Рет қаралды 16,195
Экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевден жабыркагандар маалымат жыйын куруп, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевден жардам сурашты. Кордук көргөн өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин атасы Аширалы Келдибаев Канжар Кадыралиев анын иши президенттин жеке көзөмөлүндө турса да, сотторду сатып алып, камактан чыгып кеткенине нааразылыгын билдирди.
Ал эми экс-депутат Ыргал Кадыралиева бир тууганы Канжардын саламаттыгы начарлап, үй шартында дарыланып жатканын айтты. Айтымда ага байланыштуу сот жараяны жабырлануучулардын териштирүүгө катышпай жаткандыгына байланыштуу создугууда.
- Жети айдан бери сот болбой жатат. Жабырлануучулар атайын эле сотко келбей Канжарды тергөө абагына көбүрөөк отурсун деп жатышат. Бул жөн гана шоу, болбосо ага тагылган айыптар боюнча бир да далил жок,- деди Кадыралиева.
30-ноябрда Октябрь райондук соту Кадыралиевди сыртка чыкпоо шарты менен УКМКнын тергөө абагынан чыгарган. Келдибаевдин үй-бүлөсү сот чечими аларды катыштырбай, жең ичинен чыгарылганын айтып келет.
Айыпталуучу Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган.
Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланган. Качан гана сокур ичеги болуп ооруканага түшкөндө кылтакка илинген. Ал ошол кездеги ЖК депутаты Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашырынып жүргөнү белгилүү болгон.
Кадыралиевдин өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевден опузалап ири өлчөмдө акча талап кылышы коомчулукта резонанс жаратып, тергөөнүн аягына чыгышын президент Атамбаев өз көзөмөлүнө алган болчу. Канжар Кадыралиев болсо коюлган айыптоолорду четке кагып келет.