Рет қаралды 14,579
#бибиси #жаңылыктар #украина
Жакынкы апталарда орус күчтөрү Украинанын Харьков шаарын ракеталар менен аткылоону күчөттү. Украинанын экинчи ири шаары чек арага өтө жакын жайгашкан. Сиренанын үнү көп учурда ракета түшкөндөн кийин жаңырат. Абадан коргоо түзүмүнүн реакция кылууга убактысы жетпейт. Толук масштабдуу согуш башталганына дээрлик эки жыл өтүп, аяктачудай көрүнбөйт. Ошол себептен Харьков шаарындагы айрым мекеме-ишканалар жер астына көчүрүлүүдө. ББСнин Чыгыш Европа боюнча кабарчысы Сара Рейнсфорд Харьковдон баяндайт.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz