Рет қаралды 153
Жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын инженерлери тоолуу жайыттарда сууну сактоонун жөнөкөй, арзан жана эффективдүү ыкмасы болгон жасалма мөңгүлөрдү иштеп чыгышкан. Бул курулуштар күз-кыш мезгилдеринде сууну тоңдуруп, табигый суу сактагычтардан алыскы айылдар үчүн жазында жана жайында суунун жеткиликтүү болушун камсыздайт.
Жасалма мөңгүлөрдү жаратуу ИФАД эл аралык уюму каржылаган “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору тарабынан колдоого алынган. Бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен ар кайсы аймактарда 11 жасалма мөңгү курулган. Ал үчүн керектелүүчү материалдар сатылып алынып, курулуш иштери каржыланган.