Рет қаралды 64
Салымбеков Университетинин ректору Эсенгелди Жумадилов Биринчи радионун “Шак жүрүш” уктуруусунда конокто болду.
Анда, Венгрия мамлекетинде болгон эки мамлекеттин ректорлорунун форумунун жыйынтыгы боюнча пикир бөлүштү.
Бул форум мамлекетибиздин президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында ишке ашкан.
Форумдун жүрүшүндө мамлекетибиздин жалпы 18 университети 31 кызматташуу келишимине кол коюушту.
Билим берүү жана илим министрлигине ушундай мүмкүнчүлүк үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.