Рет қаралды 147,772
«МУНАРЫМ»
сөзү, обону.: Элмирбек Иманалиев
аткаруучу: Аяна Жумабекова
оператор и монтажер: Айбек Акматов
админ тел: +996 700 83 82 84
Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да ойлоп турамын,
Азыр да эстеп турамын.
Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып кокустан,
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.
Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала чагымда,
Оймоктой бала кезимде,
Ок атып койдуң, Мунарым.
Көл дагы турган мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, калдың узатып,
Жалжалым, калдың суранып,
«Жайында кайра келчи» деп.
Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан сөзүмдөн,
Жайында сага барамын,
Жайында кайра барамын.
Бул ырды Эл акыны Элмирбек Иманалиев 16 жашында жазыптыр. Ысык Көлгө барып абдан чоң таасир алган экен.
#monomedia