Зомбулукту күчөткөн кайдыгерлик | "Эже сиңдилер"

  Рет қаралды 80,546

Азаттык

Азаттык

Ай бұрын

Кыргызстандагы айрым кризистик борборлор соңку жылдары эркектер өз аялын менчигиндей көрүп, каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар көп катталып жатканын айтып келет. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө коомчулуктагы кайдыгер, көңүлкош мамиленин таасири канчалык? Эгер сиз аял ур-токмокко алынып жаткан учурга капысынан күбө болуп калсаңыз сиздин аракеттериңиз кандай болмок? Жардам берүүгө аракет кыласызбы же бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишпейм деп басып кетесизби? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөшү, ага карата коомдун мамилеси тууралуу сөз кылабыз.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzfaq.info/love/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus

Пікірлер: 479
@elnur415
@elnur415 Ай бұрын
Закон кучуно кирсин дегендер лайк басабыз
@user-fw5yk3os4l
@user-fw5yk3os4l Ай бұрын
Менин синдими эки баласы менен ажыраштырдым,куйоосунон 12жыл зордук зомбулук коруп,бизге айтпай журо бериптир.Уйго келсе кулуп жайнап билгизбей,Москвага келип иштеп кеткиле деп чакырып калдым,балдарын мектепке бердим,анан бир эки жолу кичине чекесин чыгарып кол которот деп калды,бир кун ыйлап чалыптыр келет окшойсуз мени уруп жатат деп,барсам бычак кармап алыптыр учоонун бироосун соем азыр деп,балдары коздору жалдырап бурчта учоо,анан акырыын алдадым кел жакшына суйлошолу деп,анан озун басып бычагын таштаганда,азыр мен таксини кетирип келейин отура тургула деп алдап,эшике чыгып милицияга чалдым,5минутага жетпей артыман кирип келишти,депортация кылып бергиле тынч апасынын алдына барсын дедим алып кетип андан ары самолётко салып жиберишти.Азыр кудайга шугур синдим балдарын озу эле гулдой кылып карап журот,арасында жардам берип турам. Менин айтаарым бир тууган,жакындар кайдыгер карабасаныздар.
@aigerim2443
@aigerim2443 Ай бұрын
Сиздей бир туугандар коп болсун. Кайдыгер карабай бир тууганга куйгондор коп болсун
@user-in9qz4xm1j
@user-in9qz4xm1j Ай бұрын
Аллхым сактаптыр синдинизди
@user-ud2el2nw3k
@user-ud2el2nw3k Ай бұрын
Бар болунуз.
@user-oj2jr8qm5c
@user-oj2jr8qm5c Ай бұрын
Окунучтуу,аялдарга зордук-зомбулук,жаш кыздарга ыплас ыдык корсотуу куч алууда.Кайдыгер карабагыла, алдын алгыла,качкыла.Озунорду аягыла,коркпогула кыз-келиндер!
@user-tr1rr2qj7z
@user-tr1rr2qj7z Ай бұрын
Туптуура кылгансыз
@user-kj4kp9zs2k
@user-kj4kp9zs2k Ай бұрын
Кыздарымдын келечегинен корком. Азыр эркектер ажылдаганда ажаан аял бул жакта калат экен.Тобоо! 😢
@InspireU__
@InspireU__ Ай бұрын
Бир гана аял киши зордук зомбулук көрбөйт Кыргызстанда. Мен 24кө чыктым. Эркек баламын, бирок кичинекейимден бери мени деле тууган-туушкан жаман көрүп сабап келишчү. Уруп, тепкилеп, жаман сөздөрдү айтып, бирок мени коргой турчу эч ким жок болчу. Азыр деле менин тарабыма чыгып, мени коргой турчу киши жок. Ата энем сен күнөөлүүсүң, тентексиң, чыдашың керек деп айтышчу. Бирок, бул нерсе туура эмес экен көрсө. Азыр өзүмчүлөп жашайм, бирок кадимкидей сергип, эркиндикти сезип калдым. Жаман адамдардан алыс болуп, психикасы өлтүрбөйүн деп чечкем, шүгүр жашоо башкача сезилип калды😊. Эмне бар кордук көрсөтүп жаткан адамдар менен жашап? Кетип калган туура болот. Андан көрө кийинки муунду туура тарбиялайлы. Кыздарыбызды, балдарыбызды. Жакшылык, мээримдүүлүк көргөзүп чоңойтолу. Жакшы муун өсүп келе жатат. Эркексиңерби, кызсыңарбы, айрымасы жок, эң башкысы өзүңөргө жаман мамилени жасатпагыла. Өзүңөрдү сыйлагыла. Кызсың, эркексиң деп бөлбөй, бирдей мамиле менен өстүрүп, жакшы тарбияланган коом түзүшүбүз керек.
@user-sv8cu6tn8s
@user-sv8cu6tn8s Ай бұрын
Держись
@psinschktz1192
@psinschktz1192 Ай бұрын
Ооба, алсыз коомдо кимге алы жетсе, ошолорго кордук көрсөтүшөт
@renaabdrasulova1120
@renaabdrasulova1120 Ай бұрын
Молодец! Мына ушундай ойлонуш керек. Мыкты жигит экенсин. Респект.
@nazibag3068
@nazibag3068 Ай бұрын
Сенин жагдайын жаш балдарга (детям) болгон зомбулук бул дагы проблема,
@SamCum-xc5pu
@SamCum-xc5pu Ай бұрын
Сеники балага корсоткон кордук болуп эсептелет
@user-gl9pv3xn6z
@user-gl9pv3xn6z Ай бұрын
Журналист мырза эн туура вйтты.Бизде мыйзам иштебейт Милиция вообше иштебейт. Жайкалып келишет канча аял,кыз өлгөндөн кийин келишет темселешип
@merykery
@merykery Ай бұрын
Милиция га баары бир да тууганын болушпайт азыр
@user-zr7tu1hw5j
@user-zr7tu1hw5j Ай бұрын
Милициялар да сабашат да аялдарын
@user-du7ws5bv8c
@user-du7ws5bv8c Ай бұрын
Айталбай жашап жургондор ото коп окунучтуу😢😢
@user-ju6qc7jx8g
@user-ju6qc7jx8g Ай бұрын
++
@user-cw2xy2dj5v
@user-cw2xy2dj5v Ай бұрын
Кудай сактасын 16жыл болду жубайыма 1 да жолу чекесин черткен эмесмин и соккон да эмесмин
@user-sp6dr2pk2m
@user-sp6dr2pk2m Ай бұрын
Кыргыз эркектери 80проценти ушундай болсо гүлдөп ыраазы болуп жашамак баардык аялзат
@user-nf6cy7op9l
@user-nf6cy7op9l Ай бұрын
Ай маладес брат
@user-nf6cy7op9l
@user-nf6cy7op9l Ай бұрын
😊менда буюурса уйлонсом урбаймын сокбоймун иншааллах😊
@user-jx1jm4em5r
@user-jx1jm4em5r Ай бұрын
Корожатарбыз кандай куйоо болорунду
@user-gn9vo4sp8h
@user-gn9vo4sp8h Ай бұрын
Азаматсын Кыргызымдын сиздей жигиттери коп болсун❤
@user-rj2ws3gu3r
@user-rj2ws3gu3r Ай бұрын
Уй-булолук "зомбулукка" каршы кучтуу,таасир бере турган Мыйзам керек! Зоокурлорду узак моонотко камаш керек!
@user-eb7sj3xq8j
@user-eb7sj3xq8j Ай бұрын
Ээрсиз каласынар ойнош ойноп алып да урушса уруп жатат деп
@googleswp5414
@googleswp5414 Ай бұрын
​@@user-eb7sj3xq8jЗоокур,тиран эрдин эмне кереги бар!? Эркектикине тойбогон аял гана эрсиз жашай албайм деп,ойнош болсо дагы мейли дегендер коп.Бирок,эркектикисиз эле балдары учун,ОЗУ учун ,тынч жашаган аялдар бар.
@nurgulmoldoshkyzy366
@nurgulmoldoshkyzy366 Ай бұрын
Ким аялын урса денесине арына залака келтирсе 20 жыл берилсин деген мыйзам керек зомбулук кучоп атат
@psinschktz1192
@psinschktz1192 Ай бұрын
"Баланы ойлогула" десе тескерисинче кетиш керек да. Энеси бактысыз бала бактылуу болмок беле
@user-ip2ct7my2z
@user-ip2ct7my2z Ай бұрын
Журналист молодец сиз баарынан акылдуу суйлодунуз....
@user-ud2el2nw3k
@user-ud2el2nw3k Ай бұрын
Аялдын бир туугандар,айрыкча байке,инилери каттуу турса аялга коп поддержка болот.Жездем эжеми каттуу уруп койгон,байкем достору мн барып эжеме корсоткон ударын 5,6 эсе кылып эскертип келишкенден кийин экинчи ирет кол которбоду.
@user-rk4yt6zi4e
@user-rk4yt6zi4e Ай бұрын
Туурамес кылышыптыр ,, жездесине жакшынакай суйлошуп эскертсе болмок экен,, мен оюм
@user-rw4dd9vb8u
@user-rw4dd9vb8u Ай бұрын
Туура кылыптыр бизде да ошондой болгон азыр пыш, жезде жездедей болуш керек
@user-ws6gg9te5y
@user-ws6gg9te5y Ай бұрын
айбандарды ушундай кылыш керек мен синдимди куйосу уруп атканда уйуно барып калгамын эки шапалак бетине чапкамын
@user-xh9xt5nn6b
@user-xh9xt5nn6b Ай бұрын
Эркек бир колу тийсе болду кетиш керек мен да 9жыл жашап салыптырмын Андан кийин кеттим Азыр турмушка чаккам уч кызым бар экинчи турмуш деле жакшы болот экен Аллахка шугур колу да тили тийбейт корсо Кыздын чырагы кырк Чыдап жашай бербегиле Жакшы турмуш бар деп умут узбогуло Канкор куйого турбагыла
@user-jy9cr4ig7c
@user-jy9cr4ig7c Ай бұрын
Кыргызстан милициясы аман эле болсун
@user-sb1dz8nr7o
@user-sb1dz8nr7o Ай бұрын
Эмне учун милиция оз ишин так аткарбайт😡. Закон качан иштейт!!! 😡😡😡😡
@user-sm2hc9cz6n
@user-sm2hc9cz6n Ай бұрын
Аллахым. эркектерге. ыйман. берсин. Эркектерди. Дааватка. чыгарыш. керек. Дин. менен. жашашса. аяадын. эненин. баркын. тушунот. менин. дагы. башыман. откон. мындай. кундор. азыр. шугур. намаз. окуйбуз .
@user-tf3hn5go3p
@user-tf3hn5go3p Ай бұрын
Алар байкуштар кайсы жерден акча чыгат деп чуркап журушотда😢
@user-ej3wf1jo9w
@user-ej3wf1jo9w Ай бұрын
Потому что сами не знают закон!
@user-zk4io4kd3o
@user-zk4io4kd3o 27 күн бұрын
Туптура бизде закон иштебейт😢
@user-pv2gf5nl9d
@user-pv2gf5nl9d Ай бұрын
Баары энеден болот, байкем жаны уйлонгон 20-жашта. Аялына бир нерсе айтса укпай койду, анан жаака чапты, мамабыз коруп калып байкемди, баласын колуна тийген табуретка менен чапты эле келинине болушуп, ошондон кийин кандай болбосун байкем характери жаман армиядан коп тепки жеп, сотрисения алгандан дейт. Ошондон кийин байкем 53-жашка чыкты эч качан кол которгон эмес. Эми ошондой тарбия коргон Кудай буйруса менда баламды тыям,себеби мен аялмын. Кайним мени желмогузундай корот, себеби аялына болушкам, олумдон да алып калгам. Айылда уйдо кайнатам, кайнэнем, кайнсидилерим эч кимиси унчугушпайт, анан мен анкылдап келинге болушкам.
@aigerim2443
@aigerim2443 Ай бұрын
Туура аялдар аял кишини коргобосок ,кайн журт куйоо дегенге ишенип олуп тынышат
@user-ob2nj2sf3s
@user-ob2nj2sf3s Ай бұрын
Азаматсыз бизди кайненем уруштурганы аракет кылат эле уруштуруп алып аябай сүйүнөт эле урса экен деп тиленет эле даже ажап кылдымбы деп отурат эле
@hdjdyivsnqhgdjnohh2352
@hdjdyivsnqhgdjnohh2352 Ай бұрын
Кайсыл элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин мырзасына кой айыпты
@user-dd8wq4ul4h
@user-dd8wq4ul4h Ай бұрын
Закон кабыл алышсын .жаны .зордук зомбулук кылган эркектерди мажбурлап бычтырыш керек. Анан омур бою аял карабай , жалгыздыкта жашайт .
@user-bi7vw7jn9f
@user-bi7vw7jn9f Ай бұрын
Мыйзамды күчөтүп, күчтүү чараларды колдонуу керек. Франциянын вариантындай.
@DilshodaKochkorova-ds3rb
@DilshodaKochkorova-ds3rb Ай бұрын
Казагыстандагы Салтанаттай олуп кетпестен алдын алыш керек
@user-yc8dh6ho6q
@user-yc8dh6ho6q Ай бұрын
Мен бир ушул масалени чечиштин жолун таптым ушундай эркекти вообще еле без чувство кылып бычып койсо жакшы болмок ошондо ага уйлонуп аял алып кереги жок омуру откончо жалгыз отот эле
@RayanBekov-mp1id
@RayanBekov-mp1id Ай бұрын
атан апанды урчу эмесбеле атанды бычпайтбелен
@user-sl9qq7bj5u
@user-sl9qq7bj5u Ай бұрын
Атанна айтсан ойунду Апан эмне кылат.кийин сойкулук кылабы.
@user-bs6te1jf9g
@user-bs6te1jf9g Ай бұрын
​@@RayanBekov-mp1idсен да апанды барып ура бер. Сендей кок мээ эркектерге баары бир. Энени сыйлабаган аялды сыйламак белен. Атан экоон Аллахтан коросунор аялды урган учун. Лох чочколор гана кол которот
@user-xv4pe1eo7v
@user-xv4pe1eo7v Ай бұрын
​@@user-sl9qq7bj5u😂😂
@user-ul4sp8eq2z
@user-ul4sp8eq2z Ай бұрын
Казакстанда закон ошондой
@user-pv2gf5nl9d
@user-pv2gf5nl9d Ай бұрын
Жашоодо коп болот экен мындай. Кайнагам боюунда бар аялын ай кунуно жетип калган, уйго кирсем сабап баштаптыр кыйын экенмин аял башым менен кайнагамды туртуп, кармашып эшке чыгаргам.
@Aika-go2jw
@Aika-go2jw Ай бұрын
Байкушум каттуу чунчуп калыптыр депрессия болуп баары жакшы болот иншаллах Аллахым буйруса
@user-ne4le5co8e
@user-ne4le5co8e Ай бұрын
Молодец байке Аллахым раазы болсун ушундай журналистер коп болсун
@user-cx9nf1fo8u
@user-cx9nf1fo8u Ай бұрын
Эн туура айттын бир дагы убагында келбейт олгондо же озун билбей калганда пайда болушат анан акча сатылышат
@user-ul4sp8eq2z
@user-ul4sp8eq2z Ай бұрын
Бийлик экономиканы өнүктүрүү менен көп убара болуп "Үй бүлөөлук тарбия институтуна" таптакыр көңүл бурбай жатат.Турмуш курганды билбегендер бирин-бири сыйлабай мушташып,ажырашып,үйсүз калып,балдар тирүү жетим,зордук-зомбулук күчөй берет. Бактысыз семьяга акча, байлык,соттор,милиция жардам бере албайт.
@user-pk1jb1dz5n
@user-pk1jb1dz5n Ай бұрын
Муну олтургондон кийин туугандары чыгат кызыбызды олтурду деп ажырашканга дакументин эмне кереги бар кете бер бул да бир додурго ажырашчу киши артын карабай кетет! .
@user-kh2uw9qj5h
@user-kh2uw9qj5h Ай бұрын
Аялдардын ,балдардын укугу корголуш керек!Акыркы учурларда Абдан кобойду зордук зомбулук
@user-qb1fg3kf2z
@user-qb1fg3kf2z Ай бұрын
Ушундай видиолорду коп коп тарткыла ото пайдалуу
@user-ni5yj2xc2n
@user-ni5yj2xc2n Ай бұрын
Журналист мырза туптуура айтат.Бизде милициялар Адам качан олуп кеткенден кийин,камырабай эчтеке болбогондой келишет озу.
@elnur415
@elnur415 Ай бұрын
Урматтуу Садыр Жапаров законду кучоттуу турундокойунуз. Бизде ушундай зомбулукка кабылгандар ото кобойду
@user-fv4qp9ts9j
@user-fv4qp9ts9j Ай бұрын
Журналист сиздей эркектер кобойсун❤
@user-kr9cy5ce1g
@user-kr9cy5ce1g Ай бұрын
Мигрант болуп кунумдук оокатымды мээнетим мн таап,уй булом мн тынч жашаганыма Аллахка чексиз шугур айтам,адамдардан мээрим кетиптир,мулкту горуно кошо алып кетмек беле😢😢Астагфируллох,ыйман берсин ❤го
@user-br1oj7ql3y
@user-br1oj7ql3y Ай бұрын
Эн тура суйлогон журналист жигит суйлоптур
@ZiyagulDaughterofAbdykalyk
@ZiyagulDaughterofAbdykalyk Ай бұрын
Оо Аллахым кол которгон эркектерге ыйман берекор ынсап берекор,уул балдарга жакшы тарбия,динден тушунук,Жана Илим,м тарбиялагыздар балдарды ,диндар уйбулодо эч качан зобулук болбой т деп ишенем .
@user-zh8zy8tu6p
@user-zh8zy8tu6p Ай бұрын
Кыргызстандын милициясы аман эле болсун
@user-kk8gx5hf9l
@user-kk8gx5hf9l Ай бұрын
Менин оюмча ар бир айылдагы поликлиникада психологдор иштеш керек ошол психолог ошол айылдан болуш керек ошондо гана ар бир уй булоодо эмне болуп жатканын билсе болот
@user-xh9xt5nn6b
@user-xh9xt5nn6b Ай бұрын
Милиция чын эле келбейт эмне болду деп сурашат Аялын сабап атат десен Милиция ааа уй булолук маселе деп койушат ошо замат келбейт
@sanjarishenbekov5305
@sanjarishenbekov5305 Ай бұрын
Эркектер блин силер эркектигинер Кайда, алынар жеткен аялынар болтабы, мен деле эркекмин ушундай айымдарды коруп алып менин журогум ооруп атат ,эркексинби кучунду башка жерден корсот ,закон качан иштеп баштайт , бул баардык жерде болуп эле келаткан азыр болуп эле атат оло коп и мындай кийин дагы Боло берет закон иштеп милициялар карап баштабаса , эркектер кол которбогуло баланардын апасы ,суйуктуунор , журогунордун жарымыго ,неге анан Уруп сабап коолап Антип минтип атасынар болбойт бул уят ,кучунор ашып ташып атса мага кайрылгыла каякта болбосонор дагы барып ошол кучунорду коройун ашып ташып аткан 🤨🤨
@elyasalieva2754
@elyasalieva2754 Ай бұрын
Рахмат сизге, ушундай акылдуу,куйгон созунузго...Кыргызымдын ар бир мырзасы сиздей ой жугуртсо,бактылуу айымдар коп болот.Аман болунуз.
@user-jx1jm4em5r
@user-jx1jm4em5r Ай бұрын
Намыстуу эркек экенсиз,чыныгы эркек деп сизди айтса болот
@user-bk9ex9nl6l
@user-bk9ex9nl6l Ай бұрын
Урматтуу айымдар спорт залдарга барып машыккыла для сома защита. Жок дегенде эринер кордогондо, эсин оодара чабыш үчүн. Ойгонгулачы дээги, качанкыга чейин кор болосуңар.
@user-st1of7wu9b
@user-st1of7wu9b 24 күн бұрын
Ой каяктагы спорт зал, баласы эмчекте уйундо дагы удаа удаа 2-3 бала, акчасы жок, маршруткага акчасы жок анан каяктан машыгат))))жертва деген бир жакка чыгыш да проблема, куосу бут контрольдоп турат, лишний бастырбайт, аны зордук коргон адам эле тушунбосо
@user-wq3zf8ny4d
@user-wq3zf8ny4d Ай бұрын
ментерди жойуш керек КГНБга откоруш керек канча ментерге элдин эсебинен акча алышат анан чондорду кпраларды колдошот
@jonokoiky05
@jonokoiky05 Ай бұрын
😢😢😢байкушум ай жардам сурасада суз мамле кылып тартып тургандардыда сурака алгыла колун сынсын айлантып КУП журот камагыла аялдар емнеге кыйналып Тороп ещё таяк жеш керек ойлонгула мырзалар кеч боло 🤦🤦🤦🥺🫀 елегинде
@Eliza-xi7el
@Eliza-xi7el Ай бұрын
Жок интервью берди го жардам Берген деп аягы чарчашып анан тартып алышты деп доказательства учун деп
@user-oj1rf2mu7y
@user-oj1rf2mu7y Ай бұрын
Мен кээде ойлоном ушунчалык таяк жегенче куйоого тийбейм деп калышабы кыздарыбыз 🥺🥺🥺
@gulnura1madalieva
@gulnura1madalieva Ай бұрын
@@user-oj1rf2mu7y Оа да
@jonokoiky05
@jonokoiky05 Ай бұрын
@@user-oj1rf2mu7y балким ежекем
@user-hr9tl9bi9y
@user-hr9tl9bi9y Ай бұрын
Эми алар далил катары тартып койгону да дурус жардам берди бирок кучтору жетпеди деп жатпайбы
@Samurai-cv3zx
@Samurai-cv3zx Ай бұрын
Мындай иштер болгондоле скорийлери жок милиция жок бошобой калышат Кыргызстандын мчстерин милициясын медиктерин кудай эле сактасын Демейде милиция кереги жок жерден кичинекей проблемалар болсо каптап кетишет
@rhdhrhdh3g4hrh53
@rhdhrhdh3g4hrh53 Ай бұрын
Эң туура бала көргөнүн кылат . Эгер күйөөдөн зомбулук болсо балаңды алып жыраш да балаңа жакшы тарбия бер. Энелер берет тарбияны. Кээ бир энелер ургачыны сыйлабвй турган кылып тарбиялайт.
@kunduzkubatbekovna3752
@kunduzkubatbekovna3752 Ай бұрын
Милиция иштебейт, Асель кызыбыз далай заявление жазган экен, акыры мурду кулагы кезилди.
@user-ws2jo5oz3r
@user-ws2jo5oz3r Ай бұрын
Негизи уй булону туптоп,чыдап жашап кетуу ото кыйын,эркек болобу,аял болобу үйдөн кандай тарбия алса ошол тарбия менен калат,
@user-yb7oe4hz3b
@user-yb7oe4hz3b Ай бұрын
Милиция иштебейт булар эптеп эле акча алмай эле амал
@user-iq4yb4ko3l
@user-iq4yb4ko3l Ай бұрын
Жок!Эч кандай кармашпайт “АЗАТТЫК” мен силерге видеолорун жиберем эгер мумкунчулук болсо мен видео далил менен барсамда карашкан жок 😢 ушул убака чейин тынчтык жок кимге кайрылышты да билбей калдым
@user-sx5uz8no1s
@user-sx5uz8no1s Ай бұрын
Эмне себептен кетип калбайбыз?
@therabbits3281
@therabbits3281 Ай бұрын
ЧОЧОКТУ ЖАКШЫ КОРОСУНОР НАРКОМАН ЗАВИСИМЫЙ БП​@@user-sx5uz8no1s
@user-sx4gs1pp8f
@user-sx4gs1pp8f Ай бұрын
Жакшы мамиледе болсо тоотпогон келиндерди эмне кылабыз?
@user-sx4gs1pp8f
@user-sx4gs1pp8f Ай бұрын
Озун ОЗУ коргогон болбойт Кайра сени куноолуу кылышат
@therabbits3281
@therabbits3281 Ай бұрын
@@user-sx4gs1pp8f Болуп салда баланды кошуп озунчо оокат кылса тушунот
@user-zj1du7fh3s
@user-zj1du7fh3s Ай бұрын
Журналист туура айтат,кайдыгерликжеткен чегине жеткен,мындай зордук зомбулук эл ичинде дагы деле коп,озгочо айылдарда
@user-et2rg3ju5y
@user-et2rg3ju5y Ай бұрын
Мен дагы ошол жашоодо 10 жыл жашап салыптырмын😢😢😢Намыс,жалгыз калсам кантип багам балдарды деген жалган коркуу мн жашоонду улай берет экенсинда...Аттиң!!!Балким башка аялдан эки кыздуу болбогондо дагы деле жашай берет белем?Ошол аялына чон рахмат. ... көзүмдү ачты.Ким мн жашап жатканымды көрсөттү.Азыр беш жыл болду балдарымды жалгыз,эч нерседен кем кылбай багып атканыма.Аллахыма шүгүр.Мени ошол аял аркылуу коргогон экен корсо.Эмнеси болсо да азыр жаздыгыма тынч жатып,эртеси журогум тынч ойгонуп,жумушума кеткеним ,жашоомдун тынч,бир нукта отуп жатканы бакыт эмей эмне?..бактылуу аял болбосом да,бактылуу эне болдум😍😍😍
@psinschktz1192
@psinschktz1192 Ай бұрын
@user-cz8qh1vh4v
@user-cz8qh1vh4v Ай бұрын
Слабый еркек айал кишиге кол которот
@Aika-go2jw
@Aika-go2jw Ай бұрын
Кээбир ата энелер чыда жаша эл эмне дейт дешип конулсуз мамиле кылышат .Куйосу коргогон эчким жок деп кордойт дагы кайын журт кызды унижать этип . Кыздар чыдабагыла тукуруп гана койгула биролордун ушагына озунорду сыйлагыла
@danabai5752
@danabai5752 Ай бұрын
Анда эл эмне деп жашай бер бир майып кылып же олтуруп салса эл ордуна коёт бекен тирилтет бекен?
@user-rc4eb3gh3i
@user-rc4eb3gh3i Ай бұрын
Куойсу аялы урушуп атса кее. Бир адамдар ажыратпайт себеби эртен жарашып алышса мен жаман корунуп каламын деп
@user-lc7yw5os6b
@user-lc7yw5os6b Ай бұрын
Башындагы топунун кадырын билбеген сон балакетин албай чечип койсун да кайсар😡
@user-so7ck5jo8u
@user-so7ck5jo8u Ай бұрын
олтургондон кийин иш козголот экен да ,чириген система.
@user-tf3hn5go3p
@user-tf3hn5go3p Ай бұрын
Бизде милиция кайсы жерден акча чыгат деп ошо менен алек болуп журушот😢😅
@user-py9ln6ye8n
@user-py9ln6ye8n Ай бұрын
Милиция эч жардам бербейт экен. Мен 29жаштамын беш балам бар Ата энем жок. Зордук зомбулук корсом да аргасыз жашоого туура келет себеби балдарым менен эч жерге бара албайм милицияга ишенбей калдым Аселдин жашоосунан кийин аябай корком😢
@user-ts9re3bn4e
@user-ts9re3bn4e Ай бұрын
Ажырап кет.Ырыскыны кудайым берет
@user-sx5uz8no1s
@user-sx5uz8no1s Ай бұрын
Айла жок жашайсынбы?
@psinschktz1192
@psinschktz1192 Ай бұрын
Азыр жаш экенсиз, дагы көп мүмкүнчүлүктөр бар, кийин кеч болуп калбасын
@SamCum-xc5pu
@SamCum-xc5pu Ай бұрын
Эгерде куйоон ичкенде созсуз урса ото абай болунуз,сиз балдарынызга керексиз,эгерде майып болуп калсаныз анда да озунузду эч кимге кереги жок сезесиз,азырынча жашасан да жашоонду озгортконго аракет кыл,дагы торобо
@Altynbek.92
@Altynbek.92 Ай бұрын
Кандайсын
@user-rc4eb3gh3i
@user-rc4eb3gh3i Ай бұрын
Кайын атасы жиндиго бети жок ал эми чыкса олтуруп салбаса болду
@user-rh8hp4sg7x
@user-rh8hp4sg7x Ай бұрын
Ассаламу алейкум кандай кундо да жашаганга аракет кылат аял киши эркек кееде тойгозот ушунчалык жашагын келбей кетет
@user-hz6yv1oi1k
@user-hz6yv1oi1k Ай бұрын
Аял заты жылуу сүйлөсө эле унутуп калып жөнөйбүз. Милицияга арыз жазгандан кийин жашабаш керекго деп ойлойм. Үйгө барганда бир жума ашып кетсе унчукпайт кайра эле көтөрөт кол ошондо баягы каматканыңызды эстеп эки эсе күчөйтда дагы камат ,звонтет кана милицияга деп. 17 жыл болду жашаганыбызга шүгүр кол көтөргөн эмес жолдошум. Эч бир аял заты, кыздарыбыз зордук зомбулук көрбөй бактылуу жашаса экен. Корком жалгыз кызыбызды турмушка бергенден кандай инсанга туш болот деп. Ар дайым Аллахдан жакшы нерселерди сурап дуа кылып келем 🤲🤲🤲
@yzbek.serial
@yzbek.serial Ай бұрын
Ушундай передачаларды көбүрөөк чыгарсаныздар жакшы болмок.
@user-lu6pt1km9q
@user-lu6pt1km9q Ай бұрын
Мен москва шаарында иштейм квартирада семейныйлер бар жолдошу аялын ура берет, комната снимать этишет комнатага алып кирип алып дункулдотуп ура берет чыдабай кирдим кирсем оло устуно чыгып отуруп алып уруп атыптыр ажыратып келинди аран алып чыктым мени да оло сокту аралашпа деп кантип аралашпайм келинди уруп чыныртып атса менда аялмын 😢 келинди аран алып чыксам аялы кухнядан озум таштайм олуп эле алайын деп ыйлайт аран токтотуп успокаивать эттим чынында кошулуп ыйладым до утра коруп чыктым уктабай кайра жумушка кеткем, келинге Кыргызстанга кет куйоон озу иштей берсин десем жок мен чогу иштеп участок алдым уй салдык баары даяр эми кантип кетип калам эки кызым бар деп ыйлаган ошондойлорду коруп турмуш жолуна аттанганы да корком 😢😢 кыз торогондон да коркосун😢
@BegimayMamarajapova
@BegimayMamarajapova Ай бұрын
Кыздаар , акчасы бар ,бойлуу экен,сулуу экен , ата энесинен башка жашайт экен, деп бул жашоонун кызыкчылыгын ойлоп эч качан турмушка чыкпагыла.Уйдо олтургула эрге шашпай.1-Озунор Алланы таанып ,Динден тушунугу бар эркекке тийгиле.ОТурган кыз орун табат,тапканда да Зорун табат дейт!
@Samurai-cv3zx
@Samurai-cv3zx Ай бұрын
Кереги жокто бутка чалынып керек болгондо сыйпалап таппай каласын Озулоруно пайда чыга турган жерге чакыруу келсе заматта келишет ишенип койгула
@BaiamanAlymbena
@BaiamanAlymbena Ай бұрын
Зомбулукта оскон бала зомбулук корсотот .ажырашып эле мээрим менен балдарды остурсок мээримдуу бала осот
@user-ou1gv4rr4f
@user-ou1gv4rr4f Ай бұрын
Элдердин эрлеринен зордук зомбулук корсо,менин синдим кайненесинен коруп жатат
@AdinaiAkylbekkyzy
@AdinaiAkylbekkyzy Ай бұрын
Кол которгон Кыргыз эректерге мындай жаза и закон чыгарыш керек колун кесип и $400 айп пул Жана 1 жылга камалсын.
@user-jf5bd4eu1d
@user-jf5bd4eu1d Ай бұрын
Ушундай зомбулука катаал мыйзам чыгарыш керек ошондо еркектер ажылдап аялдардай болбой кичине коркуп калмак
@user-tb5ov5jv2v
@user-tb5ov5jv2v Ай бұрын
Акмакчылык
@user-rx8kp8gx9y
@user-rx8kp8gx9y Ай бұрын
Эч качан иштебейт бизде закон ишене бергиле, 5-10 жылдап сот бутпойт менин таанышымдын, ушундай ситуация аларда дагы, снимок, доказательство бар тагдырда дагы накркылардын акчасын жеп алып олтура беришет соттогулар, алардын башынан отпогондон кийин кайдыгер мамиле жасашат, биз тунулдук уже закондон,сот, милциядан!
@user-ft4ip3ii3u
@user-ft4ip3ii3u Ай бұрын
Сабаганын сабап анан кайра айалды куноолоп кокутканда тангаласын 😫
@danabai5752
@danabai5752 Ай бұрын
Мындай эркектер больнойлор,аялына кол которгон эркек коркок эркек башкаларга кол которот бекен,буларга тамагын кылып,кирин жууп,баладарды тороп берсен да ыраазы эмес значить булар эки буттуу айбандардан кем эмес,булардын оорду только туром!!! Бизде закон деген жок ошон учун мындайлар боло берет и болуп келген
@user-sy4jx2rs2e
@user-sy4jx2rs2e Ай бұрын
Ассалому алейкум туугандар.Азыркы учурда менин бир балам бар уруш жаңжал ызучунун айынан бир балам мн ажыраштым.Балам жетим болбосун деп сабыр кылсаң уруш жаңжалдын айынан баламдын психологиясы бузулушун коркуп жашасын каалаган жокмун.Азыр бары жакшы ата энемдер менен бактылуумун.Лутше күндө ыйлап стресс менен жашагандан көрө өзүң жашаганын жакшы
@Gulzada93
@Gulzada93 Ай бұрын
Бизде милиция скорый помощь деген чын эле иштебейт экен чалып кордум канча
@user-zj1du7fh3s
@user-zj1du7fh3s Ай бұрын
Коом кайдыгер,кошуналар кайдыгер,органдар кайдыгер
@user-ii5nv8xl6d
@user-ii5nv8xl6d Ай бұрын
Депутаттар учурдагы зомбулукка каршы закон жазышпайбы а то отуруп алып бир биринин жоорун чукубай ,кандай акысы бар кол көтөргөнгө.
@user-ez8cf7tl3m
@user-ez8cf7tl3m Ай бұрын
Уруп жатса жашап журо бербей кетип калбайсынарбы журо бербей
@user.11.03
@user.11.03 Ай бұрын
Кеткен менен алар калып кетсе жакшы артынан калбайт да азыркы эркектер
@vinam386
@vinam386 Ай бұрын
өзү жп болсо керек
@talgatsamiev8704
@talgatsamiev8704 Ай бұрын
Кайакка барат эжеме барсам жездем жат авама барсам жеңем жат эхх кудайым сизден даат болуп турхан да
@vinam386
@vinam386 Ай бұрын
@@talgatsamiev8704 эжең дагы, жездең дагы лох экен
@user-ic1os9ki4b
@user-ic1os9ki4b Ай бұрын
Азамат аялдарга кыз кишилерге. Кучтуу закон чыгарыш керек. Аял жаман болобуу жакшы болобуу. Аял кишууу коркош керек жаш балдарга жаны барларга!👮🏼‍♂️👮🏼‍♂️👮🏼‍♂️👮🏼‍♂️👮🏼‍♂️👮🏻‍♀️👮🏻‍♀️👮🏻‍♀️
@user-ov7ev8oc6y
@user-ov7ev8oc6y Ай бұрын
Убактынарды кобуроок кылсанар! Талкуу аягына чыкпайт, аз убакыт!
@Nazi-ch1mw
@Nazi-ch1mw Ай бұрын
Менин кайнатам дуйнодо эн сонун адам эле, ыраматылык. Мен ойлочумун бут кайната меникиндей деп. Ото аянычтуу Кыргызда келинге кайната жактан мындай отношения болбош керек эле. Опкосун акырын жулуп коюш керек экен, онтондогон огузду. Псих больной бул адам.
@user-on2ok1tf8e
@user-on2ok1tf8e Ай бұрын
Терс комент жазгандар силерди аял торобогондо ким тороду эже карындаш,кыздарынар барбы?
@danabai5752
@danabai5752 Ай бұрын
Бизде ушундай менталитет:эл эмне дейт бизге ушул соз мээбизге олтуруп алган,синип калган.Бирдеме болсо эмне ошол эл эмне кылат экен жардам берет бекен же ойлойт бекен?
@Chebyrek_54321
@Chebyrek_54321 Ай бұрын
Аялдарын урган адамдарды милиция доктурга коргозуш керек . Алдардын психикасы бузук адамдар. Даарылаш керек.
@gulnurasultan4677
@gulnurasultan4677 Ай бұрын
Азыр биринчиден Ата эне дагы кайдыгер болуп коет,тынып жашасын деп,башка балдарынын ажыраштыралы деген созун угушпайт, ошондуктан бильбейм кимди биринчи тарбиялаш керек😢
@rozaabdinova5070
@rozaabdinova5070 Ай бұрын
Милиция бир саата эмес 3 саата деле келбейт отуруп алып актанып жатат.
@user-gr6zq7kh3b
@user-gr6zq7kh3b Ай бұрын
Бардык куноо участковый милиционерлерде жардам сурап барсан конул да бурушпайт
@Baiander
@Baiander Ай бұрын
Менин тагдырым,дал ушинтип качып ,эч ким жардам бербейт,акыры кармап өлгүчө сабайт,ооруп калдым акыры
@gulnura1madalieva
@gulnura1madalieva Ай бұрын
Ушундай жашоо керек беле сага? Эч ким жардам бербесе озуно озун жардам бер. Сен тоо-таш же дарак эмессин да. Азыр деле сабаса качанга чейин чыдаганга даярсын?
@alenamalabashova9843
@alenamalabashova9843 20 күн бұрын
Саламатсызбы? Сизге байланышууга мүмкүнбү?
@gulnura1madalieva
@gulnura1madalieva 20 күн бұрын
@@alenamalabashova9843 кимге жаздыныз?
@user-ec7tu1wy8f
@user-ec7tu1wy8f Ай бұрын
Закон кучуно кирип,аялдардын укугун коргош керек.акысыз жардамдарды бериш керек.
@AidaJukeeva
@AidaJukeeva 9 күн бұрын
Мен 40 жыл чыдап жашадым . Эл эмне Дейт , балдар атасыз оспосун деп . Эми карыды жаман адаттарын , кол которгонун , ачуу тилдерин тыштайт , неберелеринен уялып калат десем жок кайра кучоду жаш кезиндеги урганы , тилдери кемсинткендери . Урат дагы деле олтургонго чейин ойлонбойт . Акыры 60 чыкканда таяктан олуп калбайын деп уйдон кетирдик балдарым , Бир туугандарым болуп . Озум да дайыма стресте , депрессия да журуп жашымда жеген таяктардан оорулу болуп калдым .
@kyzjibekjenishkyzy5104
@kyzjibekjenishkyzy5104 Ай бұрын
Адамдын тагдыры мн ойношкон коррупциянер милицияларды иштебесин кетиргиле
@yzbek.serial
@yzbek.serial Ай бұрын
Кыргызстанда аялдардын укугун корго закону жок эмес бар эле. Болгону ал законду биле беришпейт өздөрун укуктарын кантип коргонушту билишпейт. Эл эмне дейт, уят,балдарым эмне болот кантип багам кантип жашайм деп жашап, жакшы болуп кетер деп жашап жүрүшөт. Азыр заман өнүккөн Милиция болбосо башкасы барып жардам сураса жардам берет.
@QawsedrQawsedrt
@QawsedrQawsedrt Ай бұрын
Тооа ушунча дагы кылабы эй эркектер намыска келгиле кандай эркексинер эй тушунушуп жашасанар болбойбу болбосо тушунуксуз болсонор уйлонбой жалгыз еле журуп олуп кетпейсинерби колунар сынсын ушундай эркектердин😢😢
@fuckvkggkgufjvlhu1087
@fuckvkggkgufjvlhu1087 Ай бұрын
Асел тура айтасың бир кол тийгенден кийин тие берет кечирим сурап өлумуш болушуп кайра эле ошол гой гой менинда башымдан откон ажырашып тынгам денсолуктанда ажырап колдору сынсын шумшуктордун
@vinam386
@vinam386 Ай бұрын
Бул баягы Ыдырысты мурунга муштаган байке го
@user-jx1jm4em5r
@user-jx1jm4em5r Ай бұрын
Балким
@aidakalmamatovna
@aidakalmamatovna Ай бұрын
😢😢😢 эмне эле болуп баратышат, Аллахым озун туура жол корсот😢😢🤲🤲🤲🤲🤲🤲💔💔💔💔
@aigerimerkinbekovna7877
@aigerimerkinbekovna7877 Ай бұрын
Журналист байке туптуура айтыныз. Балдарды туура тарбия берели. Кыздар озун сыйлаганды уйротолуу. Мындай айбандарга чыдап журо бербей. Жалгыз калам деп коркпостон. Балдардын психикасын бузбайлы.
@hdjf5909
@hdjf5909 Ай бұрын
Бизде закон иштебейт
@aniipa777
@aniipa777 Ай бұрын
Ошол участковый да жоопко тартылыш керек! ГУВД , МВД ! Шалаакылар, « без сердечныйлар!»
@aysekelgnova4675
@aysekelgnova4675 Ай бұрын
Кыргызстанда аябай көп зомбулук көнүп жашап жүргөн канчалаган эже синдилер бар
@user-ii5nv8xl6d
@user-ii5nv8xl6d Ай бұрын
Участковый милиция эмне жумуш аткарат ушундай талаш тартыштарды ченегенде кийин , милицияга сөзсүз эле семьяда бирөө өлүшү керек да анан ким күнөөлүү издеп башташат, ошондой болгондо өздөрү изилдеп башташпайбы акча берип койсо кой берип коюда.102деген оңой менен албайт
Универ. 13 лет спустя - ВСЕ СЕРИИ ПОДРЯД
9:07:11
Комедии 2023
Рет қаралды 5 МЛН
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 23 МЛН
TAQDIRLAR - QAYNOPAMLAR DASTIDAN DOD
43:17
Sevimli TV
Рет қаралды 299 М.
Лөлүлөр. Тарыхы, салттары
40:21
Super.kg
Рет қаралды 228 М.
Биз жолуктук
ТРК НТС
Рет қаралды 20 М.
"Кандай адам экени кабыр казганда билинет"
43:52
Универ. 13 лет спустя - ВСЕ СЕРИИ ПОДРЯД
9:07:11
Комедии 2023
Рет қаралды 5 МЛН