Рет қаралды 386
АРУУ КЫЯЛЫМ
Аралап бакты баратамын,
Бийиктеп учат кыялдарым.
Мээримге толгон айлананы,
Кулачым жайып кучактаймын.
Кагып канаттарым,
Бийик талпынамын.
Көздөп аруу кыялым.
Алга сүрөйт дайым,
Тилек, максаттарым,
Менин аруу кыялым.
Чоңоюу үчүн ашыгамын,
Балалык, ойноок жашымдан мен.
Кол сунам күмөн келечекке,
Келсе деп эңсеп самаганым.
Кол жетип бийик максаттарга,
Аруулук чачып адамдарга,
Аралап бассам айлананы,
Гүл өсүп ар бир кадамдарга.
Текст- 03.08.2021 16:47
Мрз - 13.03.2022 КТРК Баластан
Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева
Обону: Ильяз Абдыразаков
Аткаруучу: Аяна Медерова