Рет қаралды 17,661
Анемия же аз кандуулуктун белгилери кандай болот?
Кыргызстанда кеңири жайылган оорулардын бири бул анемия, ал өзгөчө кош бойлуу аялдар арасында көп кезигерин дарыгерлер байма-бай айтып келишүүдө. Аялдар кош бойлуу кезинде аз кандуулуктун ар кандай түрлөрүнө чалдыгышы мүмкүн. Көбүнчө темирдин жетишсиздиги гипохромдуу аз кандуулуктарга алып келет. Адатта, аялдардагы бул аз кандуулуктарда гемоглобин эмес, темир деңгээлиндеги кандын уюшу төмөндөйт. Мындайда дарыгерлер бейтаптарга курамында темири бар дарыларды беришет.
Бирок кээде кош бойлуу бейтаптарда анемия пернициоздук тиби боюнча өнүгөт, бул жагдайда оорулуу кош бойлуу аялдын организминде В 12 витами жетишпеген болот. Аталган оору, адатта, кош бойлуу аялдардын 5-6 айында башталат, себеби түйүлдүк В 12 витаминин жетишерлик санда талап кылат. Андайда эне менен түйүлдүккө В 12 витамини жетишпей жатса, эненин аз кандуулугу темир жетишсиздигинин күчөп кетишине алып келет.