Рет қаралды 1,859
Марага жакындаган сайын кандай мелдеш болбосун атаандаштык күч алып, улам күчтүүлөр иргелет эмеспи. Бул айтыштын финалында да акындардын алптары иргелип алынды. Ардактуу элдин булбулдары Азамат Болгонбаев менен Максат Кулуев чүчүкулактын негизинде алгачкы финалист жуптар болушту.
Эки акындын айтышы нарктуу, салттуу, салмактуу, тарбиялык мааниси зор, ак бата, ак тилекти камтыган, анча-мынча жеринде тамашаны да кыстарган, чыркыраган чындыкты да унутпаган мыкты айтыш курушту. Таймашта эки акындын мыктылыгы көрүнүп турду. Биз булбулдарыбызга ийгилик каалап кетпесек болбос!