Рет қаралды 138,521
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.
Орусиянын президенти Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийин Бээжинге барды. Ал Кытай лидери Си Цзиньпинден аскердик жардам сурайт деп күтүлүүдө.
Экс-депутат Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетинде “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын ишине байланыштуу сурак берип чыкты. 2021-жылы ал ушул фракциядан депутат болуп, бир айга жетпей мандатын тапшырып кеткен.
#нарматова #мадумаров #бүгүназаттыкта #жанылыктар
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzfaq.info/love/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus