Рет қаралды 181
АТА (котормо)
Бул дүйнөдө тапкан байлыгым,
Эч нерсеге арзыбайт, атам.
Кубат алып жашайм ар дайым,
Ар бир айткан сөзүңдөн, атам.
Кемиңизди билдирбегенсиз,
Ой-санааны сездирбегенсиз.
Сабыр кылып көзүңүздөгү,
Кайгы-муңду көрсөтпөгөнсүз.
КАЙЫРМА
Тоодон түшпөс кар болуң, ата,
Бактым үчүн бар болуң, ата,
Ар намысым өзүңүз, ата,
Бактым үчүн бар болуң, ата.
Барлыгымдын себеби - атам,
Бейишимсиз өзүңүз, атам.
Сиз бар үчүн ысмым аталып,
Атак-даңкка ээ болдум, атам.
Досум, үлгүр. Көзүңдү ачкын,
Атаң барда бооруңа баскын!
Айталбаган сага ичинде,
Жүрөк толо мээрими барын.
КАЙЫРМА
Ооматыма жар болуң, ата,
Бактым үчүн бар болуң, ата.
Узак өмүр тилеймин сизге,
Бактым үчүн бар болуң, ата.
Текст- 8:56 01.03.2022
Сөзүн өзбек тилинен которгон: Гүлзат Кудайбердиева
Аткарган: Илимбек Кадыров.
Аранжировкалаган: Ильяз Абдыразаков. @ilyaz_abdyrazakov_official
Ыр жарыяланган күн: 01.04.2022-жыл.
_____________________________
Өзбек акыны: Абду Азим
@abdu_azim_shoir
Аткаруучу: Достон Эргашев
@dostonergashevofficial