Рет қаралды 3,259
Айтыштын 5-жубу болуп, Чоң Алайдын жеринен, датка, баатырлардын элинен келген салтты, наркты билген Абдибали Акимбеков менен кызыл тилин кайрап, айтчу сөзүн иргеген алыстан келген Мамбет Акындын болду.
Эки акындын айтышын биз ,,Сый айтыш" деп атасак болчудай. Бири салтты, наркты билген улуу муундан болсо, экинчиси жаш болсо да, улууга урмат кылып, бири -бирине сый көрсөтүп жатышты. Айтышта улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы көзгө көрүнбөгөн байланыш сезилгендей элес калды. Демек, кандай болгон күндө да кыргыздын салты, наркы сакталып келе жаткандыгын сезүүгө болот.