Рет қаралды 100,341
#жаңылыктар #бибиси #индия
Индияда премьер-министр Нарендра Модинин бийликтеги экинчи мөөнөтү диний ажырымдын тереңдеши жана исламофобиянын күчөшү менен коштолду. Нарендра Модинин индуист-улутчул партиясы жеңет деп күтүлүп жаткан, кийинки айда баштала турган жалпы шайлоолордун алдында, Индияда эң чоң азчылыкты түзгөн мусулман коомчулугунун өкүлдөрү кысымга кабылып жатышканын Би-Би-Сиге айтып беришти. Өкмөт мындай дооматтарды четке кагууда. Түштүк Азия боюнча кабарчыбыз Йогита Лимайе Индиянын түндүгүнөн кабарлайт. Эскертүү - зээнди кейиткен кадрлар бар.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz