Рет қаралды 5,153
Арыбаңыздар, достор! Бүгүнкү тема ара төрөлгөн балдар жөнүндө болот. Тактап айтканда, ретинопатия диагнозунун өнүгүүсү бар ара төрөлгөн балдар тууралуу. Мындан утурлай, бул ооруну алгачкы баскычта аныктай алган ретинолог, балдар офтальмологу Айдай Базарбаеваны конокко чакырдык. Ушул жерден, айтылуу адистер бизде сейрек кездешерин баса белгилей кетишибиз керек.
Айдай Базарбаева көп жыл Москва шаарында иштеп тажрыйба топтогон. Учурда Республикалык эне жана баланы коргоо борборунда жана "Доктор Новиков" аттуу менчик клиникада эмгектенет.
Чыгарылышта негизги темадан сырткары, окурмандардан келген суроолорду да узаттык.
►Республикалык эне жана баланы коргоо борборунун дареги: Ахунбаев көч, 190
► "Доктор Новиков" клиникасынын Инстаграмм баракчасы:
/ dr.novikov_med.centre
00:00 Таанышуу
01:55 Ара төрөлгөн баланын көрүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп албоо үчүн эмне кылуу керек?
03:35 Ата-эне баланын көзүн сырттан карап, жакшы эле деп келбей коет
07:00 Ретинопатия диагнозун изилдеген аппарат кайсы ооруканаларда бар?
09:08 Изилдөө үчүн атайын система түзүлүшү керек
11:00 Эмне үчүн Кыргызстанда ретинологдор аз?
12:35 Бокстогу "вентиляртордун" зыяны барбы?
13:50 Ара төрөлгөн баланы канча убакыттан кийин офтальмологго көрсөтүү керек?
16:05 "Кайын энемдин мамилесинен улам балам ара төрөлүп калды"
19:35 Конъюнктивитти дарылоодо, дарыгерге кайрылганга чейин кандай биринчи жардам көрсөтүү зарыл?
23:30 Бала канча убакыт телефон көрсө болот?
28:25 Офтальмологтун кабинетинде илинген таблицадагы белгилерди айта албаган баланын көзүндө көйгөй барбы?
#ретинопатия #аратөрөлгөнбалдар #Алдей