Рет қаралды 106,009
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. 12-апрелдеги жаңжалдан улам Лейлек районунун миңдеген тургуну коопсуз жерге чыгууга аргасыз болду. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кырдаалды жөнгө салуу аракети жүрүп жактанын билдирүүдө. Улам-улам чыккан чек ара чатактарын басуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Дегеле кыргыз-тажик чек арасы качан такталат?
Бул суроолорду биз бүгүн саат 19.30дө «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Программага Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов, парламенттин дагы бир депутаты Миргүл Темирбаева, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов, дипломат Данияр Сыдыков студияга келсе, президенттин Баткендеги өкүлү Абдыкарим Алимбаев жеринен видео байланыш аркылуу катышмакчы.
#Эксперттерталдайт #Азаттык #Кыргызстан
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus