x
@user-ju3pe1xe5x 3 жыл бұрын
Онорун оркундой берсин омурун узун болсун
@bolotbekakylbekov3139
@bolotbekakylbekov3139 3 жыл бұрын
Азаамаат кызым
@user-yk6qo4su8q
@user-yk6qo4su8q 3 жыл бұрын
Голосуна соз жок ,молодец оркундой бер.
@user-uy8dy4gk1p
@user-uy8dy4gk1p 3 жыл бұрын
АЗАМАТСЫН КАРЫНДАШ УГУП ЭСАЛДЫМ
@nurbekdokturbekov589
@nurbekdokturbekov589 3 жыл бұрын
Ваай менин суйгонумда кайн эжем каерде журот барсызбы деги
@user-dw7yl9us7l
@user-dw7yl9us7l 3 жыл бұрын
Азаматсын унундон сенин
@nuradiljaparaliev4165
@nuradiljaparaliev4165 3 жыл бұрын
Кыргыздын сымбатту келбетту кызы деп айтат бул кызды башка кыздарыбызчы куйругун жулган тоокко окшоп чачтарын кырктырып улгу алгыла бул кыздан
@user-il5pp2dn3g
@user-il5pp2dn3g 3 жыл бұрын
Азаматсын ийгилик
@user-wp9wd8pf6c
@user-wp9wd8pf6c 2 жыл бұрын
Азаматсын кызым унуно береке
@user-mq2bo7id9b
@user-mq2bo7id9b 3 жыл бұрын
СУПЕР
@user-fr2uz2nb2o
@user-fr2uz2nb2o 3 жыл бұрын
Азаматсын молодец.🇰🇬
@stalbek.920
@stalbek.920 3 жыл бұрын
Молодец сонун унун бар экен.менин кызымдын аты да Айданек
@user-bb8ms8gl8h
@user-bb8ms8gl8h 3 жыл бұрын
Ийгилик
@askaraiazbekov840
@askaraiazbekov840 2 жыл бұрын
Аябай мыкты ырдайт экен
@nursultanmuzashov2016
@nursultanmuzashov2016 2 жыл бұрын
❤️❤️❤️❤️👍🏻
@zamirbekergawev8525
@zamirbekergawev8525 3 жыл бұрын
Маледес
@aziskirdibaev8188
@aziskirdibaev8188 2 жыл бұрын
БАРА КЕЛДИ СОЗ ЖОК КАРЫНДАШЫМ БУЛБУЛДАЙ УНУН ОЧПОСУН ИЙГИЛИК!!!
@user-ln9ig9sw2b
@user-ln9ig9sw2b 3 жыл бұрын
Молодец
@user-zm8ky7xv8x
@user-zm8ky7xv8x 3 жыл бұрын
Талантын ташкындай берсин
@user-dc2lf8pv5z
@user-dc2lf8pv5z Жыл бұрын
Алтын кыз, өнөрүң өркүндөсүн. Комузда кол орноткон жакын, жакын чертсең сулуу көрүнөт. Колуң алыстап кетип жатат. Мен да сендей чертчүү элем. Эжекем жолго салды.
@user-dc2lf8pv5z
@user-dc2lf8pv5z Жыл бұрын
Кой ойноткондо
@askaraiazbekov840
@askaraiazbekov840 2 жыл бұрын
Ырчы деген ушундай болуш керек 🔥
@user-yy6yb6jy8t
@user-yy6yb6jy8t 3 жыл бұрын
Бүт ырчылардан 1-турат экен баарын басты
@askaraiazbekov840
@askaraiazbekov840 2 жыл бұрын
👍👍👍👍👍😍😍😍👏👏
@user-pi7ig9yi2y
@user-pi7ig9yi2y 2 жыл бұрын
Мен неге суйуп калдым????😍😍😍😍😍🤗🤗🤗😏😏👍👍
@sbscc6156
@sbscc6156 3 жыл бұрын
Жаным го 😍
@aziskirdibaev8188
@aziskirdibaev8188 2 жыл бұрын
БАЛИ БАЛИ БУЛБУЛДАЙ УНУН ОЧБОСУН КАРВНДАШЫМ.
@yrysbubumusaeva4062
@yrysbubumusaeva4062 Жыл бұрын
Айданек,келбетине ырын жарашкан, нукура кыргыздын сулуу кызынын образы бар экен. Бар бол, ийгилик, бактылуулук , ыймандуулук коштоп журсун!!!!.Унун да керемет!!!!.
@user-zh9ue9lz3v
@user-zh9ue9lz3v 3 жыл бұрын
Мне понравилось)
@topchubekov1243
@topchubekov1243 3 жыл бұрын
👍👍👍👍
@77b6hwryieyigj7
@77b6hwryieyigj7 Жыл бұрын
👍
@user-hk8bo6lc9g
@user-hk8bo6lc9g 3 жыл бұрын
Салам айденек
@khkg4236
@khkg4236 3 жыл бұрын
Оо менин суйгөнүм го
@askaraiazbekov840
@askaraiazbekov840 2 жыл бұрын
🔥🔥🔥
@user-lo2yq1uu5c
@user-lo2yq1uu5c 3 жыл бұрын
😻
@user-gl7ht9wg8g
@user-gl7ht9wg8g 3 жыл бұрын
Сүй журтуңду, сүй жериңби, жарыңды, Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды. Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү, Кыяматта калк унутпайт аныңды. Адам пенде акын болбо ашынган Акмак болбо адалдыкка таш урба Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп Ажал деген кылыч турат башыңда Найзалашмай, кылычташмай жок заман Пейли кенен, кийими бүтүн ток заман Ой энеден найза жасап, бирок дейм Кырчылдашын токтотпогон шок заман Ойлой берсең ооруу менен ажалды Алып тынат ал күчүңдү, мазаңды Андан көрө келээр кечтин камын көр Тамак астыр, боркулдатып казанды Соогунбасын семиз менен арык да Күндун-түндүн айырмасы жарыкта Кимге тансык түн уйкуңдун ширини Күндүз кылган ишин калат тарыхта Ойдогуңду элдер менен бөлүшкүн Чын төгүнүн сынга салып көрүшсүн Баарың жаман мен жакшымын дебегин Жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн, Арак деген айлап, жылдап акырын Алып тынат акылмандын акылын Дал ошондон ичпейт аны акылман Не жүйөөңө сен ичесиң жакыным Бирөө жүрөт таппай суусун ичээрге Бирөө кечүү таппай жүрөт кечээрге Мунун баары тизгин каккан жолоочу Оо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө Эсен-аман эс тарттырып урпакты Өтсөк экен ыйык сезип турпакты Океандар тың шарпылдап турса экен Чайпалбайт, чайпабайлы кургакты Көзөлдөрдүн көрүп шалпар көйнөгүң Муну эстедим баарын коюп өнгөнүн Кырк баригин кырк күнү жеп жибек курт Сулууларга жибек чубап өлгөнүн А бул дүйнөң ажайып бир керемет Убакыттын калбырынан эленет Биз тирүүлөр чек арасы болобуз Сансыз элдин өткөн жана келе элек Адам пенде дасторконуң жайгын да Пейилиң төк бирок мунуң айрым да Үлпөтүңдө отургандын баарысы Келип бербейт катаал күндө, кайгың да Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиң Билим ойсуң көк катылган сезимсиң Аары менен кумурскадан кийинки Табигаттын мээнеткечи өзүңсүң.
@Samsungs-zn8zm
@Samsungs-zn8zm 3 жыл бұрын
😍😍😍😍
@universal486
@universal486 3 жыл бұрын
👍👍
@user-re1nf4uy2h
@user-re1nf4uy2h 3 жыл бұрын
Азматсын 👍 👏👍👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏
@lolpol7063
@lolpol7063 3 жыл бұрын
Жакшы ырдадын номеринди берип койсон сонун болмок
@adulaabb4494
@adulaabb4494 3 жыл бұрын
А 😙😙😙
@rysbekazimov4373
@rysbekazimov4373 3 жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍😍😍😍😍😍😍😍😍😍😍😍😍
@khkg4236
@khkg4236 3 жыл бұрын
Жамгыр деген ырынды ырдап берчи гитара менен
@erlanrajapov3966
@erlanrajapov3966 3 жыл бұрын
Кыргызстанга емес орто азияга емес дуйно жузуно танылаткоо ,,,уже еле духх талант кенири екен ,,ийгилик карындаш ,,
@user-hk8bo6lc9g
@user-hk8bo6lc9g 3 жыл бұрын
Мана Келин болосунбу
@user-dt5hn7by7t
@user-dt5hn7by7t 3 жыл бұрын
Талантына баракелде унунду кыспай эркин койобер
@elaman111
@elaman111 3 жыл бұрын
Катке
@edilkadyrov5346
@edilkadyrov5346 3 жыл бұрын
Кайсыл акмак дизлайк баскан.
@official2513
@official2513 3 жыл бұрын
истага не деп кирет ушул кыз
@MonoMediaKG
@MonoMediaKG 3 жыл бұрын
Айданек
@aza_gamer
@aza_gamer 3 жыл бұрын
instagram.com/ai_da_ne_k
@official2513
@official2513 3 жыл бұрын
@@MonoMediaKG андай емес екенго
@MonoMediaKG
@MonoMediaKG 3 жыл бұрын
@ai_da_ne_k
@user-kf2zn5fi7e
@user-kf2zn5fi7e 3 жыл бұрын
Азамат унунгоо баркелде беш
@user-nz8lx4cd8z
@user-nz8lx4cd8z 3 жыл бұрын
Эн сонун жакшы ырдапсын
@Samsungs-zn8zm
@Samsungs-zn8zm 3 жыл бұрын
👍👍👍👍
САПАРГА ЧЫКАНДА УГУП КЕТИНИЗДЕР 1
41:52
你们会选择哪一辆呢#short #angel #clown
00:20
Super Beauty team
Рет қаралды 25 МЛН
Children deceived dad #comedy
00:19
yuzvikii_family
Рет қаралды 9 МЛН
ОСКАР vs БАДАБУМЧИК БОЙ!  УВЕЗЛИ на СКОРОЙ!
13:45
Бадабумчик
Рет қаралды 3,9 МЛН
Мен сени суйом Омур - Айданек
4:00
MONO MEDIA
Рет қаралды 104 М.
Калмурат Рыскулов - Адамдарга кайрылуу (Кыргыз ретро)
4:22
Айданек | Аясанчы | Cover by Aidanek
2:31
MONO MEDIA
Рет қаралды 37 М.
ЭЛДИН ИЧИНДЕГИ ДАГЫ БИР ТАЛАНТ...Азирет Осмонов
42:02
Айданек - Жакшы соз айтчы мага
3:09
MONO MEDIA
Рет қаралды 115 М.
Ырлар жыйнагы / Кызжибек Аманкулова
28:27
Кызжибек Аманкулова
Рет қаралды 894 М.
Мээрим Карыпова -  Адамдарга кайрылуу
4:07
Мээрим Карыпова
Рет қаралды 24 М.
Аскат Мусабеков ырлар жыйнагы
51:09
Askat Musabekov
Рет қаралды 569 М.
你们会选择哪一辆呢#short #angel #clown
00:20
Super Beauty team
Рет қаралды 25 МЛН