Агенттик каржылоо, "Байлык Финанстын" фермерлерди колдоо куралы

  Рет қаралды 217

APIU

APIU

2 ай бұрын

СҮТ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН НАСЫЯ АЛУУНУН ЖАҢЫ ЖОЛУ
Жайыл районундагы Малтабар айылы негизги кара жолдон бир сааттык жолдо жайгашкан.
- Жолду көрдүңөр да? Укмуш экенби?! - Алмаз АБДРАИМОВ узун сарай жана кашаа кармалган уй короодон турган чарбасынын дарбазасынан тозуп алды. - Сүт жыйноочум Максат жакында эле Байлык Финанстын кредиттик агенти дагы болуп калды, ушул жолдон мага күнүгө келет.
“Кредиттик агент” кийинки чарбага жеткиче сүтүн төгүп албайын деп, челектин капкагын кынаптап жаап жаткан экен.
- Мага болгону паспортуңуз жана арызыңыз керек. Калган документтердди өзүм чогултам, “Байлык Финанска” жеткирем, - Максат ЖАКУПОВ агенттик каржылоонун принцибин түшүндүрө баштады.
Байлык Финанс” микрокредиттик компаниясынын чакан фермерлерге арналган жаңы өнүмү 2023-жылы #ИФАД тарабынан каржыланган #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан.
Анын маңызы - сүт жыйноочуларды агент катары ишке тартуу болуп саналат. Сүт жыйноочулар аркылуу #фермерлер асыл тукум малдын санын көбөйтүү жана малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте насыя ала алышат. Агенттер өндүрүүчүлөрдүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билишет жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалар менен дагы байланыштары бар.
Атайын иштелип чыккан мобилдик тиркеме аркылуу чийки зат жыйноочулар фермердин жүгүртүү каражаттары - сүт тапшыруунун көлөмү жана узактыгы тууралуу маалыматты каттап, “Байлык Финанска” өтүнмө жөнөтөт. Кредиттик комитет #насыя алуучунун кредиттик тарыхын жана кирешесин карап чыгат. Өтүнмө жактырылса, чарбагерди келишимге кол коюп, акча каражатын алууга чакырышат.
- Мобилдик тиркеме аркылуу насыянын суммасын, максаттарын жана төлөө шарттарын көзөмөлдөйм, - деди Максат долбоор тарабынан сатып алынган планшетти көрсөтүп. - Чарбагер карызын төлөөдө көйгөйгө чалдыкса, мен кабардар болом.
- #АйылЧарба өндүрүүчүлөрү жыл бою жумуш менен алек, аларга өз ишин үзгүлтүккө учуратпай насыя алуу өтө маанилүү, - дейт долбоордун адиси Асхат СУЛТАНАЛИЕВ. - Биз үчүн эң негизгиси насыя алууну чарбагерлер үчүн жеткиликтүү кылуу. Мындан сырткары, өнүм жергиликтүү экономикага мультипликативдик таасирин тийгизет: сүт тармагында ишкердик өнүксө, калктын аялуу катмарын - аялдарды жана жумушсуз жаштарды жумуш менен камсыз кылуу дагы жогорулайт. Анткени, айылдарда мал чарбачылыгы негизги кесип.
- Өнүмдү ишке киргизүүнүн алгачкы жылында 3000 #фермер үчүн насыя алуу мүмкүнчүлүгү жеңилдетилип, инновациялык насыя берүү схемасына 30 агент жана сегиз сүт кайра иштетүүчү завод тартылат деп күтөбүз, - деп ишендирди “Байлык Финанстын” өкүлү Айсулуу ШЕРАЛИЕВА.

Пікірлер: 4
@user-lo5cl5hy1d
@user-lo5cl5hy1d Ай бұрын
Мирлан , молодец, ишине ийгилик 🎉🎉🎉
@user-cp8mf8vn8y
@user-cp8mf8vn8y Ай бұрын
❤колдойбуз
@gulyagulya3824
@gulyagulya3824 Ай бұрын
👍👍👍👍 молодец
@user-et5pv3hx9z
@user-et5pv3hx9z Ай бұрын
Мирлан Иманкуловду колдойбуз! Жакшы кызматкер!
Кыргыз эли кандай элбиз?
0:49
Kutstroy official
Рет қаралды 4,7 М.
Молдо болумуш эткендердин жүзү ачылды
14:54
СЕННАМЕД / KG
Рет қаралды 27 М.
Which one will take more 😉
00:27
Polar
Рет қаралды 81 МЛН
蜘蛛侠这操作也太坏了吧#蜘蛛侠#超人#超凡蜘蛛
00:47
超凡蜘蛛
Рет қаралды 48 МЛН
ТАЛАС ЭЛИ ТАЛАНТТУУ УУЛУ МЕНЕН КОШТОШТУ
5:56
“Апамдын чайына” тамшангандар арбын
8:33
Асыл тукум мал чарба
3:59
APIU
Рет қаралды 377
How a former airborne trooper was welcomed in prison (with English subtitles)
10:40
Зона в кинематографе
Рет қаралды 9 МЛН