Рет қаралды 33,216
1. БАЛЫК - даана, курч көрүү үчүн. Диетологдор жумасына 2-3 жолу 300 граммдан балык жегенди сунуштап келишет. Муну офтальмологдор кош колдоп колдошот. Анткени балыктын курамында көздүн көрүүсү үчүн эң керек болгон май кычкылдары жана толук каныкпаган майлар бар. Өзгөчө Омега-3 май кычкылы.
2. ЧЕРНИКА - көздүн чарчабоосу үчүн. Бул жемиш курамына көзгө керектүү болгон бардык витаминдерди камтыганы менен өзгөчөлөнөт. Ал көздүн чыңалуусунан жана чарчоосунан сактайт. Анын курамындагы антоциандар капиллярларды жакшыртып, мындан улам көз булчуңдарына жана нерв клеткаларына керектүү азыктар өз убагында жетип, көздүн кан тамырларында кан айлануу жакшырат. Ошондой эле черника А жана С витаминдерине, антиоксиданттарга бай, ар кандай вирустарга туруштук бере алат. Андыктан күнүнө 1-2 аш кашык черника жемишин же андан жасалган кыямды жеп турууну адат кылыңыз.