Рет қаралды 267,643
🎵 Г.Байбугуеванын сөзүнө жазылган А.Райымбекованын "Сыйлашалы" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Анапия Райымбекованын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤АНАПИЯ РАЙЫМБЕКОВА - Сыйлашалы ырынын үнү жок (минус) варианты • Кыргызча минус караоке...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #анапиярайымбекова #сыйлашалы #karaoke_kg #yrkese
======================================================
Анапия Райымбекова - Сыйлашалы
Сөзү: Г.Байбугуева
Обону: А.Райымбекова
===================
Колдон келсе жаман тилди азайтып,
Кир жолотпой көңүлдөрдү тазартып.
Жакшы сөздү сенден угуп, мен суйлоп,
Жашайлычы жан дүйнөнү жашартып.
Жакшы сөздү сенден угуп, мен суйлоп,
Жашайлычы, жашайлычы жан дүйнөнү жашартып.
Сүйө билип, сүйдүрө да билүүгө,
Мезгил келет ар адамга тирүүдө.
Дал ошондо гүл куракты өткөрбөй,
Эмне жетсин кадырлашып жүрүүгө.
Дал ошондо гүл куракты өткөрбөй,
Эмне жетсин, эмне жетсин кадырлашып жүрүүгө.
Мен аяйын, сен да мени аягын,
Мен жөлөйүн, сен да мени таягын.
Сен сыйласаң менден эле кетпестир,
Мен да сени ардактоого даярмын.
Сен сыйласаң менден эле кетпестир,
Мен да сени, мен да сени ардактоого даярмын.
Сыйлашалы гүлгө айлантып өмүрдү,
Жыргашалы кирдетпейли көңүлдү.
Бир кезекте жер үстүнөн табышпай,
Калаарыбыз чындыгында төгүнбү?
Бир кезекте жер үстүнөн табышпай,
Калаарыбыз, калаарыбыз чындыгында төгүнбү?