Рет қаралды 109,909
16 жашында көз жумган Атай менен Эрнурдун ата-энеси АКИpress агенттигинде 4-сентябрда маалымат жыйынга чогулушту. Эки өспүрүм бир мектепте билим алып жатышкан.
Атайдын атасы Ниязбек Ажыгуловдун маалыматы боюнча, уулу быйыл 9-июнда досу Эрнурга жардам берүү максатында Ботаникалык бакчага барган. Ал жерде өспүрүм балдар топтолуп турган.
Эрнурдун апасы Нуржамал Сарыкованын айтымында, топтолгон балдар анын уулу менен сүйлөшөбүз деген максатта бычак ала барышкан. Ал жерден Эрнур токмоктолуп, бычактан жаракат алган Атай көп узабай көз жумган. Бул окуядан кийин шектүү катары Бишкектеги мектептин окуучусу А.Р. кармалган.
13-июнда милицияга Эрнурдун жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал асынып каза болгон. Маркум тынч жүргөн, боорукер бала болгонун атасы белгиледи.