Рет қаралды 433
#ФаридаӨмүрзакова #ретро #сагындырба #ЖанышКочкоров
С.О.: Жаныш Кочкоров
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Ошол күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.
Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.