Рет қаралды 99,496
ЖАКШЫНАМ
Жактырбай сизден башканы,
Мен болдум сизге ашыккан.
Капарга илбей жашыңыз,
Тартылам, эже, тартылам.
Издеген көптөн сапаттар,
Байкатпай сизден табылды.
Тымызын тиктеп жүрөккө,
Салдыңыз эже, жалынды.
Мас болуп турам сүйүүгө,
Жообу жок өзүң тараптан.
Сүйүп бир жашайм үмүттө,
Жаксам да, мейли жакпасам.
Кол сунсам сизге түбөлүк,
Эмне дээр элең, жакшынам?
Сөз менен айтып бүтө алгыс,
Жактырам сизди, жактырам!
Күнөө жок менин сүйүүмдө,
Ашыктык отун жандырган.
Жараткан менден сизди эрте,
Күнөөнү коём тагдырга.
Тагдырга айла жок экен,
Жазылган ушул бешене.
Арнадым сүйүү ырымды,
Жакшынам ушул эжеме.
КАЙЫРМА:
Жакшынам оу, жакшынам,
Ашыкмын эже кашыңа.
Дүйнөдө баары жакшы да,
Кайылмын эже жашыңа.
Жакшынам оу, жакшынам,
Жүрөкө тумар тактың ай.
Алып бир кетсем айылга ,
Ата-энем болот каршы да.
25.02.2021
Сөзү Гүлзат Кудайбердиеваныкы.
Ал эми ырдын обону, кайырмасы Толкунбек Курманбековго таандык.
#жакшынам #толкунбеккурманбеков #гулзаткудайбердиева