АЗИЗА, РОЗА, АЙНУРА - Шат күндөр - караоке тексти менен

  Рет қаралды 175,250

Ыркесе

Ыркесе

Жыл бұрын

🎵 Гүлмира Рыспаеванын сөзүнө жазылган Сулайман Рыспаевдин "Шат күндөр" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Азиза Адиева, Айнура Салахидинова, Роза Шакированын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤АЗИЗА, РОЗА, АЙНУРА - Шат күндөр ырынын үнү жок (минус) варианты • Кыргызча минусовка кар...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Роза Шакированын өздүк ютуб-каналы: / @rozashakirova
Азиза Адиеванын өздүк ютуб-каналы: / @azizaofficialchannel
Айнура Салахидинованын өздүк ютуб-каналы: / @ainurasalahidinovakg
#ыркесе #азизаадиева #розашакирова #айнурасалахидинова #шаткундор #karaoke_kg #yrkese
======================================================
Азиза Адиева, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова
"Шат күндөр"
Сөзү: Гүлмира Рыспаева
Обону: Сулайман Рыспаев
========================================
Сурасаң бербес, качырсаң келбес,
Тирүүлүк чиркин бир келет.
Ак шоокум бал-бал,
Апапак таңдар, ар күнкү асыл бир белек.
Капаңды айдап, жаз болуп жайнап,
Жаңырса мукам музыка.
Керемет дүйнө, чакырып бийге,
Күндөргө биздин шаң берет.
Кайырма:
Жадырап жаздай, жаман сөз айтпай,
Жайдары ойноп күлөлү.
Жарк эткен күндөй, капалык билбей,
Жашоону жаркын сүйөлү.
Ырыскы чачып, ыроолоп бакыт,
Ынтымак бизден кетпесин.
Табышмак сымал, таркабай кумар,
Өмүрдүн баркын билели.
Көңүлдүн баркын билели.
Ак таңдар жанган, ар күнү майрам,
Эшигин ачып эл күтөт.
Булбул куш сайрап, дасторкон жайнап,
Жакшы сөз жанды эргитет.
Токуруп бөлбөй, толкуган көлдөй,
Пейилдер кенен жашайлы,
Ар дайым даяр, апамдай аяр,
Мээримиң көңүл сергитет.
Кайырма:
Өтсө да өмүр, калтырбай көңүл.
Сыйлашып барктап жүрөлү.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк,
Бир тууган таза жүрөгү.
Дем берип деми, кыйбаган сени,
Кадырын билгин досуңдун.
Өткөрүп алба, өкүнүп калба,
Балалык куунак өмүрдү.
Кайырма:

Пікірлер: 26
@Yrkese
@Yrkese Жыл бұрын
🎵 Гүлмира Рыспаеванын сөзүнө жазылган Сулайман Рыспаевдин "Шат күндөр" ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
@user-gh8ye2xv8v
@user-gh8ye2xv8v Ай бұрын
Рахмет айналайын. Көп жаса бақытты болыңыздар. Керемет тамаша өте жақсы орындау. Өлеңнің мазмұны мəні күшті екен.
@user-wv3gt4oc6p
@user-wv3gt4oc6p Ай бұрын
Сонун ыр экен. Азаматсыз❤🎉
@user-zv5cj7tk7z
@user-zv5cj7tk7z Жыл бұрын
Кыздар соонун болуптур Ыр керемет!😍👍😘
@BishkekBishkek-kv2hd
@BishkekBishkek-kv2hd 2 ай бұрын
Роза Азиза Айнура азаматсынар жакшы ырдадынар ❤❤❤❤
@myrzaiymrysbekova851
@myrzaiymrysbekova851 8 ай бұрын
Жаным эжекем го менин❤❤
@AishakanChinalieva
@AishakanChinalieva 10 ай бұрын
Эң сонун😘😘😘🎉🎉🎉
@Ump_top
@Ump_top Жыл бұрын
Мен ушунл ырды ырдап утум сиздерге Рахмат
@GulsinaAyan
@GulsinaAyan 2 ай бұрын
Синдилерим❤❤❤❤
@user-rf8zo3ho7z
@user-rf8zo3ho7z Жыл бұрын
Азамат сонун чыгыптыр Рахмат.
@user-xj8vf7cf6b
@user-xj8vf7cf6b Жыл бұрын
Сонунго унуздор дайым эле ырдап жургуло
@user-jd9zs2nn6w
@user-jd9zs2nn6w 5 ай бұрын
❤❤👍👍🌷🌷⚘
@user-jz8ip8gx9q
@user-jz8ip8gx9q Жыл бұрын
🥰🥰🥰👍👍
@user-jd9zs2nn6w
@user-jd9zs2nn6w 5 ай бұрын
Үйүңөргө береке🎉❤
@user-jd9zs2nn6w
@user-jd9zs2nn6w 5 ай бұрын
@user-xj7ee3gi3h
@user-xj7ee3gi3h 10 ай бұрын
Рахмат! ! !
@user-ov1ey5cx5f
@user-ov1ey5cx5f Жыл бұрын
Азиза Роза Шакирова Иез
@user-el3uw1zz6v
@user-el3uw1zz6v Жыл бұрын
Малика Дина Бактыма деген ырын чыгарып коюнузчу
@AkylaiMannanova
@AkylaiMannanova Ай бұрын
Роза Азиза Айнура сонун ырдапсынар
@user-ch1qt6bx2w
@user-ch1qt6bx2w 9 ай бұрын
Ыр абдан жакшы көңүлдү көтөрөт.
@user-jc1cx5zn1z
@user-jc1cx5zn1z Жыл бұрын
Неге минусовка эмес?
@Yrkese
@Yrkese Жыл бұрын
караоке минус деген вариантын караңыз, каналда бар
@user-uh1gm3kb5x
@user-uh1gm3kb5x 3 ай бұрын
Кто смотрит в 2024 году го сюда
@user-hy8fu5vy1h
@user-hy8fu5vy1h Жыл бұрын
Ежэ личканызга отсом болобу
@nazgulukurbanbaeva9732
@nazgulukurbanbaeva9732 8 ай бұрын
Минусу жокпу
@atlant7634
@atlant7634 Ай бұрын
Чакырсаң келбес
Climbing to 18M Subscribers 🎉
00:32
Matt Larose
Рет қаралды 35 МЛН
THEY WANTED TO TAKE ALL HIS GOODIES 🍫🥤🍟😂
00:17
OKUNJATA
Рет қаралды 2 МЛН
Watermelon Cat?! 🙀 #cat #cute #kitten
00:56
Stocat
Рет қаралды 52 МЛН
"Ыр кесе" 2024жыл  СОКУЛУК
2:46
Alina
Рет қаралды 2,5 М.
Бакиевди алып келүү аракети күчтөнүп жатабы?
30:06
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
Рет қаралды 7 М.
Элзар Осконбаева "Агатайым ай"
2:41
TOLGONAI
Рет қаралды 862 М.
Isfana
4:37
Нурсултан Бакиров
Рет қаралды 690 М.
6ELLUCCI - KOBELEK | ПРЕМЬЕРА (ТЕКСТ)
4:12
6ELLUCCI
Рет қаралды 696 М.
Ademim
3:50
Izbasar Kenesov - Topic
Рет қаралды 154 М.
DAKELOT - ROZALINA [M/V]
3:15
DAKELOT
Рет қаралды 283 М.
Say mo & QAISAR & ESKARA ЖАҢА ХИТ
2:23
Ескара Бейбітов
Рет қаралды 270 М.
Bakr & Бегиш | TYTYN
3:08
Bakr
Рет қаралды 727 М.
Duman - Баяғыдай
3:24
Duman Marat
Рет қаралды 59 М.