Рет қаралды 250
ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫ
Ууртунда күлкү, жылмайыңкы жүзү,
Колунда айфон - эң акыркы жаңы үлгүсү.
Интернет жылдызы.
Ирмебей карек телефонун тиктеп,
Убакыт өтүп кеткенин да сезбей күнү-түн
Ал сулуу кыз.
КАЙЫРМА:
Инстаграм, тикток ханышасы ал кыз,
Эч ким тең келбес татынакай ал кыз баарынан,
Ал ханыша жалгыз.
Ар күнү күлкү. Жашоосунун көркү -
Коюлган "лайктар", билдирүүлөр сүйүү жөнүндө,
Тымызын сүйлөшүү.
Сүрөтүн жүктөп, көздүн нурун алган,
Сүйүүсүн арнап көп жигитке жаккан.
Интернет жылдызы.
Текст - 21.07.2021 22:26
Ыр жарыяланган күнү - 19.08.2021 19:00
Автор: Гүлзат Кудайбердиева
Обону: Ильяз Абдыразаков
#интернетжылдызы #ильязабдыразаков #гулзаткудайбердиева