Рет қаралды 6,649
10-апрелде Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургунун Өзбекстандын чек арачылары алып кирип кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун башчысы Ала-Бука районундагы эл менен жолугушуусунда айтылды. Маалыматка ылайык, учурда аны кайтаруу үчүн сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы андан кийин Аксы районундагы эл менен дагы жолугуп, райондогу элдин көйгөйүн укту. Жолугушуулардан кийин тийиштүү органдарга тапшырма берилди.
----------------------------------------------------------------------------------------------------------
Официальный сайт: regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg
REGION TV @ Facebook / regiontvkg
REGION TV @ Одноклассники ok.ru/region.kyrgyzstan