Өмүрзак Кайыпов - Көлөмдүү чыгармалар

  Рет қаралды 700,545

ALMA MEDİA

ALMA MEDİA

2 жыл бұрын

Аткаруучу Өмүрзак Кайыпов
1. "Дүнүйө" - санат-терме, автору Т. Сатылганов
2. "Аккан суу" - терме, автору Жеңижок
3. "Көк сулуу" - көлөмдүү ашыктык ыры, автору Жеңижок
4. "Балам жок" - арман ыры, автору Жеңижок
5. "Олжобай менен Кишимжан" - дастан
6. "Акмырза" - ашыктык-арман ыры, сөзү Токтогул ырчыныкы, обону Жалил Сыдыковдуку
#АлмаМедиа

Пікірлер: 201
@user-nj6qt6vw9k
@user-nj6qt6vw9k 5 ай бұрын
Бул дүнүйө бекерсиң Бир күнү өтүп кетерсиң, Опосу жок дүйнөнүн Түбүне ким жетерсиң? Келериңде дүнүйө, Толукшуп чыккан айдайсың, Кетериңде дүнүйө, Суу жүрбөгөн сайдайсың. Келериңде, дүнүйө, Асмандагы күндөйсүң, Кетериңде, дүнүйө, Кайгылуу көңүл кирдейсиң. Келериңде, дүнүйө, Өзөнгө бүткөн талдайсың, Кетериңде, дүнүйө, Өлүмдөн бетер алдайсың. Келериңде, дүнүйө, Мөмөлүү дарак шактайсың, Кетериңде дүнүйө, Суу жетпеген кактайсың. Келериңде, дүнүйө, Алмач өркөч лөктөйсүң, Кетериңде, дүнүйө, Тулпар минсең жетпейсиң. Келериңде, дүнүйө, Аргымак минип ойнойсуң, Кетериңде, дүнүйө, Айланып учкан торгойсуң. Келериңде дүнүйө, Адырдан соккон желдейсиң, Кетериңде, дүнүйө, Кол жетпес аска белдейсиң. Келериңде, дүнүйө, Ай менен күндөй жарыксың, Кетериңде, дүнүйө, Таманы түшкөн чарыксың. Келериңде, дүнүйө, Кош тегирмен ноодойсуң, Кетериңде, дүнүйө, Көз жетпес бийик зоодойсуң. Келериңде, дүнүйө, Алтын жагоо куштайсың, Кетериңде, дүнүйө, Кышкы чилде, муздайсың. Келериңде, дүнүйө, Алтын така тулпарсың, Кетериңде дүнүйө, Артынан кууса жеткирбес, Айланып учкан шумкарсың. Келериңде, дүнүйө, Урууда күлүк дулдулсуң, Кетериңде, дүнүйө, Уясын бузган булбулсуң. Келериңде, дүнүйө, Ташкын дайра селдейсиң. Кетериңде, дүнүйө, Карматпас бороон желдейсиң. Келериңде, дүнүйө, Алтын тутка түркүксүң, Кетериңде, дүнүйө, Туурдан учкан бүркүтсүң. Келериңде, дүнүйө, Кебелбес эрдин мүлкүсүң. Кетериңде, дүнүйө, Керүүдөн качкан түлкүсүң. Келериңде, дүнүйө, Байгеден чыккан аттайсың, Кетериңде, дүнүйө, Мөмөсү түшкөн шактайсың. Келериңде, дүнүйө, Көңүлүң курсант болорсуң, Кетериңде, дүнүйө, Көк шумкар алган коёнсуң. Келериңде, дүнүйө, Курбулуу тоодо уларсың, Кетериңде, дүнүйө, Куйругун жанчкан жылансың. Келериңде, дүнүйө, Көк болот шамшар-канжарсың, Кетериңде, дүнүйө, Көксөө болгон чалдайсың. Келериңде, дүнүйө, Жоо качырган эрдейсиң, Кетериңде, дүнүйө, Кейиген менен келбейсиң. Келериңде, дүнүйө, Кериде жайык конушсуң, Кетериңде, дүнүйө, Капкагы сынган комузсуң. Келериңде, дүнүйө, Чытырман калың токойсуң, Кетериңде, дүнүйө, Жыртылган тери чокойсуң. Келериңде, дүнүйө, Ак үйгө салган айнексиң, Кетериңде, дүнүйө, Туткасы сынган чайнексиң. Келериңде, дүнүйө, Ала кар жаткан бийиксиң, Кетериңде, дүнүйө, Мергенден качкан кийиксиң. Келериңде, дүнүйө, Көкөлөп өскөн чынарсың, Кетериңде, дүнүйө, Шамалдан качкан тумансың. Келериңде, дүнүйө, Толкуган көлдө шардайсың, Кетериңде, дүнүйө, Томугу түшкөн тайдайсың. Келериңде, дүнүйө, Жыйырма беш жаштайсың, Кетериңде, дүнүйө, Жыдыган кара чачтайсың. Келериңде, дүнүйө, Караңгы тамда чыраксың, Кетериңде, дүнүйө, Карышкыр жеген улаксың. Келериңде, дүнүйө, Айчыгы алтын туудайсың, Кетериңде, дүнүйө, Соолгон кудук суудайсың. Келериңде, дүнүйө, Булутсуз тийген күндөйсүң, Жанаша чыгып ыргалган Жазгы талдай бүрдөйсүң. Кетериңде, дүнүйө, Булут баскан түндөйсүң, Карарып алса көңүлүң, Кармаса, колго кирбейсиң. Келериңде, дүнүйө, Түнкүсүн жарык айдайсың, Адамдын көөнүн сергиткен Жашыл гүлдүү жайдайсың, Кетериңде, дүнүйө, Кайрылып карап койбогон Кайыры жок байдайсың. Келериңде, дүнүйө, Жайкалган ыраң чөптөйсүң, Жашылданып буруксуп, Туш-туш жакка көктөйсүң. Кетериңде, дүнүйө, Эшиктен төргө өтпөйсүң, Жардылыкка таянып, Жакыныңды өрттөйсүң. Келериңде, дүнүйө, Бир туугандан ынаксың. Караңгыда жарк эткен, Кавхар, жакут чыраксың, Кетериңде, дүнүйө, Душманымдан ырааксың. Келериңде, дүнүйө, Жаз бүрдөгөн терексиң, Жагалдантып көңүлдү Жаш, карыга керексиң. Кетериңде, дүңүйө, Түбү түшкөн челексиң. Келериңде, дүнүйө, Бүр алган кырчын талдайсың, Таттылыгың тамшантып, Шекер менен балдайсың, Кетериңде, дүнүйө, Азыткыдай алдайсың. Келериңде, дүнүйө, Жасалгалуу үйдөйсүң. Кетериңде, дүнүйө, Жакыныңды сүйбөйсүң. Келериңде, дүнүйө, Ташып чыккан булаксың. Кетериңде, дүнүйө, Желсиз өчкөн чыраксың. Келериңде, дүнүйө, От жакпай оргуп кайнайсың, Күн тийгендей жаркырап, Күлө багып жайнайсың. Дүнүйө чиркин ушундай, Колуңдан качкан кушундай.
@user-yt7rn3uu3q
@user-yt7rn3uu3q Ай бұрын
Азаматсыз зеерикпей жазган сизден Аллахым ыраазы болсун
@user-vn5ci4ol4i
@user-vn5ci4ol4i 14 күн бұрын
Сиздейлер көп болсо ,акылдуулар көп болмок, калжындабай...
@user-vn5ci4ol4i
@user-vn5ci4ol4i 13 күн бұрын
Биз билбеген создор бар экен,талдоосун кимден билсек болот экен,сураныч жооп берсениз❤
@user-vg1jk8ye1z
@user-vg1jk8ye1z 15 күн бұрын
Арыбаныз Омурзак унунузго береке, Алгалай бериниз!
@user-ii8rv9zz4r
@user-ii8rv9zz4r 3 ай бұрын
Аман жүр көчмөндөр оюндарында жайлоону жаңыртып төгүлө ырдаганда мен кыргызмын деген жандар үй үйүндө укмуш бир дүйнөгө туш болгонбуз оюн күндөрүн өзгөчө бир көрккө бөлөгөнсүң талантыңа таазим өнөрүн өсө берсин
@user-yu9pg7kx2b
@user-yu9pg7kx2b 3 ай бұрын
Какое великолепное исполнение! Шедевр. Бар болуңуз , аман болуңуз Өмурзак мырза сиз менен аябагандай суктанам✊
@user-jd2jm6xn1f
@user-jd2jm6xn1f 14 күн бұрын
Сенинырларындыжакшыкором.❤рахматунуночпосун🎉😢
@KuanEsenaliev-tc4uk
@KuanEsenaliev-tc4uk Ай бұрын
Жумуштан чарчап келгенде уксан эс ала тушосун бар бол омурзак
@user-pt6bn9tk7f
@user-pt6bn9tk7f 5 ай бұрын
Садага көлөкөм жүр өкт ү толкутуп ырдайсың аман бол үнүң шаңшый берсин
@user-gm1he6rq9x
@user-gm1he6rq9x 10 ай бұрын
Унузго береке ырларыныз сонун озунузго ден солук каалайм Аллыхым ыраазы болсун
@user-js8fg4jv2t
@user-js8fg4jv2t 4 ай бұрын
Кандай сонун ырлар журокто. Ишинерге ийгилик калайм.
@user-my1tn4fk1k
@user-my1tn4fk1k 11 ай бұрын
Ырлардын уйкаштыгы, маани маңызы, бир укмуштуудай керемет! чиркин жандүйнө жыргап эсалат! Өнөрүңөр өркүндөй берсин!
@user-un7rw7cz6b
@user-un7rw7cz6b Жыл бұрын
Өмүрзак өмүрүңө береке берсин талантың ташкындай берсин элдин батасын алып көп жаша буюрса бул замандын Токтогулу болдуң тарыхта калчу жансың эми сенден Саринжи Бөкөйдү толугу менен күтөм амааанбооол
@user-un7rw7cz6b
@user-un7rw7cz6b Жыл бұрын
Алмаз Имашев
@user-ee2vy8kw6j
@user-ee2vy8kw6j 2 жыл бұрын
Омуру узак болсун деген ата эненин тилегин берсин,кооп жаша
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 2 жыл бұрын
Өмүрзак кайыпов улуу өнөрдү улантучу👍✊❤🇰🇬
@kanybekkambaraliev8852
@kanybekkambaraliev8852 2 жыл бұрын
Кандай керемет жаратып бизге калтырган Женижок акыныбызга Алла раазы болсун
@user-ib8up8ze1f
@user-ib8up8ze1f Жыл бұрын
Ишинизге ийгилик каалайм
@user-qo4hf2bb3x
@user-qo4hf2bb3x Ай бұрын
Кандай керемет сөздүн мазмунуну терең ырга обону төп келген жүрөктөн чыккан сөздөр жүрөккө жететго
@user-fx3nf6kk9u
@user-fx3nf6kk9u 9 ай бұрын
Бар болуңуз Өмүрзак мырза!Ден соолукта болуп каалаган тилегиңизге жетиңиз!сизди терең урматтайбыз!
@user-ps8xy9xk2n
@user-ps8xy9xk2n Ай бұрын
Улуу Залкарлардын мураскору онорунузго береке.
@user-yr6rs5yx5w
@user-yr6rs5yx5w 2 жыл бұрын
Азамат Омурзак балам оркунун оссун шаншыган унун оболоп кыргыз элинин учу кыйрына жетсин !Сен аткарган дастандар укумдан -тукумга улансын ,омурун Узун бак доолоттуу бол айланайын !
@bermetadulova3507
@bermetadulova3507 2 жыл бұрын
Уккун эле келет уккансайын.
@user-fg2jy1jn1g
@user-fg2jy1jn1g Ай бұрын
Кыргыздын Күүлөрүнөн көбүрөк берип турсаңыздар.кандай сонун укулукту аткарган карындаш кандай суулу Азамат.
@user-ev4lc8sc3g
@user-ev4lc8sc3g Ай бұрын
Өмүрүңүз узун болсун мукам үндүү элдик талант бар болуңуз.
@bakyttoktogonov1571
@bakyttoktogonov1571 Жыл бұрын
Кыргыздын керемет инсаны ийгилик каалайм.Кыргыздын кылымдарды карыткан онор кенчин сиздей талантуу кулундары толуктап келет.Коп жашаныз.Талантызга таазим.
@user-bg3gd6vi6d
@user-bg3gd6vi6d 27 күн бұрын
Абдан таланттуу ырчысың,кем болбо!
@muhiddinboboyev9165
@muhiddinboboyev9165 Жыл бұрын
Гап йук омадизни берсин, мазза килиб тинглайман
@user-mx5bl3dm3m
@user-mx5bl3dm3m 2 жыл бұрын
Коп жашаныз,бактылуу болунуз ! Жеке концерт берсениз жакшы болот эле ,кутуп журом .
@user-np3td5vo3n
@user-np3td5vo3n 10 ай бұрын
Өмүрзак талантың ташкындай берсин өмүрүң узун болсун булбулдай болгон үнүң ташкындай берсин сени тарбиялап өстүргөн ата энеңе рахмат
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 2 жыл бұрын
Улуу өнөрдү улантучу 👍❤✊
@user-zg3xp8he7c
@user-zg3xp8he7c Жыл бұрын
Браво Омурзак,чыгармачылык бийиктик каалайм 👏👏👏
@user-kl2th5ri7o
@user-kl2th5ri7o 2 жыл бұрын
Азаматсыз Омурзак мырза, талантынызга таазим, нарктуу салттуу кыргыздын жузусуз, шакирттерди коп коп даярдап, кеменгер создун берметин терип суйлогон, улуу элдин учугун улап талантынар ташкындап журо бериниз, омурунузго береке
@user-sp9sj2bw5n
@user-sp9sj2bw5n 2 жыл бұрын
Соонун чыгармалар, рахмат өнөрүңүз өркүндөй берсин. 👍👍👏👏
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 2 жыл бұрын
Өмүрзак байке талантына тасим усун өмүр чыгармачылык ийгилик калайым 👍👏✊🇰🇬❤
@azatmaratuulu3487
@azatmaratuulu3487 2 жыл бұрын
Жумгалдык окшойсун ээ
@user-pe9kr3xx2n
@user-pe9kr3xx2n 2 жыл бұрын
@@azatmaratuulu3487 с с деген учунбу
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 2 жыл бұрын
Кочкрдукмун
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n Жыл бұрын
Мен кочкордон болом
@user-uo8dq2bz2r
@user-uo8dq2bz2r Жыл бұрын
ЪъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъоъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъэээээээээээъэъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъэъъъъэъъъъэъъэъээъъъэъэъъъъъъъъъъъъъэъъъъэъъэъъъъъъъъъъъэъффффФФфффффФфффффФффФФФфФффффффФффффффффффФфФФъъъъээээээээээээээээъъъъъэъъъъъэъъъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъээээээээээц Ои
@user-xw4qq1tm8g
@user-xw4qq1tm8g 2 жыл бұрын
Омурзак, омурун узун болсун! Ыдаганын керемет экен!!!
@adiletjorobekov4790
@adiletjorobekov4790 2 жыл бұрын
Омурзак байке Омурунуз Узун болсун Токтогул Атабыздын жолун жолдоп кележатасыз талантынызга таазим
@user-ct2sw3fm8f
@user-ct2sw3fm8f Жыл бұрын
Азаматсын Омурзак сенин ырдаганынды укканда ушундай телмирем. Мектепте ырдап жургонундо эле тан берет элем. Зынкыйып дайыма сынындан жазба. Талантын ташкындасын омурун узуун болсун эки дуно ширин нурлуу омур сур.
@user-rq3fv3ry6m
@user-rq3fv3ry6m 2 ай бұрын
Туура🎉 эң сонун
@user-ee2vy8kw6j
@user-ee2vy8kw6j 2 жыл бұрын
Супер,дастандар кылымдан кылымга ушундай таланттардын жардамы менен кочуп,сакталып келет.Айтаарым,Элмирбектин балдарындай жаштарды да такшалтып даярдай журсо,дастандар дагы коппко сакталып жашай берсе
@omalbonu7857
@omalbonu7857 2 жыл бұрын
Арбаныздар! Керемет! Чон рахмат! 🙏💐👏👏👏🇰🇬🤲🎵🎶🎆🎇🐎✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨
@gdhjsjnsnndndn6739
@gdhjsjnsnndndn6739 2 жыл бұрын
Омурзак омурундон береке тап иним Аллахым талантына талант кошуп берсин,сендей онорлуу жигиттер Эл арасында оркундой бергиле,мындан да жакшы жаны чыгармачылык ырларын кыргыз элине жаныра берсин.
@user-qx8cn3oq2r
@user-qx8cn3oq2r 3 ай бұрын
Мыкты 😭😭😭
@user-gd4ch3zf9x
@user-gd4ch3zf9x 2 жыл бұрын
Унунузго береке кыргыз калкымдын келечеги бар экен дагы
@user-lc9fu6ju8x
@user-lc9fu6ju8x 2 жыл бұрын
Унунузго береке браво кандай керемет ун Токтогул олбоптур
@user-bf9cx8wp3h
@user-bf9cx8wp3h 2 жыл бұрын
жж эх ээээх
@user-bf9cx8wp3h
@user-bf9cx8wp3h 2 жыл бұрын
ъжжжжъ
@user-wm8ko4ec6f
@user-wm8ko4ec6f 7 ай бұрын
Бала баатыр мыкты күчтүү ырдайт го чиркин
@user-gz5vt7cg7w
@user-gz5vt7cg7w 2 жыл бұрын
Омуке унун керемет ишинди кудайым колдосун азаматсын уйбулон менен тынч бол
@user-ld1gr4jw6w
@user-ld1gr4jw6w 10 ай бұрын
Кайыповдун аткаруусундагы жыйнакты издеп таппай куттуп журдук эле👍🙏🙏"Кулактан кирип,бойду алат"-,дегенди тушуносун.унунузго береке.Коп жашаныз.дастандарды сиздин аткаруунузда сакталса.Укканда дастанда жашап откондой болобуз.Чоон рахмат.силерге
@JumaiKanybek
@JumaiKanybek 5 ай бұрын
Унунузго береке
@user-kr3lc8tt9e
@user-kr3lc8tt9e 2 жыл бұрын
Азамат Адам баласын агартуунун эн бийик жолу акындык бар бол Залкар акылмандар откон
@user-vp7ou1rw6u
@user-vp7ou1rw6u 2 жыл бұрын
Азамат кыргызымдын булбулу. Бар бол.Комуз барда кыргыз бар.Кыргыз барда комуз бар.Комуз кыргызымдын тумары.
@zamir-63
@zamir-63 5 ай бұрын
Бул сонун бала, өз стили бар, анча мынчаларга алмаштырбайм!
@Islam_5047-ton
@Islam_5047-ton 2 жыл бұрын
Агабыз келтирет да, көздөн жаш агатко.👍
@user-ji9yu1xp3d
@user-ji9yu1xp3d 5 ай бұрын
❤😊.биз,Энди,уктук,акынды
@user-kf2vl7yk4k
@user-kf2vl7yk4k 3 ай бұрын
Молодец жакшы ырдадын
@gulnasbabataeva
@gulnasbabataeva 4 ай бұрын
Керемет ун!❤
@erkingultaabyldy2255
@erkingultaabyldy2255 2 жыл бұрын
Аябай жагат ырдаганы👍
@user-gl3vi6lr1j
@user-gl3vi6lr1j 2 жыл бұрын
Соз жок акынга просто супер чыгармачылык ийгилик
@user-el7ny9oo6b
@user-el7ny9oo6b 2 жыл бұрын
Омурзак омурун узун болсун сонун чыгармаларынды оркундотобер .
@GulnazKadirkulova
@GulnazKadirkulova 2 ай бұрын
Унузго береке
@user-gt5ij2ig6z
@user-gt5ij2ig6z Жыл бұрын
Омурзак байкенин шаншыган уну сонун мага Дастандары аябай жагат омурунуз Узун Болсун👍👍👏👏
@user-ov7nt6el5y
@user-ov7nt6el5y 2 жыл бұрын
Азамат, керемет талант! Аткарган чыгармаларын эргуу менен угабыз.
@user-gv8ro7mp3y
@user-gv8ro7mp3y Жыл бұрын
Азамат Омурзак акын укмуш укан сайын Укун келет
@user-nd2ul5gf4t
@user-nd2ul5gf4t 2 жыл бұрын
Сонун дастандар аман болуңуз
@jamalkulnazarova7511
@jamalkulnazarova7511 2 жыл бұрын
Талантына тазим алахым ден солук Узун омур берсин оомиин
@user-mx9bu6vu9o
@user-mx9bu6vu9o 2 жыл бұрын
Йхэйэ
@user-mx9bu6vu9o
@user-mx9bu6vu9o 2 жыл бұрын
Й
@user-mx9bu6vu9o
@user-mx9bu6vu9o 2 жыл бұрын
ЙЙфЙ
@user-mx9bu6vu9o
@user-mx9bu6vu9o 2 жыл бұрын
ффХ
@user-mx9bu6vu9o
@user-mx9bu6vu9o 2 жыл бұрын
ЭхйэЙйэ
@jemchujinarustamova7153
@jemchujinarustamova7153 Жыл бұрын
Омурзак ава бар болунуз.талантынызга таазим.
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 2 жыл бұрын
Өмүрзак байке систин аткарган чыгармаларынды барын калтырбай угам интернетке чыкан курманбек кожожаш.жана башка систен сураныч жлжобай менен кишимжан ды толугу менен иютупка чыгарзаныс👍👏🇰🇬❤
@azatmaratuulu3487
@azatmaratuulu3487 2 жыл бұрын
Жумгал
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 2 жыл бұрын
Мен кочкорлукмун
@user-yb8gx4rg6h
@user-yb8gx4rg6h 2 жыл бұрын
Ырчы жигитке ото чон Рахмат омурун Узун болсун коз тийбесин да соз тийбесин
@user-nk8em5wg7q
@user-nk8em5wg7q 2 жыл бұрын
Өмүрүңө береке.Аззамат.Талантыңа таазим.Не деген керемет саптар,денени дүркүрөткөн ыр саптар.Комуздун кылдарын күүгө салган азаматтар.
@user-rl4vv7my1e
@user-rl4vv7my1e 2 жыл бұрын
Кыргыздын баа теткиз байлыктары дастандар
@user-tl5yn2xs7k
@user-tl5yn2xs7k 2 жыл бұрын
Омурзак омурун узун болсун ден соолук ишине ийгилик Азаматсын Аллахым колдосун 🙏🙏🙏❤️
@user-tw3kh8sg6o
@user-tw3kh8sg6o 29 күн бұрын
Токтогул,ата,2,омурун,узун,болсун,
@d.bory435
@d.bory435 5 ай бұрын
Ширали овози бор экан,Барака топсин.
@user-my1tn4fk1k
@user-my1tn4fk1k 11 ай бұрын
Голос супер, дегеле баары сонун👍🔥☝️💪❤
@user-ml8qs6nt4v
@user-ml8qs6nt4v Жыл бұрын
Аяш иним ! Сонун ырларын, ден соолук, ийгилик
@user-pq9ff4qt5o
@user-pq9ff4qt5o 11 ай бұрын
Алла раазы болсун унуно береке
@user-xz6fo4jr6e
@user-xz6fo4jr6e 2 жыл бұрын
Голос бомба
@user-td4sf2jf4s
@user-td4sf2jf4s 2 жыл бұрын
Керемет
@user-um1ff6tm9v
@user-um1ff6tm9v 6 ай бұрын
Омурунуз узуун Болсун эн сонун ❤❤
@user-le2fk5cn5x
@user-le2fk5cn5x Жыл бұрын
Мына ыр деген ун деген азамат
@user-iw7uc7bf2u
@user-iw7uc7bf2u Жыл бұрын
Омурзак мырза,Сизге бекем дени соолук,узун омур каалайм. Керемет чыгармаларга жаны жашооибергенинизге элиниз ыраазы.
@user-xi5fx4lu5v
@user-xi5fx4lu5v Жыл бұрын
ВДГЯП
@user-ig2fn1cb5n
@user-ig2fn1cb5n Жыл бұрын
Унуно береке булбулдай сайрай бер
@user-pz7dg4ju1s
@user-pz7dg4ju1s 2 жыл бұрын
Шедевр,Бравоо!!!👏👏👏 кандай керемет куу ,керемет саптар , талантынызга таазим, унунуз очпосун ,Кыргыздын алтын ундуу Булбулу, таланттыныз ташкындай берсин, сапарыныз байсалдуу болсун, пусть будет у вас все хорошо, Кыргыздын сыймыгы.
@user-np5kj4gv8w
@user-np5kj4gv8w 2 жыл бұрын
l
@zamko8688
@zamko8688 2 жыл бұрын
Машаалла
@aidanatemirbek4506
@aidanatemirbek4506 Ай бұрын
Ушул адамдардын оз оозунан уккум келип кетти. Аттин…
@syrgasarieva5254
@syrgasarieva5254 Жыл бұрын
Мына кыргыздын элиталары. Дубайдан салам!
@sonunbeksmanov9793
@sonunbeksmanov9793 Жыл бұрын
Чыгармачылык ийгилик.
@user-wk8ig8nz9s
@user-wk8ig8nz9s 2 жыл бұрын
Азаматсың бар бол
@user-jw7tf8ok2v
@user-jw7tf8ok2v 10 ай бұрын
Керемет чыгармалар уккан сайын уккун келет!!!!!
@Mirvan_
@Mirvan_ 4 ай бұрын
Негедир акыркы жылдары терме менен Куранды көп укчу болдук Кыргыз эли кайрадан бутуна туруп келаткан сыяктуу 🇰🇬🙌
@user-sn2ul1nt8d
@user-sn2ul1nt8d 3 ай бұрын
Азыркы ырдардан маани тапбай ушул ылралдан чеч чыгып жатат
@natananarbekova4302
@natananarbekova4302 2 ай бұрын
Оомийин
@user-wb7me1xo8q
@user-wb7me1xo8q 2 жыл бұрын
Создорду таптап журок кылдарын черткен унунузго береке Омурзак. Унунор маркум токмо акындарды эске салат.
@user-ld4gs2fp7va
@user-ld4gs2fp7va 2 жыл бұрын
Рахат тартуулаганына рахмат
@user-hc5wf4so9r
@user-hc5wf4so9r 2 жыл бұрын
Азамат ушундай укун эле келет
@user-hc5wf4so9r
@user-hc5wf4so9r 2 жыл бұрын
Талантынызга тазим унунузго береке
@Yakutsk.N
@Yakutsk.N Жыл бұрын
Чыныгы ырлар
@user-hj3yj5pu5i
@user-hj3yj5pu5i Жыл бұрын
Чынында таланттуу жигит
@madinakubanychbekova9161
@madinakubanychbekova9161 Жыл бұрын
Омурзак агай унунузго береке аман болуп ден соолукта омурлуу болунуз ушинтип ырларды ырдап коп жуктонузчу унунуз озгочо уккан сайын уккун келе берет бар болунуз чыгармачыл ийгилик
@nursultanzhunusov4007
@nursultanzhunusov4007 2 жыл бұрын
керемет сиздин унунуз жан жуйнонун азыгы
@user-hp9vc7eb4k
@user-hp9vc7eb4k 2 жыл бұрын
Унунузго баракелде ! !!
@ermabro1838
@ermabro1838 2 жыл бұрын
Красавчик 👍
@user-rw3ul2rt3m
@user-rw3ul2rt3m 2 жыл бұрын
Молодец...
@user-le2fk5cn5x
@user-le2fk5cn5x 2 жыл бұрын
Омурзак талантына таазим
@user-gs1wl9bz4x
@user-gs1wl9bz4x 2 жыл бұрын
Сооонун ырдапсын Алгаа
@mairamaskarova311
@mairamaskarova311 2 жыл бұрын
Омурзак байке азамат
@user-lu1zj6hp3q
@user-lu1zj6hp3q Жыл бұрын
Баракелде чиркин журоко жететго
@user-fk9qo8fz8h
@user-fk9qo8fz8h 2 жыл бұрын
Ушундай ырлар сонун да ушуну зной береке
@jumakankebekbaeva7343
@jumakankebekbaeva7343 Жыл бұрын
Х
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 16 МЛН
Чай будешь? #чайбудешь
00:14
ПАРОДИИ НА ИЗВЕСТНЫЕ ТРЕКИ
Рет қаралды 2,8 МЛН
Black Magic 🪄 by Petkit Pura Max #cat #cats
00:38
Sonyakisa8 TT
Рет қаралды 41 МЛН
They RUINED Everything! 😢
00:31
Carter Sharer
Рет қаралды 22 МЛН
Арман ырлар топтому // Комуз ырлары
1:33:05
Топ Сыр
Рет қаралды 385 М.
"Мидинге кат" Байдылда Сарногоев & Женишбек Жумакадыр
12:15
XXI-кылымдын Жылдыздары
Рет қаралды 313 М.
Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты
14:15
Tynchtykbek Bektashtegin
Рет қаралды 7 МЛН
Ырлар жыйнагы / Кызжибек Аманкулова
28:27
Кызжибек Аманкулова
Рет қаралды 833 М.
Sadraddin - Если любишь | Official Visualizer
2:14
SADRADDIN
Рет қаралды 306 М.
Adil - Серенада | Official Music Video
2:50
Adil
Рет қаралды 215 М.
Селфхарм
3:09
Monetochka - Topic
Рет қаралды 3,1 МЛН
Ернар Айдар - Шүкір [official MV]
5:00
Ernar Aidar
Рет қаралды 59 М.
Қанат Ерлан - Сағынамын | Lyric Video
2:13
Қанат Ерлан
Рет қаралды 492 М.
Saǵynamyn
2:13
Қанат Ерлан - Topic
Рет қаралды 958 М.
Artur - Erekshesyn (mood video)
2:16
Artur Davletyarov
Рет қаралды 395 М.