Рет қаралды 1,282
Сен менин жазылбаган ырларымсың
Сен менин айтылбаган сырларымсың
Тууйлатып жүрөгүмдү алоолонткон
Сен менин жаштык жалын, жылдарымсын.
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан
Сен менин ак кептерим канат каккан
Сен менин мөл булагым калкып аккан
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан