Рет қаралды 226
Жашоомдо орун жоктугун билип жүрөгүмдөн түнөк таптың.
Ойлорумда жашоону эңседиң. Макул болдум.
Кыялдарымда түбөлүк калууну кааладың. Калдың.
Санааларымды ээледиң. Унчукпадым.
Үмүттөрүм бүтүн сендик болду. Ошого да ыраазы болбодуң.
Ырларымдын ар бир сабында жашайсың.
Карегиме элесиңди түшүрүп кеттиң. Канымдасың!
Айтор, тынчтык бербей келесиң. Жок дегенде түштөрүмдө жолукпачы!
Сен үчүн сенсиз жашоого көнүгөм.
Автор: Гүлзат Кудайбердиева
Окуган: Адилет Амангулов
@user-gs3pq7hs1v