"Күтүү" Бийиктен түшкөн мөлтүр суу, Берметтей күнгө жалтырап. Сездирип салкын илебин, Аскага тийип жанчылат. Манаттай күйүп кыр жапкан, Жел өпсө тоонун гүлүнөн, Капчыгай өңдүү күүлдөп, Алдастайт менин дүнүйөм. Алыста жүргөн жан курбум, Жарыма окшоп өзүмдүн. Көзүмдөн учуп карааның, Өрүктөй болуп эзилдим. Көргөзбөй коюп таптакыр, Жетүүгө мага туш кылбай. Көкүрөк санаа көңүлдөр, Камоодо калган туткундай. Жарыгы болгон мезгилдин, Жарымы күн да жарымы ай. Тагдырдан күтсөм неликтен, Таптырбай кеттиң жаным ай. Кыйчалыш жолдун айынан, Калсам да мезгил өткөрүп. Өзүңө бирөө көз салса, Өрттөнүп кетем өрттөнүп... Шуулдап күмүш бариктер, Жел жүрсө муздак сыдырым. “Сагындым сизди агай”- деп, Жалооруп чыкты шыбырың. Көңүлгө түшүп көп санаа, Көзүмдүн жашын кулатып. Колдоруң булгап канаттай, Карааның турду узатып... Кең дүйнө болуп керемет, Кебимдин таппай кыябын. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым... Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым...
@teitbekovmoljigit1081 Жыл бұрын
Бийиктен түшкөн мөлтүр суу, Берметтей күнгө жалтырап. Сездирип салкын илебин, Аскага тийип жанчылат. Манаттай күйүп кыр жапкан, Жел өпсө тоонун гүлүнөн. Капчыгай өңдүү күүлдөп, Алдастайт менин дүнүйөм. Алыста жүргөн жан курбум, Жарыма окшоп өзүмдүн. Көзүмдөн учуп карааның, Өрүктөй болуп эзилдим. Көргөзбөй коюп таптакыр, Жетүүгө мага туш кылбай. Көкүрөк санаа, көңүлдөр, Камоодо калган туткундай. Жарыгы болгон мезгилдин, Жарымы күн да, жарымы ай. Тагдырдан күтсөм неликтен? Таптырбай кеттиң, жаным, ай. Кыйчалыш жолдун айынан, Калсам да мезгил өткөрүп. Өзүңө бирөө көз салса, Өрттөнүп кетем, өрттөнүп. Шуулдап күмүш бариктер, Жел жүрсө муздак сыдырым. “Сагындым сизди, агай”,- деп, Жалооруп чыкты шыбырың. Көңүлгө түшүп көп санаа, Көзүмдүн жашын кулатып. Колдоруң булгап канаттай, Карааның турду узатып. Кең дүйнө болуп керемет, Кебимдин таппай кыябын. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым.
@musaakdam90953 сағат бұрын
Кыргызтан молодцы
@tansu9974 ай бұрын
Күтүү бул айыкпас оору, бир күнүмдө бир жылдык сагынычым бар💔
@user-to8mo1kd5o Жыл бұрын
Калмурат Рысколовдун ыры го. Сонун ыр! Рахмат.
@KanatBainazarov23 күн бұрын
Ото сонун чыгыптыр 🎉
@user-ls2tm5mo7o Жыл бұрын
Аске чыгармачылыгың өркүндөп бар бол үнүң өчпөсүн
@user-yd4hb3zu3b Жыл бұрын
Азамат Миргулду бактылуу кылып алып жур садага
@user-tk4mf7nt6h Жыл бұрын
Соонун байке
@user-pl3og3nw2j Жыл бұрын
Аскат иним ийгилик
@user-yv6zx3wf1z Жыл бұрын
Азаматсын Аскат Ишине Албан Албан Ийгиликтер 🥰🥰🥰👍👍👍🌟🌟🌟🌹🌹🌹
@user-xe5kp3ig5j Жыл бұрын
Аскат-мырза! Баракелде...! Бар болуңуз! Таланттынызга таазим... Омурлуу болуңуз,,!
@user-bu4dj6ke5l Жыл бұрын
Талантына таазим балам аябай жакшы чыгарма болуптур ийгилик уй булоон менен тынч бол
@user-oi4nb2gp1pAsAbMa8 күн бұрын
❤
@user-et8mv4hm5j Жыл бұрын
Каражаным иииий! Браво!
@mirguljuma2997 Жыл бұрын
Ийгилик
@user-vg9qq5vr5z Жыл бұрын
АСКАТ АЗАМАТ!!! МЫНДАН АРЫ ДАГЫ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АЛБАН- АЛБАН ИЙГИЛИК.. БААРДЫК ЫРЛАРЫН УККУЛУКТУ....
@user-ql2wd3hx9c Жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@anararaimbekova54305 ай бұрын
🔥🔥🔥🔥🔥🔥
@user-rr2vu7mt6m Жыл бұрын
🎉
@user-xz5fn5hn9h2 ай бұрын
🐖🐕🐕🐕re ne oluyorlar🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣🤣
@chyngyzdzh7236 Жыл бұрын