Рет қаралды 37,198
18-майга караган түнү Бишкекте Кыргызстандын жарандары чет өлкөлүк студенттердин жатаканасына кирип барып, ал жерде жашагандарды ур-токмокка алган. Бул окуядан жалпы 29 киши жабыркап, азыр үч чет элдик оорканаларда дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады. Бул окуя эмне себептен келип чыкты, укук коргоо органдары кандай иштешти, мындан аркы Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы кадыр-баркы кандай болот? Бүгүн темабыз ушуга арналат. Студиябызда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов, Пакистандык студенттердин Кыргызстандагы биримдигинин өкүлү Мухаммад Умар Шакил жана эксперт Эржан Кайыпов. Талкууну Кубат Оторбаев алып барат.
#пакистан #арайкөзчарай #кыргызстан #четөлкөлүк
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzfaq.info/love/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus