Рет қаралды 270,860
- 00:00 Start
- 00:54 5-апрелде уурдалып, эки күндөн кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү бүгүн жерге берилди. 27 жаштагы Айзада бир үйдүн жалгыз кызы эле.
- 01:36 Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекованы 5-апрелде таңкы саат жетилерде Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күчкө салып машинага салышкан. Кызды уурдап, өлтүрүүгө шектелген адам буга чейин Орусияда үч жолу кесилгени маалым болду. Кылмышка шектелип, издөө жарыяланган 3 жаран тең кармалды.
- 04:18 Айзада Канатбекованын жакындары милиция өз убагында чара көргөн жок деп нааразы. Алар милиция ыкчам аракеттенгенде, Айзада аман калмак деп, кайгырып турушат. Маркумдун кичи мекени - Балыкчыга кесиптешим Айбек Бийбосунов барды.
- 07:50 Милициянын ишмердигине нааразы болгон жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар Бишкекте Ички иштер министрлигинин алдында митинг өткөрүштү. Нааразылык акциясы өкмөт үйүнүн алдында уланып, чогулгандарга премьер-министр чыкты. Ал эми президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өмүрү кыйылган окуя үчүн милицияны сындады.
- 13:13 Айзада Канатбекованын өлүмүнөн улам 8-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында дагы митинг өттү. Анда чогулгандар "Зомбулукка каршыбыз!", "Кийинкиси ким?", "Дагы канча факт керек?", "Айзада жашагысы келген!" деген жазууларды кармап турушту. Активисттер милициядан ала качууга каршы иш-чаралардын күчөтүлүшүн талап кылышты.
- 15:29 Бир үйдүн жалгыз кызы Айзаданын киши колдуу болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү парламентте да талкууланды. Эл өкүлдөрү ички иштер министри Улан Ниязбековду чакырып, кылмыштын алдын албаган милициянын жоопкерчилигин сурашты.
#БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus