"Булбулум" Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Армандуу сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Булбулум, булбулум, ай, Буулуккан кургурум, ай. Бул кечте үнүң баспай, Буулуктуң неге мынча, ай, Булбулум, булбулум, ай? Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон, Жашоодо жан жок, эй боздобогон. Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү, Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон. Сайрашың өткөндү эске салып, Санааркайм, ал күндөр четте калып. Буулуккан булбулдай сени жоктойм, Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып. Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Элмирбек Иманалиев.
@user-en8wl4yz8p Жыл бұрын
1
@user-tz4wt1ph9r Жыл бұрын
Ку т
@user-tz4wt1ph9r Жыл бұрын
/
@user-tz4wt1ph9r Жыл бұрын
За
@aizadasultanbekova8395 Жыл бұрын
Өзүңүз окуган ырдын текстин жибериңизчи суранам
@aizirekakylbekovva5 ай бұрын
❤❤эже соз жок ырдап салыптыр
@cholpon6147 Жыл бұрын
Азаматсыңар алтындай жубайлар, бактылуу болгула алтындарым.
@user-ll8bw5jo4g Жыл бұрын
Ооо Баллии, Азаматсынар укмуш аткаруу,укмуш ун менен коштоптолуп ,ырды чырайына чыгара аткарыпсынар , бактылуу болгула,туболугунор туз болсун....
@minuraakaeva6260 Жыл бұрын
Эн бактылуу , эн улгулуу уй-було , коз тийбесин.
@user-xm4ip8kx5w Жыл бұрын
Ширин тугойлор туболукко бирге бактылуу омур сургуло Аскат Миргуль!!!
@user-ct5qo1qh2d Жыл бұрын
Эмне деген талантар аруу боюнча чон сахнада гана ырдап журушсо экен
@shailoobolotova8670 Жыл бұрын
Алла таалам жаман коздон, жаман создон сактасын. Бар болгула, бактынарга еоз тийбесин алтындарым.
@user-rk4up8cw8f Жыл бұрын
Молодцы, аябай жакты.
@user-ni4sr5vt5w Жыл бұрын
Азаматсынар!Абдан жакшы ырдадынар.Бактылуу болгула!
@user-gb3tf8yj3l Жыл бұрын
Сонун чыгарма эн мыкты аткаруу бактылуу болгула
@user-gl4tm6vx6y Жыл бұрын
Аскат, Миргүл эң сонун мыкты аткаруу,талантынарга таазим! Биз силер менен сыймыктанабыз! Чыгармачылык ийгилик каалайм!
@amir_diana_agdalia-4910 Жыл бұрын
Бири бирин коштогон жуп болушуптур🤲 туболук бактылуу болушсун
@user-qy5ps2gc3s Жыл бұрын
Кандай Гана сонун чыгарма.
@user-qj8hz1kx2v Жыл бұрын
Укмуш сонун аткаруу болгон!!!
@user-xm9nw3jl6l Жыл бұрын
Кандай Гана Соонун чыграма Соонун аткаруу Эмне деген Талант журокко жететко чиркин , Миргул Менен Аскат Браттын ырларын Абдан угабыз Жана уккан адамдын жаны эргип эс алатко чиркин, Коз Тийбесинчи силерге Ушунунардан жазбагылачы Алтындарым коз тийбесин Соз тийбесин Аллахым ОЗУ Силердей биздей бактылуу жаштарды Абдан кооп кылсын Ооммииин
@syiynashrova3288 Жыл бұрын
Азаматсынар!Аскат мумкун болсо жаны ырын "Сары ооруну"-да чыгарсан сонун болот эле,ийгилик каалайм.
@elnuraomurbekova2380 Жыл бұрын
Бактылуу болгула,кош жылдыздар
@vdgfhgbccfhjj4808 Жыл бұрын
Кандай журокту езип сооонун ырдаптырсын керемет ун аскат азаматсынар жуззунордон жылмайу кетпесин балам азаматсынар кайра кайра угуп
@user-js2gm2if1u Жыл бұрын
Соонун онорунор оркундой берсин
@user-ds6fn4fb6d Жыл бұрын
Сонун!!!ушунча журоко жете тургандай окшошуп бирин ырдап,бирин суйлоп !!!.Бар болгула силердей окшош жубайлар биринерди биринер толуктап журо бергиле.Чыгармачылык ийгилик каалаймын.
@user-mx6qt4qq2g Жыл бұрын
АЗАМАТСЫНАР бактылуу болгула чыгармачылык ийгилик Уй булоолук бакыт.
@user-sy1pr1pt2h Жыл бұрын
Бактылуу болгула
@user-yh7kj7be1v Жыл бұрын
Эн сонун,балким булар бири бирине бап тугойлор болоорун жараткан озу жактыргандыр...тагдырды алдын ала болжоп да айтып да болбойт экен го...бактылуу болгула,ал озунорго гана байланыштуу.
@user-wb4qt4ol4s Жыл бұрын
Молодец уй булолук бакыт каалайм
@user-tv6th2bx3o Жыл бұрын
Бар болгула,бактылуу болгула,чыгармачылык ийгилик каалайм.Элмирбектин ырлары мыкты аткарылыптыр.
@chykamhoff2150 Жыл бұрын
Мыкты аткаруу, Арман Элмирбектин жаш кеткени, азыркы кунго чейин козго жаш алабыз. Силерге уй булолук бакыт. 🌹🌹🌹
@user-uy3yi1zp1p Жыл бұрын
БАР БОЛГУЛА КАГЫЛАЙЫН АСКАТ МИРГУЛ ЄН ЖАКШЫ ЫРДАПТЫР УН ТАЗА ТУНУУК УНОО БЕРЕКЕ АМАН БОЛГУЛА АЛТЫНДАРЫМ
@nurzategenali3840 Жыл бұрын
Сонун аткарыптыр Миргул азаматсын.
@Zhiu.04 Жыл бұрын
Сонун аткарыпсыңар
@user-of8lr5nl5p Жыл бұрын
Садагалар! Өзгөчө талантсынар!Аман болгула! Өнөрүнор өркүндөй берсин.бактылуу болгула!
@user-et8mv4hm5j Жыл бұрын
Бравооо!
@user-ez2xz3yd7g Жыл бұрын
Бирок баары бир биринчи аялы эки баласына карабай студентине уйлонгону менин журогуму оорутат. Балдары ата мээримин суйуусун сезбей чоноет. Балдарынын коз ирмемдерин ооруган сыркагандарын корбойт (грипп) болуп. Оорубасын омурлору эчнерснден кем болбосун. Биринчи аялы да тын келин. Жамандыгы жок.
@gulzarabdyldaeva9146 Жыл бұрын
Суйом го ушу кыздын ырларын
@user-ez7re4ir5x Жыл бұрын
Сонун
@user-ez2xz3yd7g Жыл бұрын
Аскат ырдаганында соз жок мыкты чыгармаларды аткарат. Бирок аялын балдарын таштап койгону мени окундурот