Рет қаралды 13,392
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күнү оту өчпөгөн отузунчу жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болгондор да эскерилет. 1991-жылы Бишкектен анча алыс эмес Чоң-Таш айылындагы кыш заводунун эски мешинен ондогон кишинин сөөгү табылып, бул кабар мурдагы СССРге мүчө мамлекеттерге көз ачып жумганча тараган.
Дал ушул улуу сырдын бетин ошол кандуу окуядан түз кабары болгон Бүбүйра Кыдыралиева, ошол кездеги КГБнын офицери (капитан) Болот Абдрахманов жана археолог Михаил Москалевдор ачкан эле. Коомчулукта ушул үч адамдын эмгеги татыктуу баасын албай калды деген пикир байма-бай айтылып келет. Би-Би-Си Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев менен дал ушул темада маек курду.
Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: www.bbc.co.uk/kyrgyz/