“Атанын ролу, жоопкерчилиги” Асылбек Жоодонбеков, Санжар Мыкыев, Айзада Жамгырчиева, Урмат Борченов

  Рет қаралды 52,325

OYDO Podcast

OYDO Podcast

5 ай бұрын

Бүгүнкү подкастта: “гумандуу коом”, “ишеним”, “кызганыч”, “үй-бүлөдөгү гармония”, “жеке чек ара”, “баланын индивидуалдуулугун сыйлоо”...
--
OYDO подкасттын алгачкы коноктору педагог, эксперт, агартуучу - Асылбек Жоодонбеков @asylbekzhoodonbe жана алып баруучу, тамада, шоумен - Санжар Мыкыев @sanzharskyi .
Эл алдында өз багыттары боюнча кызмат өтөп жүргөн бул 2 мырзанын подкастка чакырганыбыздын себеби - Асылбек мырза да, Санжар мырза да 3 баланын атасы. Ал эми, бүгүнкү подкасттын темасы жалпысынан “Атанын ролу, жоопкерчилиги” болмокчу.
Бул подкаст үй-бүлө куруу алдында турган кыз-жигиттер жана жаш жубайлар үчүн сөзсүз түрдө пайдалуу болот деген ишенимдебиз.
подкастты алып баруучулар:
Алып баруучу, ырчы, актриса - Айзада Жамгырчиева @aizada_jamgyrchieva
Алып баруучу, тамада, шоумен - Урмат Борченов @borchenov
Подкасттын артында турган команда:
Antares Creative Group - / @antarescreativegroup
Каналга катталыңыздар, кызыктуу коноктор менен кызыктуу маектерди көрүңүздөр!
Студия: @want.studios
#КыргызчаПодкаст

Пікірлер: 421
@OYDOPodcast
@OYDOPodcast 3 ай бұрын
Достор, биздин OYDO Podcast долбоорун колдоп, ,биздин каналыбызга катталып жана бул видеону досторуңуз менен бөлүшүп жана лайк басканды унутпаңыз ❤
@user-mx8mj9sj4i
@user-mx8mj9sj4i 3 ай бұрын
Сонун подкаст баштапсынар,ишинерге ийгилик,ар бирин угуп чыктым,моокумум канды,кулактын кычуусу канды......
@user-rf1fz3nf4v
@user-rf1fz3nf4v 3 ай бұрын
БААРДЫК ПРОГРАММАНАРДЫ КОРУП ЧЫКТЫМ, СУКТАНЫП АЯБАЙ СООНУН ТЕМАЛАР ЕКЕН.УРМАТ САНЖАР ВАПШЕ СООНУН АДАМДАР СОЗГО ЧЕЧЕН.АЙЗАДАГА ПРЯМ СОЗ ЖОК ТЕНИНИ ТАП.АЛАЙДАН САЛАМ.ЛЮБЛЮ ВАС❤❤❤❤❤❤
@user-rh8lm4ed8m
@user-rh8lm4ed8m 3 ай бұрын
Первый Кыргызский качественный подкаст 😍Как спокойно ведете беседу 🫰😍😍😍
@user-mu6dv2wt5o
@user-mu6dv2wt5o 3 ай бұрын
Не говори прям жить хочется
@Litrshto
@Litrshto 3 ай бұрын
Кыргыз тилибизден айланайын, кандай гана жагымдуу угулат. Кантип убакыт өтүп кеткенин байкабай калдым, өзүм сиздер менен отуруп сүйлөшүп, баарлашып жаткандай болдум☺️ Азаматсыздар! Подкаст үчүн ыраазылык)
@user-on7kg9rp9r
@user-on7kg9rp9r 3 ай бұрын
Санжар Мыкыев ото билимдуу инсан экен.
@user-ft2mc2eh9k
@user-ft2mc2eh9k 3 ай бұрын
Асылбек Жоодонбеков абдан билимдуу жигит экен,ушундай жигиттер коп болсун.Азаматсын👏👏👏👍👍👍
@ChynaraAibek_
@ChynaraAibek_ 4 ай бұрын
Амеей, бизде да ушундай соонун эркек кишилерибиз бар экен ❤💜Көп болсун
@nuraiymasylbekova7868
@nuraiymasylbekova7868 4 ай бұрын
Мыкыевде акыл ото кучтуу экен🎉
@user-mo2qk9io8t
@user-mo2qk9io8t 5 ай бұрын
Асылбек Жоодонбеков байке соонун ойун жеткизет экен.Коз карашы омурго гуманитарный 👍👍👍👍👍👍
@naziksydykova755
@naziksydykova755 5 ай бұрын
Абдан маанилүү суроолорду көтөрүп, талкууга чыгарганыңыздарга чоң ыраазычык билдиргим келет! Кыргызымдын ушундай аталары бар болгонуна абдан кубанычтамын🥹 Айзада Жамгырчиева, туура, маанилүү суроолоруңузга рахмат! Ишиңиздерге ийгилик!
@user-cs6vg2nb1h
@user-cs6vg2nb1h 3 ай бұрын
Мен да кошулам жашоодо эн маанилуу ,пайдалуу ,эн мыкты эфир Ийгилик каалайм дагы эфирлерди кутобуз
@jirioutsi8576
@jirioutsi8576 3 ай бұрын
Азыркы заманга ылайык эн жакшы программа экен. Кээ бир эркектер улгу алчу программа экен.
@user-em2el9hy4i
@user-em2el9hy4i 5 ай бұрын
Менин жолдошум эки кызымды тең киринтет, андан кийин тырмактарын алат. Кичинекейинде подгузниктерин алмаштырып, тазалап, жалаяктарынан бери жууп салчу. Менин жолдошум кыйласынан мыкты күйөө турбайбы көрсө, жаным десе
@user-oq2yz4mt8l
@user-oq2yz4mt8l 2 ай бұрын
Ойбоой ажайып маек болуптур. Кандай гана маданияттуу аталар. Уккан кулак сүйүнөт. Бизде да төрт кызыбыз бар Аллага шугур. Кыздарымдын атасы сиздерден кем эмес экен .
@BarchynAian
@BarchynAian 3 ай бұрын
🔥 Вы супер!!!! Борченов, Жамгырчиева 👏👏👏 Особенно Урмат супер задумка!!! Ишинерге ийгилик!!! А гостей прям идеальных находите!!!
@user-vy7vr8lf1z
@user-vy7vr8lf1z 5 ай бұрын
Подкасттын сапаты өтө бийик болуптур(картина, свет). Ийгилик ишиңерге, азаматсынар!!
@BurhanKukanov-yp5bz
@BurhanKukanov-yp5bz 3 ай бұрын
А. Жоодонбековдун ой жүгүртүүсүнөн Санжардын ой жүгүртүүсү бир топ жогору экен. Оор басырыктуу, маанилүү, ойлонуп сүйлөйт экен. А Жоодонбеков шашкалактап, кыска ойлонуп, токтоло элек баладай сүйлөгөнүн байкадым.
@user-em2ui8ve1s
@user-em2ui8ve1s 3 ай бұрын
Жашым 27 де, уйлоно элекмин бирок подкастарынар журоко синип атат
@user-mi6nc9dr8k
@user-mi6nc9dr8k 3 ай бұрын
Кыздан откон алтын жок❤бизде 1кыз 3уул!балдарыма Аллахым ыйман берсин 🤲кызым принцесса биздин уйдо👸💎
@user-tv1gu1jz3k
@user-tv1gu1jz3k 3 ай бұрын
Мыкыев, мыктынын мыкты мырзасы👏👏👏
@user-eu8do5nj4p
@user-eu8do5nj4p 3 ай бұрын
Кыргызымдын кыйын мырзалары 🔥🔥🔥 Айзада синдим накта Таласстык💯💯💯 Аллахым суйгон пенделерден болгула ЧООН РАХМААТ АБДАН СООНУН ПОДКАСТ БОЛУПТУР ♥️♥️♥️
@tilektynymseitovich9630
@tilektynymseitovich9630 3 ай бұрын
Акыл жаштан Асыл таштан.жаш болушса да анча мынча чондоргоо Караганда 👍👍👍
@NazikIshenova
@NazikIshenova 3 ай бұрын
Биздин элдин да арасында ар түркүн подкасттар жайылып жатканы абдан кубандырат. Ийгилик!!!
@nastyan8441
@nastyan8441 4 ай бұрын
Очень радует что вытаскиваете на качественное обсуждение такие важные темы
@user-vb4cq3ik4u
@user-vb4cq3ik4u 3 ай бұрын
47:40 Санжар ушунчалык акылы жетик, ойлонгон денгээли терен адам экен. Жакшы ата жана мээримдуу жолдош экени корунуп турат. Ушундай эркектер кобойсо , аялдар бир кыйла бактылуу, сыйлуу болушмак.
@jymkasamojs3783
@jymkasamojs3783 4 ай бұрын
Сонун сонун маек болдуу эркек деп ушуларды айтса болот мен сыймыктанам сиздер менен
@user-px8jv4kc4c
@user-px8jv4kc4c 5 ай бұрын
Жалан профессионалдар чогулгансыздар го. Ортодон 1 да секунда созсуз моменттер болгон жок. Ото сонун.
@user-js5fi3vr2x
@user-js5fi3vr2x 3 ай бұрын
Ар бир чыгарылышарды абдан кызыгуу менен тамшанып кором. Керектүү, маанилүү темаларды талкуулайсынар. Алып баруучулар да мыкты коюлган, а Урмат мырзанын үнү жана тембры өзгөчө жагымдуу , кыскача айтканда эн сонун , азаматсынар! Ишинерге ийгилик каалайм , дагы көп-көп подкасттарды күтөбүз! 👍🏻❤
@janbotoevy9496
@janbotoevy9496 3 ай бұрын
Айзада, балдар, абдан жакшы подкаст болду. Биздин жаштар жакшы суйлогонду билишет, турмушка туура коз карашта. Ишинерге ийгилик!
@user-ip4mf6pn7r
@user-ip4mf6pn7r 15 күн бұрын
Дагы ушул состав менен подкаст кылыңыздар, 5 саат болсо дагы угат элем!
@ibaratkozhomurat4473
@ibaratkozhomurat4473 3 ай бұрын
«Жашоону балдар менен Сону тойо тойо жашаш керек экенбиз,тарбиянын ОЗУ ушул !» Эн сонун тарбия деген эмне деген мааниси!
@user-mb5gq8rc7g
@user-mb5gq8rc7g 3 ай бұрын
Я болдею от этого подкаста, процветайте ❤❤❤.
@user-ip4mf6pn7r
@user-ip4mf6pn7r 15 күн бұрын
Ушунча сонун подкаст, кулагыбызга күмүш сырга болду.
@karalevakoreleva
@karalevakoreleva 3 ай бұрын
САНЖАР МЫРЗАДАЙ КУЙОО НАСИП КЫЛЧЫ ООО АЛЛАХ❤❤❤
@user-gx4pp5bt1g
@user-gx4pp5bt1g 3 ай бұрын
Асыл байке ушул жашта тушунуктуу, современный, мудрый экен! Деги эле ушундай мыкты мырзалар коп болсун! Подкас соонун, познательный болуптур
@user-tv8fv1bq9k
@user-tv8fv1bq9k 3 ай бұрын
Эн сонун маек болуптур. Менин жолдошум дагы кызыбызды озу жуунтуп жардам берчу. Жаны больницадан чыгып келгенден 4 ай откончо жолдошум жуунтуп берчу. Эртен менен тамак жасап жумушка кетчу, кечинде келип кызыбызды жуунтуп озу карачу. Азыр кызыбыз атасы менен аябай жакын. Мен аябай бактылуу аялмын.
@user-sy6gx9lo4s
@user-sy6gx9lo4s 4 ай бұрын
Аябай соонун маек болуптур төртөөнөр тен аябай мыкты инсан экенсинер өтө керектүү теманы тандапсынар Уландысын күтөбүз❤❤❤❤❤
@user-kq1xv7mr4c
@user-kq1xv7mr4c 4 ай бұрын
Дагы Бир чыкыруу керек аябай жакшы маек коп жакшы нерсе айтылды
@aidaaidar6841
@aidaaidar6841 5 ай бұрын
Кандай керемет! Аябай керектүү подкаст. Кыргыз тилди өнүктүрөлү
@user-yn3lk6xi6y
@user-yn3lk6xi6y 4 ай бұрын
Кыргызча сонун берүү болуптур. Маанилүү коомдук маселелерди Асылбек байкедей туура багытка үндөп, талкуулап, бара-бара коомубуз оңолоттур. Ушундай чыгарылыштарды улантып, өркүндөтүп кетишиңерге тилектешмин, ийгилик каалайм.
@user-df5ie1os2c
@user-df5ie1os2c 2 ай бұрын
Менин жолдошум да жакшы жардам берет даже эрте менен тиштерин жуудрат, баняда озу жуундуруп чыгарат❤
@user-hc2lt8kh9q
@user-hc2lt8kh9q 2 ай бұрын
Отто маанилуу соонун создор коп нерселерди алып жатам,жыргап элестетип коруп жатам,балдар молодцы
@user-ce6zj3pm5y
@user-ce6zj3pm5y 4 ай бұрын
Азыркы муундарга жакшы тема көтөрүп чыгыпсынар. Азаматсыздар аталар!
@trevelvs4855
@trevelvs4855 4 ай бұрын
Менин куйомдун жини тез келет бирок уй булону аябай коргойт ,мээрим берип ар куну суйлоп турат эркелетип жубайыны кызыны дагы Аллахыма шугурлор
@user-st6bs9mz8h
@user-st6bs9mz8h 2 ай бұрын
Аа иии менин жолдошум да мыкты экен. Балдарыбызды чогу жуунткан бул өзү ырахат. 2-3жолу баштан аяк өзү эле жуунткан. Жуунткандан кийимин толук өзү кийгизет.
@user-mb5jt1wz9l
@user-mb5jt1wz9l 3 ай бұрын
Кыргызча чындыгында мыкты подкаст болуптур👍 Азаматсыздар. Маанилуу темалар козголду. Балдарыбызга туура жол корсоткон ата - энелерден бололу🤲
@toktobuaidaralieva-qo1pi
@toktobuaidaralieva-qo1pi 4 ай бұрын
Эң маанилүү маек болуптур.Жакщы кеңештер,ата энелер учун соонун кеп кеңешиер айтылды .Жаштар учун эле эмес баарыбызга тиешелүү кептер айтылды.Сонун берүү болуп,пайдасы тие турган кеңештер айтылды ЫРАХМАТ.
@user-hn6tw3qe1p
@user-hn6tw3qe1p 3 ай бұрын
Мыкты мырзалар экен!!Кыргыздын ушундай мырзалар көбөйсүн!!Алып барчуу туура эмес болуп калыптыр!!
@tamarakholboeva2952
@tamarakholboeva2952 23 сағат бұрын
Физикалык жактан гана эмес, моралдык жактан да Ата болгонго даяр болуш керек деген соз абдан жакты
@user-bn9dk7en6p
@user-bn9dk7en6p 5 ай бұрын
Өтө сонун подкаст болуптур. Ийгилик. Азаматсынар. Кандай гана билимдүү инсандар чогултуптур бул жерде 👏🏻👏🏻👏🏻💣💣💣
@karalevakoreleva
@karalevakoreleva 3 ай бұрын
САНЖАР МОЛОДЕЦ ОТО ТЫНШАП УКТТУМ КЫЗДАРДЫ ЖАКШЫ ТАРБИЯ БЕРЕ БЕР БЕЙИШКЕ КИРЕСИН 3 КЫЗДЫ ТАРБИЯ БЕРГЕН АТА БЕЙИШКЕ КИРЕТ ДЕЙТ КУРАНДА❤❤❤
@jiydeabdinazarova7493
@jiydeabdinazarova7493 4 ай бұрын
Сонун! Санжар аке аялына кандай көмөктөшөрүн угуп өзүмдүн жолдошумду көрдүм. Менин жолдошум да кызыбызды кийинтет, тырмактарын алып берет, курсагын тойгузат, жуунтканда жардамдашат жалаяктарын алмаштырып коёт. Негизи башында бул да "ай памперсин карап койчу, тырмагын алып койчу, кийимин которуп койчу" дей берчү. Наристе кезинде балким кармагандан коркот беле айтор, көп каралашчу эмес. Анан акырындан мен да бул жалгыз эле менин кызым эмес, сенин да кызың, сен деле карасаң эч жериң кемип калбайт. Карасаң өзүңдүн кызыңды карап атасың деп айтып түшүндүрүп, азыр кызыбыз 1,5 жаш баарын жасайт. Какашкасын да тазалайт 🤭 азыр. Кандай үй бүлөдө чоңойгону да чоң таасирин тийгизет экен. Мисалы бул жакта кайненем ай, сен карамак белең аялың карасын деп турат да. А менин үй бүлөмдө атам үйдө болсо жардамдашып, бизге тамактарды жасап берип турчу. Улуу эжемдер айтат апам төрөгөндө апамдын ич кийим, майда-чүйдөсүн бизге да жуудуртпай өзү жуучу. Биз деле чоң эле экенбиз анда депчи. Ошондой атмосферада чоңойгонум үчүн азыр жолдошумдан суранбай эле талап кылам мен.
@user-ih7gp5cp2g
@user-ih7gp5cp2g 4 ай бұрын
Айзада балким таанышып , маек кылып коробуз , мумкун бири бирибизге дал келебиз
@projectnex757
@projectnex757 3 ай бұрын
Негизи эле комментарий жазып убакытымды кетирчуу эмес элем. Бирок бул подкаст жогорку денгээлде , аябай пайдалуу болуптур . Жалан улгулуу Мырзалар чогулуптур. Озгочо биздин акыркы убактагы олкодогу зордук зомбулук кучоп турган убакта . Калкыбыздын аң сезимине жакшы таасирин тийгизээр деген умуттомун. Айзада бактын ачылып озуно тактытуу Мырза сени тапсын демекчимин.
@Karagat4099
@Karagat4099 3 ай бұрын
Отто мыкты подкаст болуптур, жогорку денгеелде.Коомдо ото чон жанылыштык бар подкаблучник деген,айтайын дегеним , уйбулоого,жубайына болгон сый урматты подкаблучник деп чаташтырып албаш керек....
@user-ke9jh7cv5j
@user-ke9jh7cv5j 2 ай бұрын
Санжар Мыкыев эн туура айтты" баарына "баарына" баарыбир ☝!
@user-si8wd8nm1h
@user-si8wd8nm1h 3 ай бұрын
Соонун канал экен. Токтотпогула. Ушундай мыкты эркектер бар экенин билбептирмин❤
@user-bq8qc1ln5l
@user-bq8qc1ln5l 3 ай бұрын
Биринчи Кыргызстандагы соонун подкаст. ❤❤❤
@user-mu5uj8zs5n
@user-mu5uj8zs5n 4 ай бұрын
СОНУН ТЕМАЛАР БОЛДУ...БААРЫНЫЗДАРГА РАХМАТ...ТОКТОТПОНУЗДАР
@user-bo3yp4rx1f
@user-bo3yp4rx1f 3 ай бұрын
Эн туура , ар Бир кунду майрамдай жашаш керек❤❤❤. Сыймык , что бизде ушундай туура ан сезими мн жигиттерибиз бар .
@Nukura_kyrgyz_uulu
@Nukura_kyrgyz_uulu 3 ай бұрын
Санжар менен Борченов катышкан ар бир эфир кызыктуу. Билимдуу инсандар
@user-wz3us6sw8d
@user-wz3us6sw8d 2 ай бұрын
Айзада айым ушунчалык жөнөкөй экениңизди ушул передачаданан билдим😊❤
@bakdoolotsharshembieva6245
@bakdoolotsharshembieva6245 4 ай бұрын
Эң соонун маек болуптур ар бир сөз 1000% туура , бир гана Санжар мырзанын сабоо дегенинен башка, бирок аныда тууралап тактап кетти азаматсынар❤
@user-yy2sn4mj9f
@user-yy2sn4mj9f 3 ай бұрын
Жашоонун чындыгы жонундо (реалистично)бироосу дагы суйлогон жок,булар ойлорун жана кыялдарын гана суйлошуп койду окшойт…,бирок чыныгы жашоо совсем башкача да…озунор суйлоп жаткандай жашап жатсанар анда Азаматсынар!
@eldiiaralmambetov732
@eldiiaralmambetov732 5 ай бұрын
Сонун чыгарылыш М-Банк болсо жазып коюңуздар салымыбызды кошолу.Пайдалуу подкаст Keep it up 👍
@user-xw6oq5nn6b
@user-xw6oq5nn6b 3 ай бұрын
Асылбек Жоодонбеков,❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤👍Санжар Мыкыев,Урмат❤❤❤❤❤ Борченов,Айзада Жамгырчиева ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@beknazarsaitov668
@beknazarsaitov668 5 ай бұрын
Мыктысыздар! Жакшы көйгөйлөрдү көтөрүп жатасыздар. Мындан башка дагы жакшы маселелерди көтөрүп чыгасыздар деп ишенем.
@Basyz1988
@Basyz1988 4 ай бұрын
Молодцы чыныгы создор
@user-bg1ue2ny9q
@user-bg1ue2ny9q 3 ай бұрын
Кыргызымдын мыкты жигиттери бар болгула,башкаларга жугуштуу болсун
@Beksultan.Abihalil
@Beksultan.Abihalil 4 ай бұрын
Ассаламу алейкум бир туугандар ото пайдалуу долбоор баштапсынар ийгилик каалайм! Катталуучунар милионго жетсин! Ушунтип соз бакган кишилерди жыйнап мадинитка кызмат кылабергиле! Озум Москва да иштейм 12 жылдан бери 2 балам бар Кудайга шугур баарына бактылуу к каалайм!
@user-jh1ms9rn9u
@user-jh1ms9rn9u 3 ай бұрын
Угуп отуруп ыйлап жибергим келди.Эн туура,маанилуу создорду суйлодунор
@user-ri6od5vr8q
@user-ri6od5vr8q 3 ай бұрын
Супер😍😍😍 смотрю с восхищением ❤ менин да жолдошум аябай жакшы адам, жардам берип конулумду которуп турат❤️❤️❤️
@user-ln7th7eo7t
@user-ln7th7eo7t 5 ай бұрын
Аябай сонун маек болуптур. Жакшы алып баруучу менен жакшы жаны турдогу, жаны форматтагы передача. Бул подкаст эмес. Подкаст деген башкача болот негизи. Мааниси башка.
@user-dr7xq9eu1e
@user-dr7xq9eu1e 4 ай бұрын
Аябай таасирлүү подкаст үчүн ыраазычылык айтам, дагы күтөм🙏
@n_nuriddin_n
@n_nuriddin_n 3 ай бұрын
😊ата- энемдин 1 уул 5 кызы болду. Аттарын Тажыкан, Авазбек, Акылай, Каныкей, Кундузай Акчолпон деп коюшкан. Атам да, апам да абдан суйуп чонойтушкан. Эч качан уул же кыз каалайбыз деп ойлонуп да койушпаптыр! Чоон Ырахмат! Атама! Апама!
@usermenxiz
@usermenxiz 3 ай бұрын
Санжар Мыкыевдай сонун адамдар коп болсо Кыргызстанда)
@user-wb8vn6oo4m
@user-wb8vn6oo4m 5 ай бұрын
Жакшы Теманы талкуулапсынар. Молодцы
@trevelvs4855
@trevelvs4855 4 ай бұрын
Санжарский аялына Рахмат сени менен жашаганына
@marinakulunova3920
@marinakulunova3920 2 ай бұрын
Эркектердин аң сезимин эркектер өзүңөр эле көтөргөнүңөр туура экен. Мага жакты. Сонун.
@user-xy8yb8mq8g
@user-xy8yb8mq8g Ай бұрын
Коноктор эле эмес,алып баруучуларда дээнгели мыкты. Сонун суйунтуп жатасыздар
@user-ur3tu7ye2g
@user-ur3tu7ye2g 3 ай бұрын
Айзада турмушка чык , жанында отурган мырзалардай жакшы мырза туш болсун. Бактылуу бол
@naziradjunusheva8334
@naziradjunusheva8334 4 ай бұрын
Эң маанилүү маалымат болду.Рахмат сиздерге!
@saadatjoomartova4571
@saadatjoomartova4571 4 ай бұрын
Ото жогоркуу денгелдээги подкаст болуптур. АЗАМАТСЫЗДАР! 👍👍👍
@azaerik
@azaerik 5 ай бұрын
Кыргыз тилинде подкаст 🎉
@Bakybaii
@Bakybaii 5 ай бұрын
Жакшы долбоор экен иигилик 🔥🔥🔥
@user-kt7my8ey9e
@user-kt7my8ey9e 3 ай бұрын
Айзада ото акыолуу,сонун келин болот.уй булосундо эч уруш кыльай,наоборот гармония жаратчу келин болот,буюрса
@Aika9708Kamilova
@Aika9708Kamilova 28 күн бұрын
Сонун майек болуптур коп коп билимдуу жакшы адамдар конокто болсун
@user-dn2mz6kn6h
@user-dn2mz6kn6h 4 ай бұрын
Соонун маэк болуптур,кооп маанилуу тарбиялык создорду уктум,озумо коп тарбиялык сабак алдым бала тарбиялоо боюнча
@JypargulIsmailova-hs5dy
@JypargulIsmailova-hs5dy 3 ай бұрын
Арбаңыздар урматтуулар ,уул балабы,кыз балабы бул биринчиден Алладан ата-эненин суранычынан, анан берген бир Аллахымдан.Негизи Алладан сураганда эл үчүн эмес,эл эмнедейт эмес,өзүңдүн мүдөөңө жараша сураган жакшыраак дейм. Мисалы;сиңдим айткандай кайын -журтка батып кетүү жол эмес, ал ар-бир пенденин каалосу болуш к/к.Мисалы;мен да кеч турмушка чыкканм,ушул жолдошумду Кудайдан аябай сурагам,сураганымды берди😊,кеч да балалуу болдук, Кудайга шүгүр. Биз балалуу боло электе атабыз кыз дечү да ал оорзунун учунан эле да,эмнеге десем эми кыз сага жакшы да,сага жардамчы болот деп койчу.А мен эркек уул болсо,аял кишинин түйшүгүн түшүнгөндүктөн мен биримчим уул болсун дечүмүн,анкени аял кишинин кылган иши көрүнбөйт-билинбейт, үй ичин өзүм эле бүтүрөм.Уул болсо,уул,,Элин-жерин,, багат анын ичинде бир ата-энесин кошо багат. Оо Кудай биринчтбизди уул бер деп тиленчүмүн.Кудайга шүгүр Аллага чексиз ыраазычылык,кандай ниетте сурасаң берет .Баарыңыздарга чооң рахмат, мен баарыңыздарды жакшы көрөм.
@user-dw2kc2cg5l
@user-dw2kc2cg5l 3 ай бұрын
Азаматсынар Кыргызымдын жигиттери, Санжар, Урмат кече эле кичинекей жигит эленер уйлонуп балалуу болуп чон жигит болгон турбайсынарбы. Бактылуу болгула.
@user-gy4zc3te6e
@user-gy4zc3te6e 4 ай бұрын
Абдан сонун подкаст. Эн керектуу, жана актуалдуу тема. Тарбия биринчи орунда турат. Жеке чек ара туралуу эн орчундуу тема. Мен абдан колдойм. Ийгилик ишинерге!
@user-mw3il9dh7n
@user-mw3il9dh7n 3 ай бұрын
Айзада создорун аша чапкандык
@catsanddogs2031
@catsanddogs2031 3 ай бұрын
Затронули очень важные темы, помню как папа избивал нас и говорил что не хочет дочек, правильно сказали что родители не состоявшие в жизни избивают детей, хотя я взрослая пытаюсь простить их но никак не получается! Даже сейчас когда я хорошо зарабатываю побывала во многих странах надеясь оправдать их ожидания, но вместо поддержки и хвалы получаю зависть и насмешку(
@user-bl4nz4vm9p
@user-bl4nz4vm9p 4 ай бұрын
Эн сонун бар болунуздар! Сиздерден жаш болочоктогу аталар улгу алышсын ❤❤❤
@zhiidegultemirchieva3116
@zhiidegultemirchieva3116 5 ай бұрын
Абдан сонун беруу болуптур, кийинки чыгарылышын кутобуз
@user-gw9fq5sm4b
@user-gw9fq5sm4b 3 ай бұрын
Санжар мырзанын кийинки балдары уулдар болот
@aizatesenbekova1648
@aizatesenbekova1648 19 күн бұрын
аябай сонун, ушуларды угуп коомубуз онолсун буйруса👏
@user-rt1jj3if6o
@user-rt1jj3if6o Ай бұрын
Кийинки конокто Нуржигит агайды күтөбүз 💗
@user-pi2cg6hc6g
@user-pi2cg6hc6g 4 ай бұрын
Мыкты подкаст, силерди угуп келечектеги ата-энелер жакшы таасир алат деген ишеничтемин. 58минут кантип откону билинбей калды, дагы да уга бермекмин силердин маегинерди.
@user-kn7eg1bz6j
@user-kn7eg1bz6j 2 ай бұрын
Айзада люблю эту девочку ,красивая ,умная❤❤❤❤❤
@gulnura.dzhunsaeva
@gulnura.dzhunsaeva 4 ай бұрын
Азаматсыгар🔥🔥🔥🔥🔥Осуп онгуло 🤲🤲🤲🤲🤲Сонун паткаст болуптур 👍👍👍👍👍👍👍
@user1988A
@user1988A 5 ай бұрын
Санжар молодец. Жакшы айтты
I PEELED OFF THE CARDBOARD WATERMELON!#asmr
00:56
HAYATAKU はやたく
Рет қаралды 38 МЛН
FOOTBALL WITH PLAY BUTTONS ▶️ #roadto100m
00:29
Celine Dept
Рет қаралды 72 МЛН
Кәріс тіріма өзі ?  | Synyptas 3 | 8 серия
24:47
kak budto
Рет қаралды 1,7 МЛН
Indian sharing by Secret Vlog #shorts
00:13
Secret Vlog
Рет қаралды 44 МЛН
Цахим сайдтай цахим хөгжлийн талаар ...
17:43
Гүлмира Турсунбаева: “Жашоодо чыкпаган эмоция кинодо чыгат”
1:16:53
Nazira Aytbekova Назира Айтбекова
Рет қаралды 179 М.
I PEELED OFF THE CARDBOARD WATERMELON!#asmr
00:56
HAYATAKU はやたく
Рет қаралды 38 МЛН