Рет қаралды 22,658
"Сары оору болдум сен менен"
Убакыт санап, учурун карап,
Уктабай сансыз таң атып.
Көздөрүң жанат көрсөм деп самап,
Көңүлүм көксөп сага ашык.
Э-э-э-ээй
Көз жашым агат, көөдөнгө тамат,
Көчөдө жалгыз баратып,
Жүрөгүм канап, жүрөгүм талат,
Жүзүңдү көрбөй адашып.
Көктөгү жанган, көрүнбөй калган,
Көз боочу жаккан шам белең?
Ой бербей чанган, боздотуп салган,
Боору таш мерез жан белең?
Э-э-э-ээй
Мерчеми тайган, менде көп арман,
Мээнетим кайтпас кар белем?
Жамынып аргаң жай кылып алган,
Жашыруун жанга жар белең?
Кайгырбай качан, кабагым ачам,
Карегим талды сен деген,
Кыялбай атам, кыйнооңду татам,
Кыямат кайым сен белең?
Э-э-э-ээй
Өңүмдөн азам, өзүңдү жазам,
Өмүрүм сенсиз кем беле?
Санаага батам, сагынып жатам,
Сары оору болдум сен менен...
с.о. К. Абылов.