"Асылзаадам" Асманда жылдыздар көп нуру тонуп, Биринен бири нурлуу, бири улук. Бирок да асыл жардын сүйүүсүндөй, Жылдыздын ыйыктыгы, туруктуулук Таңкы чолпон жылдызындай, Асылзаадам кутманым. Өзүң жанып турган кезде, Дайым жарык асманым. Турмуштун жолдору көп, төрү көктөм, Биринен бири сүйкүм, бири көркөм. Бирок да бул дүйнөдө куттуу төрүм, Сүйгөн жар түндүгүңдө сени күткөм. Таңкы чолпон жылдызындай, Асылзаадам кутманым. Өзүң жанып турган кезде, Дайым жарык асманым. Атың гүл, өзүн да гүл, гүлдөй затың, Бактыма жарык болуп тунук жардын. Турмуштун туңгуюктуу бороонунда, Бир гана сенин сүйүүң, күч кубатым. Таңкы чолпон жылдызындай, Асылзаадам кутманым. Өзүң жанып турган кезде, Дайым жарык асманым!!!
@user-ys5dx2bg9c Жыл бұрын
Соонун чыгарма, азаматсыз!👍👍
@asylakobogonova5208 Жыл бұрын
Азамат сонун
@user-qw4ih2xt3i Жыл бұрын
Дагы жаңы чыгармаларыңыздарды күтөбүз!. Ишиңиздерге чоң ийгилик каалайбыз! Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун!
@user-hx9ux2zb2r Жыл бұрын
ушул ырды бир нече жыл мурун концерттен уктум эле, интернеттен таппай канча издедим. очень красивая песня🤩