Гулзат эжекем Ишен жездем экоонуздорго бактылуу омурлуу болунуздар аминь
@user-md3nd4cr8i2 жыл бұрын
Гулзат эжекем ырынызды ырдагым келет мен Кочкордон боломун 72 жылкымын ырдагым келет эл алдына чыгып мени колдоп коюнузчу сураныч сизден
@user-jd3dv6ze8p3 жыл бұрын
Унуно береке молодцы экоонор тен сонун ырдайт экенсинер
@thekaraokeworld60633 жыл бұрын
Азаматтар, сонун, унунорго береке. Ишен мырза ырдап эле журуш керек экен.
@user-zo6ni5cg2g2 ай бұрын
Ишен мырза дагы абдан жакшы ырдаптыр , негизи жакшы киши бул киши дагы
@user-jt1fk3mo2x3 жыл бұрын
Унуздорго береке бар болунуздар.
@user-sz7hy7pq2g3 жыл бұрын
Не деген керемет сөздүн берметтери.Мыкты аткаруу.
@user-rt1qj5pv8v3 жыл бұрын
Рахмат кыргыздын унутулуп бараткан санат ырларын жакшы ырдашкан ,онорунуздор оркундой берсин👍👍👍
@user-ho6zb2ld9l3 жыл бұрын
S
@mairamsagyndykova89642 жыл бұрын
Гулзат азаматсын 👍👍👍🌹🌹🌹👏👏👏😍
@user-yz8dg8hn3u3 жыл бұрын
Ии соонун омурунорго береке 😍😍😍
@user-vg8me3wq6o4 ай бұрын
Ден-соолук ийгилик.барболгула
@emiliatugelbay6283 жыл бұрын
Сонун ! Гулзат Синдим - Тондун кызы !
@mairamsagyndykova89642 жыл бұрын
Бар болгула, бактылуу болгула 🤲🤲🤲 🌹🌹🌹👍👍👍
@user-pj5jr9zr8u3 жыл бұрын
Гульзат эжекем бар болунуз алтын башыныз аман болсун!!!!!
@user-ky4mq2fb3v3 жыл бұрын
Сонун ырдаган
@user-og2mb9if1k3 жыл бұрын
Абдан сонун
@user-iv5nh7bu8h Жыл бұрын
Эжекем биз сизди жакшы коробуз
@user-pm7mg5fq6v3 ай бұрын
ИШЕН , АЗАМАТ - МАНАСТЫН УРПАГЫ , ТАЛАСТЫН КУЛУНУ , КЫРГЫЗЫМДЫН ЭРКЕ БАЛАСЫ !!!
@user-mt6ju1sk4k2 жыл бұрын
Талым кыз: - Адамзат пендеси, Сүйгөн нуру не болот? Асман менен закымдап, Жүргөн нуру не болот? Аркасында тунарык, Кирген нуру не болот? Асман, жерди жаркыткан, Ачык нуру не болот? Асман, жерди бүркөгөн, Сасык нуру не болот? Асман, жердин зыйнаты, Канык нуру не болот? Эл ортосун ынтымак, Кылган нуру не болот? Бир ордуна кебелбей, Турган нуру не болот? Талымдын тартпа домогун, Таба салгын жомогун, Менин атым - Талым кыз, Ченеп мага жологун. Көбөктүн жообу: - Адамзат пендеси, Сүйгөн нуру таң болот, Асман менен закымдап, Жүргөн нуру ай болот, Аркасында тунарык, Кирген нуру түн болот, Асман, жерди жаркыткан, Ачык нуру күн болот. Жер-асманды бүркөгөн, Сасык нуру туман дейт. Жер-асманды жаркыткан, Анык нуру жылдыз дейт. Эл ортосун ынтымак, Кылган нуру жакшы сөз. Бир ордуна кебелбей, Турган нуру убада, Таптымбы, Талым, сөзүңдү? Келтирдимби, кезиңди? Аптыкпагын, Талым кыз, Ачмак болдум көзүңдү!.. Талым кыз: - Жер сиңип кеткен жети атан Ал эмне Көбөк чоң? Жерди жемире баскан чал буура, Ал эмне Көбөк чоң, Желини сүттүү куу инген, Ал эмне Көбөк чоң? Жез буйлалуу нар тайлак, Ал эмне Көбөк чоң? Оргочордон от күйөт, Ал эмне Көбөк чоң? Ысыккөлдө ит үрөт, Ал эмне Көбөк чоң? Жан бүткөндүн баарынан Каргыш алган ким болот? Жанга залал кылбастан, Алкыш алган ким болот? Түйүлгөндүн түйүнүн, Чечип турган ким болот? Күндөп-түндөп токтобой, Көчүп турган ким болот? Сөөгүңдү ысытып, Эзип турган ким болот? Көбөк: - Жер сиңип кеткен жети атаң - Жети атабыз эмеспи! Жерди жемире баскан чал буура - Түп атабыз эмеспи! Желини сүттүү куу инген, Өз энебиз эмеспи! Жез буйлалуу нар тайлак - Карындашым эмеспи! Оргочордон от күйсө,- Эки көзү жайнаган, Ысыккөлдөн ит үрсө, Бака болот чардаган. Жан бүткөндүн баарынан, Каргыш алган карышкыр. Жанга залал кылбастан, Алкыш алган байкуштар. Түйүлгөндүн түйүнүн, Чечип турган чечендер: Күндөп-түндөп токтобой Көчүп жүргөн санаа дейт. Сөөгүңдү ысытып, Эзип турган бала дейт Талымкыз: - Узун, узун, узун жол, Учун билген ким экен? Күндөп-түндөп жүгүрүп, Аянбай жүргөн ким экен? Алыс менен жууктун, Ченин билген ким экен? Ачуу менен таттуну, Даамын таткан ким экен? Кара сууну кайнатып, Каймак алган ким экен? Кан төгүшкөн душманды, Жакын кылган ким экен? Кайраты бар адамды, Баатыр кылган ким экен? Оолуктуруп адамды, Чечен кылган ким болот? Ойдо жокту ойлонтуп, Кесел кылган ким болот? Мүңкүрөтүп адамды, Карып кылган ким болот? Мууну-жүнүн бошотуп, Арык кылган ким болот? Кызыл жүзүн оңдуруп, Сарык кылган ким болот? Көбөк: -Узун жолду узартып, Учун билген кербенчи. Күндөп-түндөп жүгүргөн, Аянбаган мергенчи. Алыс менен жууктун, Ченин билген базарчы. Ачуу менен таттуунун, Даамын таткан казанчы. Кайраты бар жигитти, Баатыр кылган эл болот. Оолуктуруп адамды, Чечен кылган тил болот. Ойду жокту ойлотуп, Кесел тылган жин болот. Күңгүрөтүп адамды, Карып кылган ургаачы. Муун-жүнүн бошотуп, Арык кылган убайым Кызыл жүзүн оңдуруп, Сарык кылган бересе. Жана сөзүң бар болсо, Жообун берем бир нече. Талым кыз: - Куу ылаачын теппеген, Кулдуюп жерге түшпөгөн Кууда бүтүн бар бекен? Кара ылаачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Казда бүтүн бар бекен? Башынан алыш албаган, Таш оодарып салбаган, Сууда бүтүн бар бекен? Качырганын кайсаган, Иттин чоңу бар бекен? Качырганын куткарбас, Куштун чоңу бар бекен? Көбөк: -Кулдуюп жерге түшпөгөн Кууда бүтүн бар бекен? Кара ылаачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Каздан бүтүн карлыгач. Башынан алыш албаган, Таш оодарып салбаган, Суудан бүтүн Ысыккөл. Качырганын кайсаган, Иттин чоңу кумайык. Кармаганын куткарбас, Куштун шери буудайык. Каргашалуу Талым кыз Ушул кимге ылайык? Талым кыз: Тим жүрбөстөн сөзүңө Тийиштик кылдым өзүңө Күнөөм болсо-кечкин деп, Күрмөгөн жибиң чечкин деп, Таппадым деп ыгыңды, Талым кыз сөзгө жыгылды.
@user-ot8ce2ft1n20 күн бұрын
👏👏👏👏👏👏
@user-og2mb9if1k3 жыл бұрын
Дагы чыгарыңыздар
@user-zc3yw4sw9b3 жыл бұрын
Гулзат эже сизди Ишен байке мн коруп аябай суйундум.Чуйдо иштеп жургонунуздо жоон узун чачынызды оруп берчу элем эжем.
@user-iv5nh7bu8h Жыл бұрын
❤❤❤❤👍👍👍👍👍👍😘
@user-io7tz5to3z Жыл бұрын
Гулзат ❤
@aigerimsagynbekova30793 ай бұрын
Гүлзат жолдошуң экөөң дует болуп ырдасаңар абдан жакшы аткарат экенсиңер ийгиликтерди көп көп каалаймын көлдүн ак куусу өмүрлү болгула деп сексен жаш баатыр эне ыссык көл😊
@user-og2mb9if1k3 жыл бұрын
Түн уйкум жакшы болотго
@user-md3nd4cr8i2 жыл бұрын
Эгер мени окуган болсонуз созсуз жооп берип койсонуз сураныч сизден эжекем
@gulzatbaizakova Жыл бұрын
Мага байланыш ээ
@user-ks5ix7dy8c3 жыл бұрын
Гулзаттын уну конгуроого чиркин
@akilei53863 жыл бұрын
Кечиресиздер,фонограммаго? Микрофон жок ушунчалык тунук таза чыгабы?
@user-lh6ss3fd3b3 жыл бұрын
Гулзат такай шашып ырдайт.
@user-uz4tm9je1f Жыл бұрын
Текстин кайдан тапса болот
@user-gb1tm8bx8k3 жыл бұрын
@
@user-io7tz5to3z Жыл бұрын
Гулзат ошко тойго чакырсак ставканар канча турат
@user-yd7pb9mu7d Жыл бұрын