Рет қаралды 40,593
Ээ мен коркпойм, байыңан да чоңуңан да,
Калчап көргүн, солунан да оңунан да.
Мен жөнүндө жаман айтпа десең эгер,
Өзүм дебей, элдик адам болгун анда.
Эй уккула акчалуунун малайлары,
Коркутушкан силердейдин далайлары.
Мен корком, жалгыз гана Жараткандан,
Жалгыз Кудай, жанымды да алаар дагы.
Жолун тостум коркту дебе унчукпасам,
А мен унутам бир күндө эле тынч уктасам.
Ээч нерсе боло электе асылдыңар,
Болбой калды тилимди курчутпасам.
Жаратканым туткула деп динди берген,
Жакырларга жардам бер деп дилди берген.
Байдын дагы кедейдин да кылгандарын,
Баарын айт деп сайраган тилди берген.
Сүйлөй берем ал тилим жоголгуча,
Жашылданып мекеним оңолгуча.
Алдым жуттум заманы болуп жатса,
Айткылачы айтпаска айла канча.
Баарын көрүп ичиме каталбаймын,
Башым катып, тынч уйкуга баталбаймын.
Башкалардай коркуп чындык айталбай,
Байкуш болуп жашынып жаталбаймын.
Айтып турсам бар чындыкты эл билсин деп,
Ар кимиси коркутушат сен кимсин деп.
Акым бар айтууга айта берем,
Акылсызга бир аз акыл кирсин деп.
Арам менен байлыкты жыялбайсың,
Акчаң менен тилимди кыялбайсың.
Башымды оңой эле кесе аласың,
А бирок тилимди тыялбайсың.
__________________________________________
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
/ temirovlive
Биздин тик-ток - / aytaytdese
Инстаграмыбыз - / aytaytdese
#айтайтдесе #темировлайв #Акын