Рет қаралды 54,128
Биздин instagram баракчабызга жазылыңыздар - / aytaytdese
Жана youtube каналыбызга жазылганды унутпаңыз - / @aytaytdese
Темиров лайф кыргызча - / @temirovlivekg4060
Улуу жибек жолунун боюндагы
Уулу бар жетелеген колундагы
Бейишти таманына басып жүргөн
Бир эне сөзүн айтты ойундагы
Ыктай карап сөзүн баштап жибергенде
Ылдый карай шылкыйды мойнум дагы
Беш балам бар чийедей үйүмдө тур
Үйүмда чоң дубалдын түбүндө тур
Орундук аз ордуна койулулбай
Олчойгон түйүнчөктөр түйүндө тур
Эртеден кечке турам келип калаар
Иштетип таман акым берип калаар
Кур кайтсам кул базардан нан табалбай
Курсактан чыккан балдар кейип калаар
Эртеңки жол киреси кемип калаар
Бир башчыны кубалап аткан кезде
Бир уулуман айрылгам ачыгында
Он он беш саат иштечү жүк түшүрүп
Ошондон болуп турчу азыгымда
Акыйкаттын ак туусун кулатпайм деп
Сынып калган, силер үчүн казыгым да
Алдейледим көбөйтүп кыргыз санын
Аман эсен торолтум жатынымда
Соргоктордун түзүшкөн мыйзамынан
Соолуп бара жатышат чатырымда
Чакырыктар бакырыктар сапырыктар
Айкырыктар үйүм тар, эшикте кар
Тажадым мен ойгончу сен
Топурайт жандар токочко зар
Мен эле эмес мен өңдүү мекенемиде
Менденда шору катмар жарандар бар
Көрдүм калыс өткөргөн шайлооңорду
Көркоолор тарп аңдыган жайлоо болду
Жыйылган эли журтум үмүт артып
Жыбыраган партияга талдоо болду
Шайысын бийлик жапкан айрымдарга
Шайлоо боло электе эле майлоо болду
Бул шайлоо элди жайлоо дедик эле
Кулдурай беребизби кемип эле
Оошуп партиядан партияга
Ошолор дайым жүрөт жеңип эле
Отуз жыл каныңарды кактап келген
Ошолордун балдары эми деле
Кенин саткан адамдар элин саткан
Сатып ийет бир күнү сени деле
Көз алдыңда мекениң соолуп атса
Көз жумуп отурабыз эминеге
Билбейм кандай болоор экен айагыңар
Башталды шоу коштогон байаныңар
Башыбызга кайрадан келиптирго
Башынанда оозу чоң байаагылар
Ай силер калкыбызга карекесиңер
Аймактар өнүгүүгө данексиңер
Атайын эл атынан келип алып
Аа силер эмне менен алексиңер
Мөөнөтүң бүткүчөктү майлуу жерден
Мөөнүңөр жарылгыча кересиңер
Шаймансыз кедей элге акча берип
Шайлоонун алдында эле келесиңер
Эшектин тушоосун да чече албасаң
Элиме эмне үчүн керексиңер
Тоок урдап ач бөбөгүн тойгузам деп
Тор артына коңшумдун уулу кетти
Тоо урдап тоготпогон мыйзамыңды
Торойто чапкым келет далай бекти
Соккондор соттолушту байпагыңды
Чапкандар акталышты банктарыңды
Абаке азыр деле көз камандар
Аткарат болуш керек айтканыңды
Бир далай жемкорлорду көзүң көрөт
Бир карап койсоң эле капталыңды
Жолотпо деп жаныңа туугандарды
Жоон топ элим менен айтпадыкпы
Жүздөгөн эл алдында тике карап
Жүрөктөргө жашаттык айтканыңды
Жүздөргө шаң жараткан убадаңдан
Жүздөр көрбөй калса не кайтканыңды
Желелеп ороп алаар жасоолдоруң
Жеп жуутар жемкор бекен байкадыңбы
Ууруларга убакыт бере берген
Ушундай кеңдигиңен аксадыңбы
Ишке салып бекерге кыйнабайлы
Ишке ашыра албаса максатыңды
Байкабай калдың окшойт өзүң дагы
Бул эшиктин кулпусун ачканыңды
Пул базардын кызыгы азгындатып
Кул базардын үмүтүн таптадыңбы
Айт Айт Айт Десе,Болот Назаров
#болотназаров #айтайтдесе #акын