Рет қаралды 95,091
11 жаштагы Байелди бир жаш төрт айынан бери тайэнеси Элмира Мамырбаева багып келет. Небереси экөөнүн жашаганга туруктуу үйлөрү жок. Көп жылдан бери батирден батирге көчүп-конуп жүрүшөт.
Байел үч жашында ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы 10 жылдан бери үй алуу аракети менен Москвада иштейт. Атасы Кыргызстанда, бирок баласы менен байланышы жок. Апасынын тапканы үй-бүлөнүн күнүмдүк оокат-ашынан артпайт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылы Кыргызстан боюнча 288 миң 556 үй-бүлөнү кыдырган. Жыйынтыгында 92 миң 972 баланын ата-энесинин экөө тең миграцияда экени аныкталган. Анын ичине 88 бала ата-энесине туугандык тиешеси жок адамдардан табылган. Бул 18ге толо элек балдар.
Видео: Мигрант Медиа
#Мигрант #Кыргызстан #россия #MigrantMediaCentralAsia
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS apps.apple.com/us/app/id15214...
Android play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus