Рет қаралды 18,960
ИЧЕГИНИН ДУШМАНЫ - КҮЧТҮҮ ТАМАК-АШТАР
Ичегиде оору жаралганын чекеде жана ооздун айланасында безеткилердин чыгышы менен билдирет. Демек, ичегини текшертип, тазалап, дарылоо кажет. Бирок дарылануудан көрө оорунун алдын алуу оӊой.
ИЧЕГИЛЕРДИН МИЛДЕТИ Адамдын ичегилеринин жалпы узундугу 6-8 метрге чейин жетет. Ичеги жалпысынан 2ге бөлүнөт: ичке ичеги жана жоон ичеги. Адамдын жеген тамак-ашы ашказанда майдаланат да, бөлүнүп чыккан маӊыздар менен суу, негизинен, ичке ичегиде сиӊип, анан канга аралашат. Сиӊбей калган тамак калдыктары жоон ичегиде топтолуп, түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат.
Ичегилер жакшы иштеши жана сезгенбеши үчүн адам жаӊы даярдалган тамактарды ченеми менен жеп турушу кажет. Эгер биз эски, туруп калган жана оӊой менен сиӊбей турган майлуу, күчтүү тамак-аштарды жесек, анда алар ичегилерде бир топко туруп калат. Эгер бул адатка айланса, анда ичегилер акырындап сезгенет да, оорулар келип чыгат.