ИИМ: Бишкекте ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү

  Рет қаралды 1,272

МВД КР

МВД КР

16 күн бұрын

2024-жылдын 18-май күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев гарнизондук саптык кароо- тескемеси коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө өткөрдү.
Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары, кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук башкармалыктардын жетекчилери, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана тартылган күчтөрдөн 2 миң 700 кызматкер жана 1 миң элдик кошуундар катышты.
Гарнизондук саптык кароо Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын маңдайында өттү. Ал комплекстүү профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле коомдук тартипти жана шаардыктардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.
Борбордук милициянын башчысы бир катар милдеттерди койду, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу.
Көңүл буруңуз! ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин талаптарын катуу сактоону өтүнөт. Бишкек шаарынын ички иштер органдары жана элдик кошуундар коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөшөт.
Борбордук милициянын күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсү өзгөчө буйрукка чейин узартылып, түнкү кызмат өтөөгө киргендерге нускама күн сайын саат 19.00 дө жүргүзүлөт.
Элдик кошуундардын катарында кызмат өтөөнү каалаган жарандарды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.
Укук бузууларга жана коомго жат жүрүм-турумга жол бербөө максатында Ички иштер органдары укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга багытталган бардык зарыл чараларды көрөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пікірлер: 13
@AskarbekMamatkulov
@AskarbekMamatkulov 14 күн бұрын
Кудай буюрса Кыргыз элибизде тынчтык, ынтымак биримдик жакшылыктар жана жаңы ийгиликтер көп болсун..
@user-iy4yn8yc6e
@user-iy4yn8yc6e 14 күн бұрын
Документ текшербей мигранттарды кирип атканда ойлонуш керек да алар бизден көп болуп кетида
@user-hi1he8xv9s
@user-hi1he8xv9s 14 күн бұрын
ИИМ, кызматкерлерди тизип , чакырып кыйнабай эле койсоңор . Тынч эле өздөрүнүн жумуштарын , посторун кылаберсин . Без паники
@user-ed5di4pd6q
@user-ed5di4pd6q 14 күн бұрын
Эми башка улуттардын документтерин текшергиле
@user-wi2fu3hb8j
@user-wi2fu3hb8j 14 күн бұрын
👍
@user-ze4hk1vg4m
@user-ze4hk1vg4m 14 күн бұрын
Тундосу уйундо тынч уктабай, урунарга тоо таппай,урушарга жоо таппай жургондорду камагыла,кочодо кангып журбой,уйундо тынч уктасын
@user-fs3bu2ps4v
@user-fs3bu2ps4v 13 күн бұрын
Адамдар
@user-ww9kw6pk1k
@user-ww9kw6pk1k 13 күн бұрын
Гувд начальниги кетсин иштти жургузо албагандан киин
@Akzhol374
@Akzhol374 14 күн бұрын
Буларды чогултбастан башчыларына катту тапшырма койсонор болмок сыртан караган кишиге согушка жоногон сыяакту корунот екен. Жана да озунордун шалакылыгынар ичкиштер министири жана да тышкы иштер министири
@user-fs3bu2ps4v
@user-fs3bu2ps4v 13 күн бұрын
Тынчылыкэле болсунчу олкобуздо. Украинага, Палестинага окшобосунчу. Тынчле жашайлычы аламдар
@user-ll5tj5vz2p
@user-ll5tj5vz2p 13 күн бұрын
Кечеки чыкан терористерди атсанар болмок силер абдан алсыз экенсинер атыш керек эле
@user-py3re9dz5j
@user-py3re9dz5j 12 күн бұрын
Терористтерди атпай кайра колдоду 😢
ТАШИЕВ "КРАСАВЧИК"
37:03
Ыдырыс Исаков
Рет қаралды 137 М.
OMG 😨 Era o tênis dela 🤬
00:19
Polar em português
Рет қаралды 11 МЛН
Sprinting with More and More Money
00:29
MrBeast
Рет қаралды 32 МЛН
1 класс vs 11 класс (неаккуратность)
01:00
БЕРТ
Рет қаралды 4,7 МЛН
How a former airborne trooper was welcomed in prison (with English subtitles)
10:40
Зона в кинематографе
Рет қаралды 10 МЛН
Кто спонсировал «Алаш»?
59:16
Майя Бекбаева
Рет қаралды 44 М.
"Кандай адам экени кабыр казганда билинет"
43:52