Биз балдарыбызды адамгерчиликке үйрөтпөй калдык | Эмил Умет | Алдей

  Рет қаралды 21,335

Алдей

Алдей

Күн бұрын

Салам! Бүгүн бизде конокто коомдук ишмер, ишкер жана эки баланын атасы Эмил Умет. Кызыктуу коногубуз менен көз карандысыз жана бактылуу балдарды кантип т̶а̶р̶б̶и̶я̶л̶о̶о̶
өстүрүү керектиги тууралуу маектештик.
Ошондой эле, Европа өлкөлөрүндөгү балдар эмне үчүн ыйлабай тургандыгы тууралуу дагы кеп козгодук.
❗️Эмил агайдын Facebook баракчасы:
/ emil.umet
_______
✳️Балдарды эрте өнүктүрүү боюнча консультант Сапаргүл Абдинабиева менен эң керектүү маек:
• Бала менен эмоционалды...
✳️Үй-бүлөдө кандай салттарды киргизип, балдарды туура тарбиялоо боюнча кеңештерди "Энелер мектеби" уникалдуу мектебинин түптөөчүсү Гапыр Мадаминов менен болгон маектен уксаңыз болот:
• Агай: Балдарды "элдүүл...
_______
00:00 Таанышуу
00:55 Фамилиямды өзгөрткөнүмдү түшүнбөгөндөр бар.
07:30 Балдарыбызды адамгерчиликке үйрөтпөй калдык окшойт...
33:22 Биздин чөйрө бийликке багынууга үйрөтөт.
44:25 Жетекчилердин, байлардын балдары бизге “жаман” деп койгон жерлерде окушат.
54:35 Энем менен таенем менин калыптанышыма чоң салым кошкон.
01:01:10 "Кыйынчылык адамды тың кылат" деген жалган.
01:13:45 Кыздарыма 15 жыл мурда убада бердим.
01:15:22 "Эне-балага канат” долбоору жөнүндө.
01:24:45 Кызым берген белектен жылуулукту сезем.
01:26:45 Балдарды өстүрүү боюнча кандай китептерди сунуштайсыз?
01:30:35 "Менталитет, салт, маданият" сөздөрүнө өтө багынабыз.
01:42:50 Ата-энелерге кайрылуу
#ЭмилУметалиев #атаэне #кыргыздар #Алдей

Пікірлер: 149
@ALDEY1
@ALDEY1 3 ай бұрын
Таймкод: 00:00 Таанышуу 00:55 Фамилиямды өзгөрткөнүмдү түшүнбөгөндөр бар. 07:30 Балдарыбызды адамгерчиликке үйрөтпөй калдык окшойт... 33:22 Биздин чөйрө бийликке багынууга үйрөтөт. 44:25 Жетекчилердин, байлардын балдары бизге “жаман” деп койгон жерлерде окушат. 54:35 Энем менен таенем менин калыптанышыма чоң салым кошкон. 01:01:10 "Кыйынчылык адамды тың кылат" деген жалган. 01:13:45 Кыздарыма 15 жыл мурда убада бердим. 01:15:22 "Эне-балага канат” долбоору жөнүндө. 01:24:45 Кызым берген белектен жылуулукту сезем. 01:26:45 Балдарды өстүрүү боюнча кандай китептерди сунуштайсыз? 01:30:35 "Менталитет, салт, маданият" сөздөрүнө өтө багынабыз. 01:42:50 Ата-энелерге кайрылуу
@user-ms2gh6mg4w
@user-ms2gh6mg4w 3 ай бұрын
Журналист кызга баа берем да,аябай токтоо,меймандын сөзүн болбой,кооп угат.Адамдын эн жогору сапаты бироону угуу.Анан акылдуу,жоной.Азаматсынар ишинерге ийгилик.
@user-mw7qx2rv9k
@user-mw7qx2rv9k 3 ай бұрын
Туура кошулам, Азамат кыз👍
@tinatoktahunovna5749
@tinatoktahunovna5749 3 ай бұрын
Алып баруучу айымды олло жакшы кором❤нукура кыргызча салынат жоолукту❤❤❤❤❤
@user-ku4xv5dc2r
@user-ku4xv5dc2r 3 ай бұрын
Эркектер кобуроок укса жакшы болот эле...Арабызда бар уул кыздарына жакшы мамиле кылбаган аталар Жакшы таасирдуу создор айтылыптыр.Ырахмат!
@moonflower2667
@moonflower2667 3 ай бұрын
Ушундай замандашыбыз менен бир убакта жашаганыма ыраазымын! Ой-жүгүртүүсү терең, көз карашы түз, эрудициясы кең инсан катары абдан урматтайм. Эмил агай, баракелде!
@user-rl9tm8lq5f
@user-rl9tm8lq5f 3 ай бұрын
ушундай билимдуу,кыргыз учун куйгон инсандарыбыз кобойо берсин ылайым!
@user-eq6cm8ti3y
@user-eq6cm8ti3y 3 ай бұрын
Агай абдан сонун маек куруптур, алып баруучу мыкты билимдуу аял экен.
@user-yn3lk6xi6y
@user-yn3lk6xi6y 3 ай бұрын
Эң сонун берүү болуптур. Эмил агайдын болгон маектерин издеп көрөм. Көз карашы кенен, келечекте кыргыздар өнүккөн, эстүү муунду өстүрүүгө багытталган терең ойлору менен бөлүшкөнүн аябай сыйлайм. Эмил агайдын айтканындай муунду чоңойтуп алсак Кыргызстаныбыз да өнүгүп дүйнө менен тең сүйлөшө алмакпыз. Орустун эшигин шыпыргандан арылып, орустун оозун карап жалтак болбой.
@jyldyzorozalieva7095
@jyldyzorozalieva7095 3 ай бұрын
Эн туура жазыптырсыз, сиздей ойлогон адамдар коп болсун
@user-fh5dv5os2u
@user-fh5dv5os2u 3 ай бұрын
Эмил агай абдан мээни ойгото турган интервью бериптир. Бар болунуз агай, коп жашаныз. Элибиздин корогочтугун кенейтууго себепчи болуп журо бериниз. Кенен убат берип узун интервью алганынарга да рахмат.
@user-bo7xi3yr3o
@user-bo7xi3yr3o 3 ай бұрын
Союздук адамдын ушундай кыргыз баалуулугун баалаган ушундай инсан бар экенине шүгүр❤
@lorihardly9350
@lorihardly9350 3 ай бұрын
Агай, кандай гана сонун адамсыз. Келечекте сиздей акылдуу ой жүгүрткөн ата-энелер көп болсо экен.
@user-vz1jc4qb5p
@user-vz1jc4qb5p 3 ай бұрын
Абдан энергия алдым ,уга бериштен тажабадым , адамгерчилик тууралуу сонун кенеш алдым. Балдарыбыз сиздей билимдуу , жаратман, улгулуу адам болушун тилеймин. Рахмат сизге.
@jyldyzjyldyz7270
@jyldyzjyldyz7270 3 ай бұрын
Балдарыбыз сиздей болсун байке
@user-vj4yk2jj2j
@user-vj4yk2jj2j 3 ай бұрын
Коп кырдуу билимдуу ушундай агаларыбыз коп болсун.Эн сонун суйлоду
@user-bf5bm3lq4p
@user-bf5bm3lq4p 3 ай бұрын
Кандай сонун маэк, коруп угуп буткучо энергия алдым, мыкты адам ушундай адамдарды тарбиялайлы 🙏
@JUGURUK
@JUGURUK 3 ай бұрын
Ушул байке өзүндө тарбия жакшы, ага ата катары ютуб каналы бар бекен болбосо ачсын! Ата-энелер балдар көрөт эле. Жакшы сабак ар бир сөзү.
@Rahima_Isamidinovna
@Rahima_Isamidinovna 3 ай бұрын
Агай!Алла Таалам Өзү ыраазы болсун сизден! Илим-билим менен өтө терең сугарылган үлгү алчу инсан экенсиз....Илим билим менен кош канатыбыз бийик учсун🤲
@user-lg2xp3gh3g
@user-lg2xp3gh3g 3 ай бұрын
Ушунчалык терен билимине таң бердим , браво🙏🏽🫶👌👍😇😇😇
@user-xh8wj5ii6r
@user-xh8wj5ii6r 3 ай бұрын
Ото сонун жооп берди суроолорго,аябай ыраазы болуп уктум,айрыкча акча маселесин. Билимибиз ото аз,тилеке каршы. Кредитке откон показуха тойлорчу...журогум ооруйт.
@user-qy2zb8un2s
@user-qy2zb8un2s 3 ай бұрын
Эн сонун интервью болуптур. 2 часа удовольствия. Давно не слышала таких умных людей.
@user-tt4gq9be6d
@user-tt4gq9be6d 3 ай бұрын
Абдан билимдүү киши
@user-sy4ot1me7c
@user-sy4ot1me7c 3 ай бұрын
Эмиль агабызды абдан сыйлайм абдан акылдуу аратор сиздин кебинизди коп тыншасак жакшы болот эле бар болунуз
@nargizaibragimova419
@nargizaibragimova419 3 ай бұрын
Эн сонун беруу болуптур,моокумум кана кордум ,жана кыздарыма дагы да татыктуурак эне болушума чон сабак алдым десем да болот,угуп жатып озумдун кээ бир каталарымды сезип ,ыйлагым да келип кетти 🥲
@user-gc6qh3kh8r
@user-gc6qh3kh8r 3 ай бұрын
Кыргыз эли ар бир басып откон жолун сыйлоо жана ыразычылыгык айтуу менен гана алдыга умтулабыз. Ар бир нерсе оз ирети менен келе жатат да . Кыргыз эли орус падышалыгынын астында , андан сон совет доорунда жашоо насип болгон да . Ал басып откон жолдон коп тажрыйба да алдык . Кыргыздын салтында , мааданиятында мал сойуу , демек балдарыбызга ошондой нерселерге аралаштырып уйротушубуз керек , Европада бул жаман корунуш болсо да .Батышбы , чыгышбы бары бир , биз озубуздун наркыбызды которушубуз керек , эч кимге тэнелбей.
@user-on4wm5xc2h
@user-on4wm5xc2h 3 ай бұрын
Буйурса улам-улам коруп,акырындан уйронолук,баардык ата-энелерге соонун сабак болду деп ишенем 100%❤👌👌👍👍
@AlMil2024
@AlMil2024 3 ай бұрын
Ушул беруу аябай жагат, ишиниздерге ийгилик!
@Mikanova92
@Mikanova92 3 ай бұрын
Ушундай аталар кобойо берсин❤
@ainurajanakunova3105
@ainurajanakunova3105 3 ай бұрын
Соонун темаларды алып тушундуруп айтып беригениниздерге терен ыраазычылык
@bemagame
@bemagame 3 ай бұрын
Балам оз билгенин жасайт,коп урушуп коем кээде.Эми Аны кабыл алганга аракет кылышым керек экен.Отто сонун подкаст болуптур.Аллах ыраазы болсун чыгармачылык топ азаматсыздар.
@user-ij2bj8bt5k
@user-ij2bj8bt5k 3 ай бұрын
Мыкты эфир кандай соонун создор озгочо адамкерчиликтуулук боюнча кандай соонун маалыматтарды айттыныз ийгилик каалайм
@user-rg8jr9nm6h
@user-rg8jr9nm6h 3 ай бұрын
Билимдүүнү билимдүүлөр угат экенине дагы бир жолу ишендим.Анткени,комментарийлер катасыз жазылыптыр.Маани маңызы жок каналдардын коммен-н окуй албайсың.
@aiganyshbolotbekkyzy912
@aiganyshbolotbekkyzy912 3 ай бұрын
👍👍👍👍 Ой чабыты кенен, терең инсан! Сонун чыгарылыш! Рахмат!
@BurulkanBarktabasova
@BurulkanBarktabasova 3 ай бұрын
Билими кучтуу Коп мамлекетти коруп алардын жакшы жагын айтып бергени абдан жакшы Азаматсын
@user-dl5rx8lt3t
@user-dl5rx8lt3t 3 ай бұрын
Түнкү 3:00 до угуп жатам. Ушунча кызыктуу. Сиздей гумандуу адамдар көп болсун. Интервьюга дагы көп көп чыксаңыз экен♥️
@blumbrain3732
@blumbrain3732 3 ай бұрын
Боёнбой, жалтырак жултурак тагынып, ачык кийинбей жөнөкөй болуп эле жүрсө болот экен го. Эже ишиңизге ийгилик сизге аябай суктандым.
@user-tp5fu4mk2w
@user-tp5fu4mk2w 3 ай бұрын
Менин оюмдагы суроолорду берипсиз. Сонун ❤
@aichurokkarimkyzy4815
@aichurokkarimkyzy4815 3 ай бұрын
Кандай сонун түшүнүктөрдү бердиңиз агай чоң рахмат 🎉
@gulkaiyrtaalaibekkyzy1308
@gulkaiyrtaalaibekkyzy1308 3 ай бұрын
Эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири-бул биздин фио орусча ов/ова болгону такыр туура эмес, бул кыргызча эмес! Бизде уулу/кызы деген калыш керек башкаларга ообой. Ошондой эле, орусча аталып калган жерлерибизди, көчөлөрүбүздү кыргызчага жандандыруу керек сөзсүз түрдө. Өзүбүздү сыйлашыбыз керек.🇰🇬❤️
@aichurokkarimkyzy4815
@aichurokkarimkyzy4815 3 ай бұрын
Агай көз карашыңыз абдан жагат сизден дайыма үлгү алабыз
@user-k836
@user-k836 3 ай бұрын
Жакшы создору да бар экен , создорун иргеп озубузго туура келгенин алсак болот экен бирок баарын эмес
@almazbekismanaliev2049
@almazbekismanaliev2049 3 ай бұрын
Ушул агай кобураак маалымат беришиниз керек экен особенно ата- энелерге
@user-ITALIA.K.A.N.A.L.Y.
@user-ITALIA.K.A.N.A.L.Y. 3 ай бұрын
Иййй журогум , эн кымбат татыктуу ата экенсиз! Кызыныздын футболкасын журогунузго катып кийип жургонунуз бул, чексиз мээримдин белгиси❤… Аман болунуз, ден соолукта болунуз!
@user-xz3bp6le9z
@user-xz3bp6le9z 3 ай бұрын
Саламатсызбы эже сизге ыраазычылык сиз сооп иш жасап жатасыз деп ойлойм,канчалаган пайдалуу кеңештерди билип жатабыз. Сизден сураныч балдар психологун чакырсаңыз, балдар үчүн эмне чоң трамвай болуп эсептелет жана финансылык сабаттуулук жөнүндө маалымат берсеңиз балдарга келечекте акчаны туура кантип табуу жана пайдалануу үчүн кичинекей кезинде эмне кылсак болот? Менин оюмду окуйсуз деп ойлойм.чоң рахмат
@meerimrazakova6988
@meerimrazakova6988 3 ай бұрын
Эн сонун интервьюлардан бири, Чон Рахмат!!! Аябай таасирлендим!!!
@user-xh2gu2op6c
@user-xh2gu2op6c 3 ай бұрын
Коп нерсени алдым. Чон рахмат
@ANARBAEV_OFFICCIAL
@ANARBAEV_OFFICCIAL 3 ай бұрын
Жакшы интервью болуптур, Москвадан көрүп атабыз
@user-im9vk3xr6f
@user-im9vk3xr6f 3 ай бұрын
Абдан пайдалуу, өтө кызыктуу сөздөрдү айтты Эмил мырза! Бар болунуз!
@user-se8js9um2u
@user-se8js9um2u 3 ай бұрын
Агай азаматсыз!
@Nurgul35
@Nurgul35 3 ай бұрын
Мыкты беруу болуптур!!! Ушундай инсандардан маек коп алынызчы,тарбиялык мааниси терен беруу болду.❤❤❤
@gulnurka
@gulnurka 3 ай бұрын
рахмат сизге Эмиль агай!
@sia6022
@sia6022 3 ай бұрын
❤❤❤❤ эн сонун создор
@elvirakydyrova4667
@elvirakydyrova4667 2 ай бұрын
Кандай сонун мыкты маек болуптур, мен озумо коп нерселерди ала алдым, абдан ыраазымын!
@maksatmaksatova8085
@maksatmaksatova8085 3 ай бұрын
Мыкты эфир болуптур
@user-pq4yo3wr2n
@user-pq4yo3wr2n 3 ай бұрын
Маек жакшы болду рахмат сиздерге!
@sonunbumitalipova1769
@sonunbumitalipova1769 3 ай бұрын
Ото соонун маек баардык Ата эне уга турган экен. Бар болунуз
@jyldyzjyldyz7270
@jyldyzjyldyz7270 3 ай бұрын
Дагы коп коп темада интервью берип турунуз ,кутобуз ,балдар тууралуу кобунчо
@user-te6jd9zh7o
@user-te6jd9zh7o 3 ай бұрын
Мамлекеттик менчиктер,алар эч кимдин жеке менчиги эмес.А кулчулук жеке менчиктерде жеке менчик ээлери тарабынан жургузулот.Мектеби бар адам сиздей чындыкты калп,калпты чын кылып айткан капиталист болбошу керек.
@user-dm9dd5fh2r
@user-dm9dd5fh2r 3 ай бұрын
Аллахым ыраазы болсун 👏 эн сонун подкаст ❤
@bernaosmon5206
@bernaosmon5206 3 ай бұрын
Абдан таасирдуу маек болуптур.
@user-pf6gs5wb2u
@user-pf6gs5wb2u 3 ай бұрын
Саламатсынарбы? Сонун, чоон китеп окугандай болдум акылдуу создор жагымдуу .
@nurlanarzybekov1189
@nurlanarzybekov1189 3 ай бұрын
Ото соонун
@user-hu9xc6jw5k
@user-hu9xc6jw5k 3 ай бұрын
Агай, ар бир сөзүнүңүздөн таасир алдым. Ошондуктан тоталитардык мамлекет эч качан өнүкпөйт жана өнүккөн да эмес.Чыныгы демократиялык өлкөдө жашоонун маңызы абдан жакшы.Туура айтасыз кулдардын санын эмес лидерлердин санын өстүрүшүбүз керек деген сөзүңүзгө жүз пайыз кошулам. Абдан сонун маек болуптур, ишиңизге ийгилик каалайбыз!
@user-dq5fs1yi8v
@user-dq5fs1yi8v 3 ай бұрын
Эн сонун кайра угуп атам
@user-mx4fr2ov4m
@user-mx4fr2ov4m 3 ай бұрын
Эн соонун, пайдалуу маек болду.🫂❤️✅
@user-ni9nq7cp1n
@user-ni9nq7cp1n 3 ай бұрын
Ишинерге ийгилик!!! Эн сонун маек ❤❤❤
@user-ef7uj8ds7s
@user-ef7uj8ds7s 3 ай бұрын
Бала тарбия боюнча эн жакшы кенеш алдым.
@user-ht7uj4wv4e
@user-ht7uj4wv4e 3 ай бұрын
Жакшы интервью бериптир, ото сонун... 👍
@Beka0808
@Beka0808 3 ай бұрын
Соонун интервью болуптур агай, эмне деген билим, ой жугуртуу.... ден соолукта болугуз агай,жаштарга улгу болуп журо бериниз!! Окуймун деген адам окуйт ,туз журуп эле
@gulzadaabdikarimova839
@gulzadaabdikarimova839 3 ай бұрын
Угуп өзүмдүн каталарыма ыйлагым келди балдарымды көп урам ыйлагым келип отурам сиздерге рахмаат
@user-tb3dj7ll1y
@user-tb3dj7ll1y 3 ай бұрын
Менда😢
@user-ux9ic5ez3x
@user-ux9ic5ez3x 3 ай бұрын
Эмил,билимду киши экенсиз!А на передачу пришли, как с утра с постели встали( не бритый, не по этикету одетый) это ваше безкультурьё , которое хотите показать подрастающему поколению. Говорите умные слова, но всё перечеркнули своим видом....... С уважение соотечественница!
@nurperiraimbekova9008
@nurperiraimbekova9008 3 ай бұрын
Аябай адамкерчиликтуу Адам. Аябай сыйлайм. Омуру узун болсун.
@bektursuntolkunuulu7836
@bektursuntolkunuulu7836 2 ай бұрын
Абдан жакшы маек болуптур. Ушундай адамдардын сөздөрү элге жетип турса чоң жетишкендик болот го. Бул чыгарылыштан көптөгөн пайдалуу кеңештерди алып, ошого амал кылыш керек. Маекти уюштуруучуларга да чоң ыраазычылык
@jyldyzjyldyz7270
@jyldyzjyldyz7270 3 ай бұрын
Байке рахмаат
@gulmiraeralieva2737
@gulmiraeralieva2737 3 ай бұрын
Укмуш сонун беруу болуптур, кректуу турмушубузга алтын сырга.
@user-dq5fs1yi8v
@user-dq5fs1yi8v 3 ай бұрын
Эх!!! Аталарыбыз, балдарыбыздын атасы корсо!
@user-rr9eo8wk3b
@user-rr9eo8wk3b 3 ай бұрын
Быйыл кыздуу болдук. Жолдошум экообуз эле ойлонуп ова ны алып салып эле атасынын аты менен эле кызымдын атын кылып жаздырдык кыскача кыргызча эле.
@stalin4750
@stalin4750 3 ай бұрын
Кандайча.Мисалы Жаңылай Балтабай деппи.
@user-pi8pz6gb5r
@user-pi8pz6gb5r 3 ай бұрын
Жакшы изденет экенсиз, орустардын откон кылымдагы саясатын туура айтынныз, ушул сиз айткан нерселер куранда, суннотто корсотулгон кандай кылсанар туура деп, билим жонундо туулгандан, олгонго чейин алгыла деген, биз ошону аткара албай аксап жатабыз.
@ainurajanakunova3105
@ainurajanakunova3105 3 ай бұрын
Мен озум учун коп инсайттарды алдым
@jyldyzjyldyz7270
@jyldyzjyldyz7270 3 ай бұрын
Биздики билим беруудо алсызбызго,мектептерге да адептуулук,этика сабактарын ,киргизишсе
@user-rr9eo8wk3b
@user-rr9eo8wk3b 3 ай бұрын
Соонун маек учун рахмат 👏
@Zainap-zg6pc
@Zainap-zg6pc 3 ай бұрын
Эки саат кантип отуп кеткенин билбей калдым ❤❤❤
@alimanbakytbek9463
@alimanbakytbek9463 3 ай бұрын
Абдан кызыктуу маек, пайдалуу, рахмат.
@gulkairsoronbaeva8159
@gulkairsoronbaeva8159 3 ай бұрын
Бар болунуз
@user-bq6qo2nv2y
@user-bq6qo2nv2y 3 ай бұрын
Абдан жакшы.
@user-dl4tq1di1s
@user-dl4tq1di1s 3 ай бұрын
Арыбаңыз, Эмил мырза. Ак сөз айттыңыз.🎉
@user-dn3mc7bw4z
@user-dn3mc7bw4z 3 ай бұрын
Керектүү жерин алып керек эмес жери кулак сыртында калсын. Баары бир коммунист жыттанат экен "эркин ", "эркиндик"деген сөз жага бербейт туура эмес түшүнүп алуубуз.
@TaalaigulMamalaeva-pn5mz
@TaalaigulMamalaeva-pn5mz 3 ай бұрын
Мага коз карашы жагат.билимдуу адамдар коп болсо.
@Tiamo312
@Tiamo312 2 ай бұрын
Абдан сонун майек болуптур
@user-eb5kp8mo3l
@user-eb5kp8mo3l 3 ай бұрын
Сонун передача болуп атат, бул мектептин адреси кандай экен?Айтып койгулачы.
@moonflower2667
@moonflower2667 3 ай бұрын
Bishkek International School
@user-xj3ko6ky1c
@user-xj3ko6ky1c 3 ай бұрын
Баржоктун чеги бар бирок,аша чапкандык болбойтко.
@Lola-wc6sd
@Lola-wc6sd 3 ай бұрын
Horoshiy interview
@user-vn7ni3lm4k
@user-vn7ni3lm4k 3 ай бұрын
АЙ АЗАМАТ ЭКЕНСИЗ ЭЛГЕ МАНИ МАҢЫЗДУ МАЕК КУРУПСУҢАР, БАРАКЕЛДЭ БАР БОЛУНУЗ, ДАГЫ ЖАКШЫ КЕП КЕҢЕШТЕРИҢИЗДИ БЕРЕЬЕРИҢИЗ.
@user-zp1zm2qi4i
@user-zp1zm2qi4i 3 ай бұрын
1:49:43 Ар бир улутта жаман жакшы адамдар болот.Урууда да ошондой
@bazatalai4830
@bazatalai4830 3 ай бұрын
Ассалам алейкум!Менде катуу эсимде калган сиздин кызыныз авария болгон кун,чоон адам болсомда коздон жаш агып аябай кабатыр болгом мен охраник болчум мектепте.
@emilumet9660
@emilumet9660 3 ай бұрын
@emilumet9660
@emilumet9660 3 ай бұрын
@user-pm3js1vk7v
@user-pm3js1vk7v 3 ай бұрын
❤❤❤
@user-ru4wb9fq3b
@user-ru4wb9fq3b 3 ай бұрын
Саламатсыздарбы азаматсыздар
@user-ip4mf6pn7r
@user-ip4mf6pn7r 2 ай бұрын
Себат лицейинде орус классында окуган балдарга Кыргыз тили мугалими "силер манкуртсунар, тилинерди билбейсинер" деп басынтып, Оз тилибизди "суйууго" малым кошуп жатат. Окунучтуу.....
@user-nl1zh3ng7o
@user-nl1zh3ng7o 3 ай бұрын
ОЙЛОН КЫРГЫЗ, ОЙГОН КЫРГЫЗ ДЕГЕНДЕЙ ЭЛЕ АЙТЫЛДЫ, ОТО ТУУРА АЙТТЫ
@user-xn7nc7je8x
@user-xn7nc7je8x 3 ай бұрын
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
@user-hc3ux9ch8f
@user-hc3ux9ch8f 3 ай бұрын
Аябай берилип уктум.
@user-kx4gr6rw1n
@user-kx4gr6rw1n 3 ай бұрын
Эмиль Сатар эле бол
Нейрофизиология о биохакинге
1:00:39
Innostage
Рет қаралды 2,4 М.
ТАМАЕВ vs ВЕНГАЛБИ. Самая Быстрая BMW M5 vs CLS 63
1:15:39
Асхаб Тамаев
Рет қаралды 4,6 МЛН
Super gymnastics 😍🫣
00:15
Lexa_Merin
Рет қаралды 101 МЛН
小女孩把路人当成离世的妈妈,太感人了.#short #angel #clown
00:53
INTERVYU. Eng katta maoshi, terma jamoa va "Paxtakor" haqida
48:04
championatasia
Рет қаралды 19 М.
Өмүрбек Текебаев: “Немис эли өткөндөн сабак алган эл”
1:15:01
Nazira Aytbekova Назира Айтбекова
Рет қаралды 88 М.
ТАМАЕВ vs ВЕНГАЛБИ. Самая Быстрая BMW M5 vs CLS 63
1:15:39
Асхаб Тамаев
Рет қаралды 4,6 МЛН